НЬЮ-ЙОРКТО КЫРГЫЗ ФОРУМУ ӨТӨТ

Кыргызстандыктардын Эл аралык “Kyrgyz Club” бирикмеси чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын Биринчи дүйнөлүк форумун өткөрүү демилгеси менен чыкты. Аны ушул жылдын март айында АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөрүү пландаштырылууда.
Форум 22-24-мартта өтүп, ал Ноорузду майрамдоо күндөрүнө туура келет.
Форумдун башкы максаты – дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүндөгү кыргыз диаспораларын бири-бири менен тааныштыруу, тажрыйба жана пикир алмашуу, эң башкысы, мындан ары өз ара бирдиктүү аракет үчүн чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын башын кошуу.
Кыргызстандын 20 жылдык эгемендик мезгилинин ичинде биздин мекендештер бүткүл планетанын ар кайсы өлкөлөрүнө кетишти. Азыркы учурда дүйнөдө биздин жарандар жүрбөгөн бир дагы өлкө калган жок. Алар бир өлкөлөрдө көп болсо, башкаларында аз, бирок кайсы гана жерде жүрбөйлү, биз өзүбүздүн түбүбүздү жана мекенибизди эч качан унутпайбыз.
“Биз көпчүлүгүбүз өлкөбүз үчүн көп пайдалуу нерселерди жасоодобуз. Эмгек мигранттары которгон акчалар Кыргызстандын экономикасын жөлөмөлөп жатат. Бүгүнкү күндө өлкөдө өндүрүштүн кедери кетип турган маалда чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар жиберген акча миллиондогон сумманы түзүп, калк арасындагы социалдык чыңалууну болтурбоого көмөк көрсөтүүдө”,- дешет уюштуруучулар.
Дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарындагы, ар кайсы өлкөлөрдөгү биздин мекендештер бириге башташты. Кыргыз мигранттары жашаган өлкөнүн калкына аралашып, сиңип кетишине алып келерин түшүнүп калышты. Алар ар кандай уюмдарды, диаспораларды жана маданий борборлорду түзүү менен жалпы максаттын – чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын биримдиги, мекендештерге жардам берүү жана кыргыз маданиятын көрсөтүү максатынын алдында биригишкен.
Кыргызстандыктардын бардык диаспораларына чогулууга, таанышууга жана чет өлкөлөр менен Кыргызстандагы кыргызстандыктардын жалпы жыргалчылыгы үчүн мындан аркы бирдиктүү ишмердик үчүн биригүүгө мезгил жетти. Бардык диаспоралардын биримдиги гана кыргызстандыктардын, демек, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү позициясынын бекемделишине түрткү берет.
Биз бардык кыргызстандыктардын чет өлкөлөрдөгү диаспораларынын жана уюмдарынын өкүлдөрүн кыргыз диаспораларынын Биринчи дүйнөлүк форумуна катышууга чакырабыз! Азыркы учурда Форумга катыша тургандыктарын Канада, Англия, Германия, Италия, Бириккен Араб Эмирликтери, Орусия жана Казакстандагы кыргызстандыктардын диаспораларынын өкүлдөрү алдын ала ырасташты.
Чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын Биринчи дүйнөлүк форумун өткөрүүгө демилгечи болуу менен, “Kyrgyz Club” мындай иш-чаралар жарандык жоопкерчиликтин жана патриоттуулуктун негизинде, демөөрчүлөрдү жана гранттык каражаттарды тартпастан өткөрүлүүгө тийиш. Ушул себептен учуп келүүдөгү жана катышуу учурундагы чыгымдардын бардыгын форумдун катышуучулары өздөрү көтөрөт.
“Биз, эмигранттар, көп учурда эмигранттык турмуштун жөнөкөй эмес шарттарын башыбыздан кечирип келебиз. Бөтөн эл, бөтөн жерде бири-бирибизге жардам берүү жана башка элдерге аралашып, сиңип кетпөө үчүн бизге биригүү зарыл. Биз күчтүү болуу үчүн биригүүгө тийишпиз! Чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын Биринчи дүйнөлүк форумуна кош келиңиздер!”- дешет уюштуруучулар.


ПыСы. Бул Форумга катышууну каалагандардын баары февраль айынын аягына чейин төмөнкү e-mail боюнча өтүнмөлөрүн жиберүүгө тийиш: forum@kyrgyzclub.org

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 485, 17-февраль - 23-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан