Көк бөрү дегенде күлүгүнө мине калчу депутаттардын бири, бүгүнкү биздин каарман Канатбек Исаев – “Республика” фракциясынын “атаманы”. Бул мырзаны учурда “Бабанов менен мамилеси бузулду” деген сөздөр ээрчип жүргөн кези. Сөздүн ачыгы алдыда...
Исаев Канатбек Кедейканович
Туулган жылы – 1975-жыл, 7-февраль
Туулган жери – Чүй району,Калиновка айылы
Билими – КМУнун экономика факультети
Үй бүлөлүк абалы – 2 уул, 1 кыздын атасы
Кыргызстандын "Көк бөрү" федерациясынын президенти
Парламентте "Биримдик" парламенттик фракцияларынын коалициясынын төрагасы
Жактырган учкул сөзү – "Ак ийилет, бирок сынбайт"
– Канатбек Кедейканович, Кыргызстанда Жогорку Кеңеш – чоң саясаттын чордону, бул чөйрөгө эмне болуп баш багып калдыңыз? “Республикага” кандайча келип калгансыз?
– Мен “Республика” партиясын түптөгөндөрдүн биримин. Апрель окуясынан кийинки Убактылуу өкмөттүн иши, таштаган биринчи кадамдары канааттандырган жок. Революциялык партиялар деп айтылып жүргөн “Ата Мекен”, КСДП, “Ак шумкар” партияларынан элдин үмүтү өтө чоң болчу. Элде “ушулар бийликке келсе жашоо түп-тамыры менен өзгөрөт” деген ой бар болчу. Бирок алардын иш-аракети мени канааттандырган жок. Ошондо биз Өмүрбек Бабанов баш болуп 5-6 адам чогулуп, кеңештик. “Кандай кылсак, партиялардын бирин тандап кошулсакпы же өз жолубузду тандап кетелиби?” деп ары-бери калчап отуруп акыры көпчүлүктүн чечими менен өз алдыбызча жаштар партиясын түзүүнү туура көрдүк да, “Республика” партиясы түзүлдү. Ой-максаттарды ишке ашыралы деп шайлоого аттандык.
– “Исаевдин Токмокто жеке базары бар” дешет. Негизги киреше булагыңыз эмнеде?
– Студенттик кезден эле түптөп баштаган чоң бир дыйкан чарбам бар. Ошол чарбам мени акча жагынан камсыз кылып келе жатат. Токмокто эч кандай менчик базарым жок. Токмоктун борбордук базары мен мэр болуп барганга чейин эле менчиктештирилип кеткен.
– "Президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов менен келишпей калды. Эми фракциянын жетекчилигинен кетирип, ордуна Чолпон Султанбекованы коюшат" деген шыбырлар чыкты. Ал тургай, премьерликке Бабанов мырзанын талапкерлиги сунушталганда сизди "добуш берген жок, залдан чыгып кеткен" дешти...
– "Бабанов менен шайлоодон кийин мамилеси бузулуп кетиптир" дегенге кошулбайм. Туура, министрлер кабинетин парламентке сунуштаганда мен каршы болгом. Анткени айрым министрликке талапкерлери мага жаккан эмес. Ошондон улам добуш бербей залдан чыгып кеткем. Ал эми "фракциянын жетекчилигинен алат экен" деген сөздөр – артында далили жок жөн гана ушак. Айтарым, айрым партияларга салыштырмалуу “Республикада” демократия бар. Көздү жумуп алып эле туурабы, туура эмеспи, колдоп кете бербейбиз. Партиянын лидеринин демилгелери бизге жакпай калса, анда колдобой коё алабыз, критикалайбыз, кээде сөзүбүз катуулап кеткен учурлар болот. Бирок Бабанов экөөбүздүн жеке мамилебиз бузулбай-этпей эле мурдагыдай.
– Экс-башкы прокурор Байболов сизге Токмоктун мэри болуп тургандагы иштериңиз боюнча төрт кылмыш иши козголгонун айтып
чыкты эле...– Биздин фракция Байболовдун "Мегакомго" байланыштуу былык иштерин комиссия аркылуу далилдеп, аны "ээлеген кызматынан
кетсин" деп чечим чыгарган. Чечим чыккандан 10 күндөн кийин Байболов "Республика" фракциясынын лидери Исаевге мурун козголгон иштер жандандырылды" деп айтып чыкты. Өзү козгогон жок. "Кайра каралып баштады" деди. Ушундай маалымат чыгары менен ошол күнү эле Чүй облустук прокуратурасына жана Каржы полициясынын башкармалыгына кат жөнөттүм. "Менин үстүмдөн кылмыш иши козголдубу? Козголсо эмне үчүн мен чакырылган эмесмин?" деп. Алардан "эч кандай кылмыш иши козголгон эмес" деген жооп келди. Болбосо бул эки структура тең башкы прокурорго түздөн-түз баш ийген органдар болчу да. Эгер менин үстүмдөн иш болсо, депутаттыкка талапкер болгонго чейин эле прокуратурага чакырып суракка алышмак. Бирок мени күнөөлүү кылууга аракеттер болгон. Жашырган нерсем бар болсо, мен Убактылуу өкмөткө туруштук бере алмак эмесмин. Анткени ал кезде алар чексиз бийликке ээ болчу. Президенти да, өкмөтү да, соту да, баары өздөрү болчу. Башым экөө эмес да менин, эгерде былык иштерим болсо, азыркы деңгээлге жетпейт болчумун. Көрбөдүкпү, таза эместерди, алды ат менен, калганы жөө-жалаңдап суу кечип качышпадыбы, чек арадан ары көздөй. Кийин Байболов менден кечирим сурады. Мага келип айтпаса дагы, ыраматылык Мелис Эшимкановго "Исаевге айтып кой, мен андан расмий түрдө кечирим сурадым" деп айтыптыр. Эшимканов ошентип айтып келген, буга бир топ саясатчылар күбө.
– Парламентти таратуу маселесинин жанданышына эмне себеп болуп жатат?
– Парламентке келбей калган саясатчылар же Жогорку Кеңештин чыгарган мыйзамдарына нааразы болуп жаткан айрым адамдардын таратып жаткан ушак сөздөрү го дейм. Президент, өкмөт жана Жогорку Кеңеш, булар тең салмакта болуп турушу керек. Бирок ар бир бийлик бутагы "өзүмө көбүрөөк мүмкүнчүлүк, көбүрөөк укук алайын" деген аракеттин үстүндө. Жакында эле Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңешин жаңыдан дайындайлы деген мыйзам чыкса, теледен депутаттарды жамандап эле жатып калышты. "Депутаттар бизге көзөмөлүн күчөтмөкчү" дешип. Коомдук каналдан президентти же өкмөттү сындаган берүүнү бир да жолу көрө элекмин. Тең салмактуулук болуш керек да. Эгер Жогорку Кеңеш таркай турган болсо, бул жакшылыкка алып барбайт. Бизге стабилдүүлүк керек. Парламент өз мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши зарыл. Таркатууга азырынча эч кандай негиз жок.
– Сиз көк бөрү оюнунун ашкере фанаты турбайсызбы...
– Ооба, көк бөрү мен үчүн жөн эле спорттун бир түрү эмес, менин жашоом деп койсо да болот. Токмокто мэр болуп турганда жумуштан бошогон күндөрү көк бөрүчүлөр менен аралашып, алка-шалка терге түшө улак тартчумун. Апам эле кейип калчу "ай, балам, сен деген мэрсиң, кебетеңди карачы" деп. Акыры түңүлдү окшойт, унчукпай калды. Жылкыга аябай жакынмын. Азыркы күндө деле улак тартышка түшөм. Негизи, кыргыздар үчүн көк бөрү – идеология, тарых, салт. Ошондуктан быйылкы жылкы бюджетти бекитүүдө жалгыз эле көк бөрү эмес, жалпы улуттук оюндарга көбүрөөк көңүл бурулса деп аракет кылып жатам. Менин оюмча, кыргыздын уулумун деген ар бир жаран улуттук оюндарды сүйүшү керек. Жок дегенде эрежелерин билиши шарт.
– Акыркы күндөрү кайсы ыр же кайсы чыгарма менен “ооруп” жүрөсүз?
– Чыгармачылыкка көп деле жакын эмесмин. Бирок эң жакшы көрүп укканым – Керим Тураповдун "Туулган жерди сагынуу" деген ыры.
– Кекчилдик деген сапат барбы сизде?
– Атамдай залкар адам боло албадым го деп калам. Анткени майда-чүйдөгө көп маани берем, моюнга алыш керек, кектеп калмайым бар. Бирөө жамандык кылса, бат эле кечирип коюш керек да, менде ушул жаатта кыйынчылык жаралат. Ушул сапатым менен алышып эле жүрөм. Бирок бул сапаттын бир жакшы жери, бирөө сага жакшылык кылган болсо, оңой менен унутпайсың. Турмушта болот. Мага жардам, колдоо көрсөткөн адамдар кийин бир сураныч менен кайрылганда "баягы жакшылыгыңды кантип унутайын?" деп калсам, "дагы эле эсиңдеби? Мен эчак эле унутуп койгом" деп таң калышат.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg