ӨЛКӨНҮ ТҮПТӨГӨН АДАМДАРДЫН БАЛДАРЫНА 30 МИҢ СОМДОН...

Өлкөнү түптөгөн алты саясатчынын балдарына жыл сайын 30 миң сомдон стипендия төлөө боюнча долбоорду “Ар-намыс” партиясынын депутаты Каныбек Иманалиев сунуштады. Долбоор Кыргызстандын мамлекет катары түптөлүшүнө түздөн-түз салымы бар, кийин “эл душманы” аталып каза табышкан Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков жана Исхак Раззаковдун балдарына стипендия төлөө жөнүндө. “Ушул көрүнүктүү ишмерлердин кээ бирлеринин балдары батирге да акча төлөй албай жүрүшөт. Жыл сайын спикердин фондунан 30 миң сомдон стипендия төлөөнү сунуштайбыз”,- дейт ал. Бул сунуш эми парламентте каралмакчы.
Эске салсак, алар Тоолуу Кыргыз Республикасын түптөгөн Абдыкерим Сыдыков, Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы, кыргыз алфавитин түзүүнүн демилгечиси Абдыкадыр Орозбеков, Кыргыз ССРнин Эл комиссарлар советинин төрагасы Баялы Исакеев, өз эли үчүн Сталинге да эрегишип кат жаза алган мамлекеттик башкаруучу Жусуп Абдрахманов, Кара-кыргыз автономиялык облусунун башчысы Иманалы Айдарбеков жана Компартиянын борбордук комитетинин биринчи секретары, айыл чарбаны мыкты өнүктүрө алган башчы Исхак Раззаков болгон.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
hstkind
2012-02-20 10:44:47
uwun Kanibek baikege wektenip turam! sebebi degende , jogoruda atalgan Imanaly Aidarbekovdun choborosu bolso kerek, owol uchun al 30 000 som algysy kelataby deim da ,,,, korobuz , bashkalar kandai oiloit boldu eken? Kanybek myrzanyn baldaryna da 30000 somdon tiyip kalat eken da al dolboor iwke awsa , hehehe
0
yoma.kg
2012-02-22 09:03:00
hstkind, оозуна келгенди оттой бербе, сен туурамес маалымат берип жатасын, алардын кайнаса каны кошулбайт.
0
hstkind
2012-02-22 11:53:15
yoma.kg, iwin bolbosun , ar kim ozunun pikirin jazat
0
elya2404
2012-02-23 04:13:15
hstkind, ар ким озунун пикирин жазат деп кой))))
0
umgnur
2012-02-21 14:34:40
Касым Тыныстанов корунбойт го
0
kipchak
2012-02-23 02:40:46
Олкону туптогондор биздин урпактарыбыз акча алып турушсун кийин деп жасаган эмес го иштерин.....жасашса кыргыз эли учун деп жасады да...улуу адамдардын уулдары болсо...жасашсын аталары жасаган иштерди анан бериш керек...ушул бийликтегилер кулкулуу эле нерселерди ойлоп таба берет тооба...андан коро ошол акчаларды жетим балдар уйуно берсенер Кудайга жакчу иш болоор эле
0
Juliana
2012-02-23 10:01:56
kipchak, men da oshentip oylop jatkam, emne kazynada akcha ashyp-tashyp jataby? Kary-kempirlerdin dtipendiyasyna koshup berse, korrupsiyany joyu uchun akcha bolso, bilimge akcha bolso, Kyrgyzstan onugot ele da, oshondo jakshy ish bolmok.
0
jazz007
2012-02-24 13:58:58
kipchak Туптуура мен да сага кошулам.
0
№ 485, 17-февраль - 23-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан