"УУРУ ТҮРМӨДӨ ОТУРУШ КЕРЕК!"
Президент Алмазбек Атамбаевдин “коррупцияны түп-тамыры менен жоготом” деген сөздөрү мурунку президенттердикиндей эле куру кыйкырык сымал кабыл алынган болчу. Бирок бул ирет куру кептен ишке өтүү кыймылы байкала баштады. Ажонун “өкмөт мүчөлөрүнүн, сот, прокурор жана башка мамкызматкерлердин эсине! Коррупция кечирилбейт. Ууру бийликте эмес, түрмөдө отуруш керек!” деген сөзүнөн жыйынтык чыга баштады.
БАБАНОВДУН АТЫН ЖАМЫНГАНДАРГА ТАЛАП КАТУУ
Ажо “өлкөнү коррупциядан арылтуучу орган укук коргоочу органдары болгондуктан, тазалоону дал ушул тармактан башташ керек” деп туруп "старт" берди. Жыйынтык көпкө күттүргөн жок. Биринчи болуп УКМКнын алдында ачылган Коррупцияга каршы кызмат тарабынан “Альфа Телекомдун” жетекчилери камакка алынды. Аларга “мамлекетке 142 миллион сомдук зыян келтирген” деген айып тагылууда. Бул чуу чыккан кезде “президент менен премьердин тиреши жүрүп жатат” деп айтып чыккандар болду. Анткени УКМК түздөн-түз Атамбаевдин карамагында болсо, “Мегакомдун” башкы директору Бабановдун кадры экени коомчулукка маалым болчу. Саясат талдоочулар мындай пикирлерди четке кагып, бул окуяга саясий сүртүмдөрдүн кереги жоктугун, бул кадимки коррупцияга каршы күрөш экенин билдирип чыгышты. Премьер Өмүрбек Бабановдун “менин атымды жамынууга аракет кылгандарга талап эки эсе катуу коюлат” деген сөзү бул жерде чындыкка туура келип калгансыды.
Коррупция менен күрөшүү өлкөбүздө чын эле башталганы сезилүүдө. Алсак, Ички иштер органдарында, салык кызматында иштеген бир канча кызматкерлер пара алуу учурунда кармалышууда. Атүгүл Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Оморбай Нарбеков да "пара алган" деген айып менен кармалды. Ооба, азырынча мунун баарын кылмышкер деп айтуудан алыспыз. Тергөө-иликтөөдөн соң акталып чыкканы да, жаза алганы да болор.
"УУРУЛАРГА" СЕС
УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын көзгө көрүнөрлүк аракеттеринин бири өткөн жумада болду. Аталган кызмат “Аю” фирмасынын арак-шарап сактоочу кампаларын тинтүүгө алып, жасалма акциздик марка чапталган арактар жана жасалма акциздик маркалар табылгандыгын билдирди.
Ишкана жасалма акциздик марка колдонбогондугун, тескерисинче, Кыргызстандын алкоголь тармагындагы абийирдүү салык төлөөчүсү болуп эсептелерин, арак продукцияларына чапталган жасалма акциздик маркаларга ишкананын эч кандай тиешеси жок экенин айтып, билдирүү таратты.
Аталган ишкана “Республика” фракциясындагы депутат Шаршенбек Абдыкеримовго тиешелүү деп, окуяга кайрадан “Атамбаев-Бабанов тиреши” катары түс берүүгө аракет кылышууда.
Тирешүү чын эле барбы-жокпу, анысы анчалык деле маанилүү эмес. Муну ажо менен учурдагы бийликтин башкаларга карата эскертүүсү, сес көрсөтүүсү деп кабыл алган туура болор эле. Бул окуялардан соң мамлекеттин казынасына беш колун салып көнгөндөр абайлап, уурдоого батынбай калышат. Дагы далай "быкыйлар" чукулса керек. Эң негизгиси, жыйырма жылдап чогулуп келген коррупция аталган "муз" акырын эрий баштады.