Аким кызматынан баш тартты...
• “2011-жылы өлкөдө жалпысынан 3420 жол кырсыгынын 500ү жөө жүргөндөрдүн айынан болгон. Ошондуктан жол эрежелерин бузган жарандарга 100-200 сомго дейре акчалай айып салуу керек”,- дейт депутат Ыргал Кадыралиева.
• Москвадагы Балдар үйлөрүндөгү 22 кыргызстандык баланы өлкөгө алып келиш керек экенин Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Улукбек Чыналиев билдирди.
• Кара-Суу районунун акимин шайлоодо райондук Кеңештин депутаттарына 5 миң доллардан
10 миң долларга чейин пара берилгенин Кара-Суу райондук Кеңешинин депутаты Нарынбек Султанкулов маалымдады. Белгилей кетсек, Кара-Суу районуна аким болуп Тилек Матраимов шайланган.• Чүй облусунун Сокулук районунун жаңы шайланган акими Мукаш Осмонкулов кызматынан баш тартты.
•"Жыл сайын "Макмал" тоо-кен комбинатынан 150 килограмм алтын уурдалат",- деди УКМК төрагасы Шамил Атаханов.