ИЗДЕЙМ СЕНИ

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине ошондой эле koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз же кеңсебизге келиңиз.
Эскертүү: Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-26

АТА, СИЗДИ КӨРГҮМ КЕЛЕТ
– Мен, Аскар Жумабаев, 1991-жылы туулгам. Көп жылдан бери атам Жолдош Боорукчиевди издеп келем. Менин билишимче, ал Нарын облусунун Миң-Куш айылында, ал эми апам Гүлмира Жумабаева 1971-жылы Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда туулган. Атам экөө 1989-1990-жылдары Кемерово шаарында окуп жүргөндө таанышып, үй-бүлө курушкан экен. Кийин кайтып келишкенде Ошто кыргыз-өзбек тиреши башталып, апамды таенем, таежелерим жол алыс деп алып кетип калышыптыр. Мен ошондо апамдын боюнда кеткен экенмин. Ошол боюнча атамды көрбөгөм, таенемдин колунда чоңойдум. Менде атамдын сүрөттөрү гана бар. Азыр Ош шаарында жашап, 4-курста окуйм. Учурда атам Кемерово шаарында жашашы мүмкүн. Ата, мен сизди көргүм келет, кабарлашыңыз.
Уулуңуз Аскар,
тел.: 0773 61-99-70, 0772 12-06-14

ТАЕЖЕМДИ ИЗДЕЙМ
– Аты-жөнүм – Марат кызы Рахат, 1991-жылы туулгам. Апам Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда 1969-жылы туулган, тилекке каршы, 2007-жылы дүйнөдөн өтүп кетти. Ошондон бери апамдын бир тууган эжеси Динара Катаганова же Дамираны (таежемдин атын так билбейм) издеп келем. Апам 7 айлык кезинде таенем каза болуп калып, эжесин таятамдын бир тууган иниси Калык багып алыптыр. Мендеги маалыматтар боюнча, алар учурда Жети-Өгүздө жашашат. Таятамдын аты-жөнү Абылгасы Байжумашов, таенемдики Насипа болгон экен. Таанып-билгендер болсо, chypy_91@mail.ru дарегине билдирип коюуңуздарды суранам. Мен таежем менен таанышкым келет.

ГРУППАЛАШТАР, КАЙДАСЫҢАР?
– 1995-1996-жылдары Ош шаарындагы Соода техникумунун 3 ком “А” тайпасынын бүтүрүүчүлөрү Айгүл Мырзалиева, Нургүл Өмүрзакова, Нуржамал Умарова, Элиза Борбуева, Канышай Абдыкадырова, Динара Аманова жана башка группалаштарымды издейм. Бул катты окуп калсаңар, байланышка чыккыла.
Курбуңар Айнагүл,
тел.: 0772 67-36-76

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 485, 17-февраль - 23-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан