Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Назира Бердигулова: “БЕК БАЙКЕ БАГЫМДЫ АЧТЫ”

№485 17-февраль - 23-февраль, 2012-ж.


Эрдинде меңи бар бул айымды кээ бирлер телеалпаруучу катары тааныса, дагы бирлер актриса катары билишет. Ачык мүнөз, оюнда болгон нерсени жашырбай айтып салып, кайра “ой” деп каткырып калган бала кыял Назира Бердигулова маек төрүбүздө.

Тартылган тасмалары:
“Мен сүйгөн карагат”, “Кандуу сүйүү-2”, “Мезгил жана Алыкул”, “Жашоонун философиясы”

– Назира, эл оозуна теленин жүзү катары алына баштадың. Алгач НБТдан тушооң кесилди, көп өтпөй ЭлТРден чыгып калдың. Учурда “Манас жаңырыгында” жүрөсүң, мындай “саякатыңдын” сыры эмнеде?
–“Кандуу сүйүү-2” тасмасына тартылгандан кийин НБТ телеканалына чакыруу алып калдым. Ал жакта 7 айча иштедим. Андан кийин дагы бир музыкалык телеканалда алып баруучу болдум. Тилекке каршы, Апрель окуясы болуп кеткенден кийин ал долбоорго акча түшпөй калып, кетүүгө туура келди. Кийинки мен кирген эшик ЭлТР болду. Ал жактан ишке абдан кызыгып кетип, окуумду экинчи планга жылдырып салдым. Мугалимдер чалып “ушунча мээнет менен жакшы окуп келгенден кийин аягына чейин чыгар” дешти. Ошол себептер менен ЭлТРден кеткем. Учурда “Манас жаңырыгы” телеканалында алпаруучумун.

– Түз эфир учурунда жаңылып кеткен учурларың көп болобу?
– Көп болот. Бир жолу биздин берүүгө Сыймык Бейшекеевди чакырып калдым. Эми ар кандай көрүүчүлөр болот эмеспи, бирөө “Сыймык байке, сиз эмнеге орусча билбейсиз?” десе, Сыймык байке да камырабай “эң негизгиси, нан сураганды билем” деп жооп берип жатпайбы. Операторлор быкшый башташты. Аларды көрүп мен күлө баштадым. Эч бир токтоно албайм десең. Айтор, ушул сыяктуу кызыктар болуп турат.

– Кандайча Бек Борбиевдин “карагатына” айланып калдың? – ЭлТРде иштеп жүргөндө режиссёр Руслан Машрапов “киного
кастинг жүрүп жатат, катышып көрбөйсүңбү
” деп калды. Жаңы таанышканда Бек байке мени жактырган жок. “Мага 1-2 бала төрөгөн аял керек. Бул кыз менин жанымда “пацанка” болуп калат” деп койду. Ошентип, мен башкы ролду ойногон кыздын курбусу Алиянын ролун алдым. Анан тасманы тартуу убагы чукул калганда башкы ролду алган кыз баш тартып коюптур. Чуркаган эмес, буюрган алат болуп башкы роль мага берилди. Тасма тартыла баштаганда Бек байке менен тил табыша албай, чукчуңдашкан учурлар болду. «Мен сүйгөн карагатта» Бек байке экөөбүз телмире тиктешип тоо боорунда отурган жерибиз бар го. Ошол тоого чыгыш үчүн 2 саат машина, анан калганын ат менен чыгыш керек болчу. Мени атка учкаштырып коюшкан. Улам эле шыпырылып кете берип, буттарым аябай ооруду. Ыйлактаган жокмун. Кечинде гана Бек байке “мен Назирага бүгүн баа бердим” деди. Ошол күндөн тартып Бек байке менен тил табыштык окшойт. Тоо көтөргүс аты бар инсан менен бирге тасмага тартылуу менин актрисалык бактымды ачты.

– Режиссёр Руслан Машраповдун машинасын ызгытып айдап жүргөнүңдөн улам экөөңөрдүн ортоңордо “ысык” мамиле бар деген кептер айтылууда...
– Ооба, мен “ысык” мамиледемин, ха-ха... Бир эле Руслан Машрапов менен эмес, Бек Борбиев менен да мамилеси бар деген сөздөрдү угуп келем. Бир чети мындай сөздөр айтылса, анда мени көрүшөт, баалашат экен. Мурда дарегиме айтылган сөздөрдөн улам теригип, териштирип, ызы-чуу салганга чейин барчумун. Ошенте берсең, өзүңдүн эле баркың кетип, ого бетер сөздү күчөтүп алат экенсиң. Азыр “ооба, ошондой” деп кутулчу болдум. Кудай сактасын, андай жоруктан, мен үй-бүлөлүү адаммын. 3 жаштагы Шахрезада аттуу татынакай кызым бар. Машина тууралуу айтсам, ооба, мага көп адамдар ишенишет. Өзүмдүн машинам азырынча жок болгондуктан, жумушум чыгып калса курбуларымдын, тааныштарымдын машинасын сурап иштеримди бүтүрүп алуудан тартынбайм. Бирок айткан убагында алып келип берем. Буюрса, атам “жазга маал машина алып берем” деп жатат. Балким, ага чейин деле бир демөөрчү табылып, “мына сага, машинанын ачкычы” десе, андан да сонун болот го?!

– Буга чейин үй-бүлөң тууралуу ооз аччу эмессиң...
– Ии, силерден эч нерсени жашырганга болбойт. Буга чейин жеке жашоомду жашырганым чын. 1-курсту аяктап калган кезимде кызымдын атасы Ильяз мени ала качып кеткен. Экөөбүз сүйлөшүп жүргөн кыз-жигиттерден деле эмес болчубуз. Болгону, 2-3 жолу көргөм. Негизи, мен окуйм, карьера жасайм, сөзсүз белгилүү адам болушум керек деген кыздардан болчумун. Негедир отуруп калдым. Балким, кандайдыр бир сезим байлап калдыбы, билбейм. Анын үстүнө ал мени окутам деди. Татынакай кыздуу болуп, жакшынакай эле түтүн булатып­ калдык. Бирок биздин үйдө деле ынтымактын желеги желбиреп турган жок. Жашырганда эмне, чыр-чатактар, таарынычтар, ажырымда жашап жүргөн учурлар болду. Убагында ооруган жүрөктү убакыт дарылады. “Бактылуу өмүр болбойт, бактылуу көз ирмемдер гана болот” деген сөзгө ишенем.

– Кээде өз кемчиликтериңди байкабай калышың мүмкүн. Балким, сен чыгармачылык деп үй-бүлөгө көп көңүл бурбай, эки тарапты алып кете албай катачылык кетиргендирсиң?..
– Чынында, күндөп-түндөп талаалап жүрүүнүн өзү деле үй-бүлөгө таасирин тийгизбей койбойт. Бирок мен өзүмдү “супер келинчекмин” деп мактана алам. Кеч болбосун, эрте болбосун, үйдөгүлөрдүн ичкен тамагын жасап, кийчү кийимин камдап коём. Ишим күйүп жатса да телефон чалып, “эмне ичтиң, эмне кийдиң?” дегенге убакыт табам.

– “Адамдын адам болуусу ата-эненин тарбиясынан, балалык уядан башталат” деп коюшат. Кел, ата-энең, бир туугандарың тууралуу сөз кылалы...
– Апам – үй кожойкеси, атам – жеке ишкер. 4 бир туугандын улуусу, сулуусу, акылдуусу менмин. Атам бизди темирдей тартип менен кармады. Ашыкча эч жакка бастырчу эмес. Чоңоюп калганда балдар менен “свиданиеге” чыгыш үчүн сиңдимди кароолго койчумун. Ал “атам келе жатат” деп белги бергенде жым-жум болуп эле үйдө зымырап отуруп калчубуз. Атам отуруштарга жиберген күнү да өзү жеткизип, кайра өзү алып келчү. Апамдан мыкты кожойке болууга үлгү алдым.

– Бала чагыңда деле азыркыдай шайыр, эч нерседен тартынбаган кыз белең?
– Ушундай эле болчумун, тентектигим эле басылганы болбосо. Эсимде, бир жолу таенемдикине барганда короодо ойноп жатсам, кошуна бала оюнчугумду күчкө салып жулуп алды. Жиним келип таш ала коюп чаап жиберсем, башы жарылып, кан шорголой баштаса болобу. Артымды карабай качып барып жашынып калдым. Кошуналар ызы-чуу эле болуп калышты. Бир топ убакыттан кийин баягы ызы-чуу да басылды. Мен дым билгизбей дагы деле жашынып отура бердим. Биздин үйдөгүлөр чырылдап мени издеп, аң-дөң, кудук деген нерселердин баарын карап чыгышты. Бир топ издеп суй жыгылганда араң чыккам. Бирок кошуна баланын башын жара чапканымды таптакыр мойнума албай койдум. Кийин тиги бала көргөн жерден эле ызырынып, “башыңды жарам” деп коркутчу.

– Айтылбаган айрым сырла­рыңан бөлүшпөйсүңбү? Экөөбүз бир сааттай сейил­дедик. Бул убакыт ичинде эки мырзадан комплимент угууга жетиштиң. Бир “жүзүмиңкаң” болсо керек...
– Чынын айтайынчы, күнүгө толтура эле мырзалардан комплимент угам, белек-бечкектерди алам. Эмнеге албайм, ал адам мени сыйлап, талантымды баалап жатса?! Мырзалардын көбү эле менин эрдимдеги “карагатыма” (мең) кызыгып, көп комплимент айтышат. Анан жаш баланыкындай кыялымды көптөр жактырышат. Ырчы Ома менен “Чилденин шилтемдери” деген долбоордо чогуу жүрүп калдык. Ал улам эле мага “Назира, мен сени ушунча жакшы көрүп баратам, жаман кыз болуп койчу, жок дегенде сөгүнүп койчу” дейт. Жакында эле сүйүшкөндөр күнүндө Омага СМС менен куттуктоо жазып, “карындашыңыз Назира” деп жиберсем. “Чокуң, карындашың...” деп жооп жазып коюптур. Мен күлүп-жайнап мамиле кылсам, ал мен тууралуу башкача ойдо окшойт.

– Өзүңдү сексуалдуумун деп эсептейсиңби?
– Албетте.

– «Кээ бир актрисалар төшөк аркылуу роль алууга чейин барышат» дешет. Кыялыңдагы роль үчүн буга барат белең?
– Сергей Безруков менен бир тасмада роль жаратсам деген чоң кыялым бар. Кандай болсо да ушул актёр менен бир тасмага тартылгым келет.

– Муну менин суроомо жооп катары кабыл алайынбы?
– Мм, ойлондуруп салдың. Ойлонуп көрүү керек.

– Эмне демекмин, көп жакшы ролдорду жарат, ийгилик!

Бахияна Сатылганова
star@super.kg



Бек сүйгөн "карагат" - Назира Бердигулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(108)
22.02.2012. 18:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
376
Катталган:
06-02-2012
Соӊку аракети:
16-11-2018 19:09
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай болсо да сулуулугу бар экен..........
Super TV
22.02.2012. 23:56 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
07-07-2011
Соӊку аракети:
15-04-2013 11:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Эмне Таластык деп асылып жатасынар, кыйын болсонор ушул татынакай кызга окшоп киного тартылып корбойсунорбу.
23.02.2012. 09:21 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
01-06-2011
Соӊку аракети:
08-12-2014 11:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Boston, Massachusetts State, USA
0
bul kelindin an-sezimi 12 jashtagy kyzdykynday eken, intellekti ayabay tomon ekeni bilinip turat. Toshok arkiluu ele baaryna jetse kerek. Andan koro kitep okup, an-sezimin osturup, suyloo rechin ondoso jakshy bolmok. Telege chykkanga, interview bergenge dayar emes eken.
23.02.2012. 09:23 
Тайпасы:
Түйүлдүк
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
01-06-2011
Соӊку аракети:
08-12-2014 11:52
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Boston, Massachusetts State, USA
+1
kop kalp suyloyt eken, oshonusu korunup turat.
23.02.2012. 12:14 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
29-10-2010
Соӊку аракети:
06-05-2012 13:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
жакшыле жакшыле апга карагат коздуу назира
23.02.2012. 13:50 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
04-10-2008
Соӊку аракети:
22-10-2013 14:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйраткан деле алпаруучу, актриса эмес. Бирок шайыр, ачык суйлоп койсо эле женил-желпи деп жаманга чыгара бересинер не?
23.02.2012. 15:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
22-05-2008
Соӊку аракети:
14-06-2014 17:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алма-Ата
0
Жаман озун мактай болуптур го,Негизи ийгилик дечи,Бирок адам кандай экени суйлогон созунон эле билинет.Озун ким экенин билгизип коюптур.Бул сулуу болсо ,а бизге окшогон сулуулар кайда журот ха ха ха мен да мактанып коеюнчу
24.02.2012. 10:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
24-11-2011
Соӊку аракети:
27-05-2018 21:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кызыл шаары,республика тыва
0
ауу туулган кунундогу суротундогу чачы кантет?ужас!!!деле супермин дейт уйдо журсо да чачын он, тарап албайбы!макияж прическа кылдырып алып эле сулуумун дейт беришет,маймылды деле жакшы кийинтип койсон сулуу корунот!
24.02.2012. 10:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
24-11-2011
Соӊку аракети:
27-05-2018 21:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кызыл шаары,республика тыва
0
инфо сураныч бек борбиевдин уйун тартып коргозсонор боло!
24.02.2012. 10:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
02-12-2008
Соӊку аракети:
13-01-2018 10:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Таластыкмын деп айтканы, мактанган созудорунон даана билинип жатыр.. ;-)) Базарынды бир аз электен откорсон болмок, кээ бир адамдардын аброюна шек келтирбей... ээх кыргыз кыздары эмне мынча женил ойлуу болосунар..?
24.02.2012. 15:34 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
18-11-2009
Соӊку аракети:
16-08-2017 15:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
CYЛYКТY
0
xman, талас))
25.02.2012. 11:32 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
200
Катталган:
18-09-2011
Соӊку аракети:
15-01-2014 13:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
xman, не все же такие легкомысленные, ты не обобщай ладно!!!!
05.03.2012. 15:35 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
22-07-2011
Соӊку аракети:
08-01-2013 00:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
xman,беш кол тең эмес!сен антип бир кыз үчүн баардык кыздарды жеңил ойлуу деп ойлобогун!!!же сеники боюнча кыздардын баары жеңил ойлуу а жигиттердин баары орой болушабы?
24.02.2012. 17:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
25-07-2011
Соӊку аракети:
02-01-2014 02:27
Жынысы:
Белгисиз
0
ий ушу беессит
Super TV
24.02.2012. 17:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
260
Катталган:
17-09-2010
Соӊку аракети:
14-11-2018 20:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек-Ankara
0
Ээң аягындагы күлгөнүле жакшты)))
25.02.2012. 02:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
234
Катталган:
28-05-2011
Соӊку аракети:
27-06-2018 01:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Silerdi syndatyp ele koiso. Ozunordun murdunardagy mankanardy aarchyp algylachy. Oturup ele suilosh onoy, kudaydan bashka sudit ete turgan Ech kim jok bul duinodo.
25.02.2012. 12:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
308
Катталган:
23-10-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 18:15
Жынысы:
Белгисиз
0
айланайын макияжы кантет чыланып алыптыр го
25.02.2012. 16:42 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
20-01-2012
Соӊку аракети:
17-11-2012 17:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуулуктан башка эчнерсе жок экен бул кызда,суйлогон созунон корунуп турат.
25.02.2012. 20:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
03-11-2011
Соӊку аракети:
12-03-2014 17:05
Жынысы:
Белгисиз
0
красивая, но легкомысленная и глупая.
26.02.2012. 01:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
21-05-2011
Соӊку аракети:
19-01-2018 09:48
Жынысы:
Белгисиз
0
бир туугандарын аябай жаман айтты го эмне калгандарынын бары сулуумес акылы жок экен да э? бул макаланы окуган ата-энеси эмне дейт болду экен? Кызык.
26.02.2012. 10:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
183
Катталган:
13-10-2011
Соӊку аракети:
04-11-2018 10:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
рес. Cyперстан\ г. LoLo\ ул. PePe\ кв. 2
0
Суйлогон созуно тушунгон болсом кун тескери чыксын соз байлыгы менден отуп кем экен.
Super TV
27.02.2012. 12:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
18-10-2010
Соӊку аракети:
16-11-2018 17:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
22 жашта эмес эле 60 тан ашып, турмуштан ушунча запкы чегип, ысык суугуна чыдап келген кишидей го бул кыз. Чон кишини жашартып койгондой экен.
Super TV
02.03.2012. 00:09 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
20-07-2011
Соӊку аракети:
18-07-2013 10:52
Жынысы:
Белгисиз
0
уй-булоону бузган келин, колдон колго откон, менин тайкемди тынч кой,,,,
Super TV
02.03.2012. 00:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
20-07-2011
Соӊку аракети:
18-07-2013 10:52
Жынысы:
Белгисиз
0
КАРАГАТ тасмасынын коркун Санжар ачкан,,,
02.03.2012. 04:13 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
26-09-2010
Соӊку аракети:
05-10-2015 05:30
Жынысы:
Белгисиз
0
калп эле быдылдай бериптир! ойлонуп суйлосо болмок...кичине созулуп. мен алпаруучумун деп эле быды-быды кыла бербей)))
04.03.2012. 23:40 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
391
Катталган:
22-09-2010
Соӊку аракети:
29-12-2015 01:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Hmmmda, Azamat kiyin kiz eken ouyundagisin bolgondoy aytiptir da...ali jaw takshalat degendey...asmandan tushkonsup komment bere berebiz...
Super TV
05.03.2012. 12:02 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
02-02-2012
Соӊку аракети:
17-03-2012 17:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
0
бред сивой кобылы
08.03.2012. 02:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
596
Катталган:
06-03-2012
Соӊку аракети:
27-09-2018 06:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эски шаар
0
Хммм...мынтип журсок балдарыбызга кандай тарбия беребиз билбейм.Ой,ой,ачык айрыммын деп эле ар нерсени айта бербей балана кичинесинен тарта сен мусулмансын деп кулагына куюш керек.Бул интервьюну окуган "ата-энебиз" кантти экен?Чын эле бай спонсор издеп аткандай ой калтырдын бизге.Аллахым,озу ыйман берсин ар бир адамдын журогуно.
Super TV
15.03.2012. 22:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
28-10-2011
Соӊку аракети:
24-07-2014 16:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардыгы жасалма, бир караганда эле корунуп калды.
Super TV
15.03.2012. 22:06 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
28-10-2011
Соӊку аракети:
24-07-2014 16:42
Жынысы:
Белгисиз
0
35-37 жаштардагы аялдай корунот экен...
23.11.2012. 13:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
12-10-2010
Соӊку аракети:
28-02-2018 01:35
Жынысы:
Белгисиз
0
бироого сын такпай озунордун жумушунарды кылсанар боло, Назира Бердигулова эн сонун, сулуу актриса жана алпаруучу
30.12.2012. 02:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
01-11-2012
Соӊку аракети:
14-11-2018 08:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алыс жактарда...
0
Астагфирулла "пускай чужой но телом и душой со мной" дейбиииииииии
28.12.2013. 12:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
21-10-2013
Соӊку аракети:
01-05-2017 13:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
u4urda Rossi9 Tomsk shaarynda.Oshtun kulunu
0
errrrrkek go!xexe
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: