МАДУМАРОВ «АТА ЖУРТКА» КИРДИБИ?

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров биздин гезиттин окурмандары менен болгон түз байланышта Камчыбек Ташиев менен бириккенин жарыялаган болчу. Андан соң “Бүтүн Кыргызстан” партиянын кезексиз жыйынында таркатылды” деген кеп тарады. Элде “демек, Адахан Мадумаров жана анын пикирлештери “Ата Журт” партиясынын курамына кирди да” деген пикир жаралды.
Чын-төгүнүн билүү үчүн Адахан Мадумаровго байланыштык. Адахан мырза учурда чет өлкөдө жүргөнүн билдирген анын жардамчылары мындай маалыматтын чындыкка жатпасын, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы тарабаганын айтышты. “Ата Журт” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары оппозициялык багытта биргеликте иш алып барууну макулдашышкан. Эми эки партия бир канча майда партияларды ичине камтып, жаңы партия түзмөкчү экенин, жаңы партиянын аты жана лидери кийинчерээк аныкталарын кошумчалашты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
general2030
2012-02-20 20:08:02
Кыргызтанга чыныгы лидер керек, ниетибизди туз кылалы да жараткандан сураналы, олкобузго ыймандуу, кайраттуу, адилеттуу башчы насип этсин деп...
0
Karysh
2012-02-20 21:06:16
Мадумаро Ташиевке кошулса анда кийинки шайлоодо утуп кетишет го дейм
0
Murat625454
2012-02-21 00:15:10
Утуп кетишпей эле утуп кетишкен бирок коро албастык кылышты
0
nur_gul
2012-02-21 10:16:18
бары бир Атамбаев лучший!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
amanski
2012-02-21 13:15:58
Атамбаев рулит...
0
MiranA
2012-02-21 14:35:12
amanski, түндүк-түштүк деп бөлүп-жарганыңыз үчүн жана адамдардын аброюна шек келтиргениңиз үчүн 7 күн бан. monchok, ашыкча эмоцияга алдырыштын кажети жок, 5 күн бан!
Эреже окугула, достор!
0
kipchak
2012-02-23 02:25:58
nur_gul Атамбаевди эч ким жаман деген жок го? Лучший дептирсиз....эмнеси лучший болду? Экономикабыз откон жылга салыштырмалуу 5.7% осконуно караганда пока что лучший боло албайтат го дейм.
0
Bakyt.shutov
2012-02-23 14:24:39
Ташиев менен Мадумаровду мурда эле биригип алгыла десе болбой коюшкан.дагы буларга чала...бийликке таза кандуу карапайм элди ойлогон президент келиш керек.
0
arzuu1
2012-02-23 23:06:11
экоо бириксе эл колдойт менимче элдин баары эле тушунуп турат азыркы бийликтегилер эптеп эле креслого отуруп алышканын
0
Samus
2012-02-24 15:14:32
Политка ото кир нерсе, аны биз карапайымдар тушунбойбуз. Таза адам келсе да, Мадумаров болобу, Ташиевби же Атамбаевби, баары бир политика адамды бузуп коет. Себеби бийлик менен байлык ар даыйым адамды бузат, бузуп келген и дагы деле бузуп отурат... Бул менин оюм...
0
Kyrgyz_jigit
2012-02-24 18:00:09
Оппозициянын биригип иш алып баралы деген үмүт менен кошоулганы жакшы...аны колдойм... Бирок мен үчүн "Ташиев" деген жана "Улуттар Биримдики" деген сөздөр булар бири-бирине Инь-Ян! Кыйнасаң да төк келишпеген нерселер.. Мени кызыктыраары эми ушул партиянын жаңы атына ОШтун жергиликтүү бийликти шайлоодо башка улуттар ишенип шайлап берет бекен деген суроо...
0
kojonovnurik
2012-02-26 21:41:47
Жакшы кыласынар биригип ,элдин камын ойлогулачы биригишип,лидери Адахан болушу мумкун.
0
nur1980
2012-02-26 23:53:52
мадумаров президент болгондо кыргызстан онолот
0
erma_bm
2012-02-27 03:13:54
адамды акча менен бийлик бузат Ташиев болобу Мадумаров же А тамбаев болобу баары бир нерсени жасашат. Бирок Ташиевдин откондогу айтканы аябай туура эмес болуп калды (нация) и коп колдобойм бул кишини. Мен оз добушумду Атамбаевке бергем просто башка татыктуу киши жок болчу ал списокто.
0
mairam-il
2012-02-28 15:53:59
эки азамат бириксе заман онолот эми эртерак бийликти алса кыргыз мамилекети онолот озу Мадумаров пириздент болотурган адам мен абдан кошулам бул эки азаматка кудай ойунарга жеткирсин
0
№ 485, 17-февраль - 23-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан