Экс-президент Роза Отунбаеванын иниси Болот Отунбаев Кыргызстандын Германиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. 46 жаштагы Болот мырза 12 жыл дипломатиялык кызматтарда иштеген. Бул окуя катуу талкуу жаратып, депутат Жылдыз Жолдошева экс-ажо Курманбек Бакиев да өз учурунда инисин элчилик кызматка койгонун эскертип өттү. “Роза Отунбаева президент катары көп нерсени жасады. Бирок “президенттер жакындарын Германияга элчи кылып жөнөтөт” дегенди коомчулук кандай кабыл алат?”- деди ал. Болот мырза: “Менин дайындалышыма эжемдин эч кандай тиешеси жок. Германияны өзүм тандаган жокмун”,- дейт. КСДПнын депутаты Галина Карамушкина: “Болот Отунбаев парашютчу эмес, 12 жылдык тажрыйбасы бар кесипкөй дипломат”,- деди Жолдошевага жооп иретинде.