ТЕРЕКТЕЙ ЖАНА ТЕМЕНЕДЕЙ СПОРТЧУЛАР

Кодонун абалын чоң ойлобойт эмеспи. Биз алардын экөөнүн тең абалын ойлоп, чоң спорттогу эң узун жана эң кыска спортчулар менен тааныштырабыз. Көрсө, узундар баскетболдо эле эмес, спорттун башка түрлөрүндө да бар экен. Ал эми кичинекейлер да ийгиликтен куру эмес.

АСМАН ТИРЕГЕН АЛПТАР
Дүйнөнүн эң узун спортчусу деп 22 жаштагы кытайлык баскетболчу Мин-Мин Сунь (бою 236 сантиметр) профессионалдык баскетболго аралашары менен аталды. Буга чейин рекорд 231 сантиметр келген румыниялык Георге Мурешанда болчу. Дагы бир жаңылык, эң узун футболчу Кристоф Ван Хаут “Гиннесстин рекорддор китебине” кирди.
Айымдардан дүйнөдөгү эң узун волейболчу кыз – 28 жаштагы орусиялык Нелли Алишева. Анын бою – 206 сантиметр. Учурда “Омичка” командасында ойнойт. Ал эми былтыр жүрөгү токтоп каза тапкан польшалык Марго Дыдек дүйнөдөгү эң узун баскетболчу айым болчу. 213 сантиметр келген Марго Польша курама командасында жана “Юта” клубунда ойногон.

ЭРГЕЖЭЭЛ ФУТБОЛЧУЛАР
Бразилияда чалдан тарта тамтуң басканы деле топтун артында. Кызыгы, футболду эргежээлдер да сүйөт. Жакында Баркарен шаарында лилипуттар (табигый кичинекей кишилер) футболдук команда түзүп, шаардык курама команданын 10-12 жашар балдары менен ойношту. Команданын машыктыруучусу: “Алардын өзүнө болгон ишеними артып, коомчулукта аларга кадимкидей көңүл бурулуусун кааладык. Өздөрү да “кичинекей бой кемсинтүү үчүн себеп эмес экенин далилдейли” деп сунуш киргизишти”,- дейт. Орточо бою 120 сантиметр болгон лилипуттардын ичинде атактуу кичинекей футболчулар Лионель Месси, Вагнер Лавдарды кумир туткандар бар экен.

Яо Мин
(Кытай) 31 жашта, баскетболчу
Бою – 229 см
Салмагы – 140 кг
Яонун атасы 202 см, апасы 190 сантиметр келип, экөө тең баскетбол менен алектенишкен. Узун бойду ата-энесинен мурастаган Яо 10 жашка чыкканда бою 165 (азыркы Мессинин боюндай) сантиметр болчу. НБАдагы 10 жылдан ашуун профессионалдык карьерасы былтыр аяктаган. Эми ал эң узун баскетболчу гана эмес, Шанхайдагы Цзяотун университетинин эң узун студенти болуп калды.





Хонг Мен Чой
(Түштүк Корея) 32 жашта, эрежесиз эр урушчу
Бою – 218 см
Салмагы – 160 кг
“Кореялык желмогуз” аталган Хонг Мен Чой эрежесиз эр урушта эң узун мушкер. Аны менен мушташкан мушкер: "Анын тизеси менин бет тушумда тургандай коркком. Чынында, ал киши эмес”,- деген эле. Негизи, Хонг мушташта тажрыйбасы аз болуп, 5 ирет жеңилген. Аны кезинде орусиялык Фёдор Емельяненко да жеңген.

Николай Валуев
(Орусия) 38 жашта, мушкер
Бою – 213 см
Салмагы – 147 кг
Николайдын мушкер сыны да, жылдызы да жок. Аны анык бойго таянат дешет. 20га чыкканда машыгып баштаган Орус Гиганты 2005-жылы WBA версиясы боюнча Дүйнө чемпиону болгондо анын белине чемпиондук кур чак келбей, атайын чоң кур жасалган. Көп өтпөй өзүнөн 30 сантиметрге кыска, 40 килограммга жеңил өзбекстандык Руслан Чагаевден утулганда эл катуу күлгөн. Бокстон кеткенин расмий жарыялаган эмес. Ал учурда Мамдумада депутат.





Иво Kaрлович
(Хорватия)
33 жашта, теннисчи
Бою – 208 см
Салмагы – 104 кг
Каарманыбыз тарыхта АТРга өкүл болгон теннисчилердин эң узуну. Бою узун болгондуктан, ал топ узатууда үстөмдүккө ээ. 2009-жылы Ролан Гаррос мелдешинде ал бир беттеште 55 эйс (узатылган топту атаандаштын тосо албай калуусу) каттап, рекорд койгон. Учурда АТРнын рейтингинде 57-орунда турат.

Костя Цзю
(Орусия) 44 жашта, экс-мушкер
Бою – 170 см
Салмагы – 62 кг
2006-жылы спорттук карьерасын аяктаган орусиялык Константин Цзю өзүнөн чоң мушкерлерди утканда эл “жеңиш бойго карабайт турбайбы” дечү. Ал бокстогу эң беделдүү WBC, WBA жана IBF версиялары боюнча чемпион болгон. Анын беттешин мамлекет башчыдан тарта бардык бокс сүйүүчүлөрү зор ынтызар менен көрүшчү. Чоң бокско кошкон салымы үчүн анын ысымы жакында Бүткүл Дүйнөлүк даңк сарайына киргизилди.




Лионель Месси

(Аргентина) 24 жашта, футболчу
Бою – 169 см
Салмагы – 68 кг
Учурдун №1-футболчусу Лионель Месси футболдун дээрлик бардык чокусун багынтты. ФИФАнын версиясы боюнча акыркы үч жылдагы "Дүйнөнүн мыкты футболчусунун" сыйлыктарын саноо кажетсиз. Өсүү гормонунун жетишсиздиги анын боюн токтотсо да, футболдогу ийгилигине бөгөт боло албады. Балакай делген Месси бүгүн миллиондогон кичине бойлуулардын көкүрөгүнө үмүт, жүрөгүнө ишеним отун жагууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Sanjarbratt
2012-02-27 10:22:25
Лионель Месси
(Аргентина) 24 жашта, футболчу
Бою – 169 см
Салмагы – 68 кг
Учурдун №1-футболчусу Лионель Месси футболдун дээрлик бардык чокусун багынтты. ФИФАнын версиясы боюнча акыркы үч жылдагы "Дүйнөнүн мыкты футболчусунун" сыйлыктарын саноо кажетсиз. Өсүү гормонунун жетишсиздиги анын боюн токтотсо да, футболдогу ийгилигине бөгөт боло албады. Балакай делген Месси бүгүн миллиондогон кичине бойлуулардын
0
aida_nurik
2012-02-27 11:37:30
чон адам "доопорос" болот деген соз илгертеден бар...например Николай Валуевдин жубайы Наташа машинесин туура эмес жайга токтоткондугу учун охраник менен урушуп кетишет..аны тушунбой эле Коля келип охраникти 2 удар менен эс учунан кетирет.через суд охранике моральный ущерб (компенсация) толоп берген..
0
malika1987
2012-02-27 18:58:03
мен кечээ Валуевди кордум да жанынан укмуш ыраны суук неме экен ай
0
Maxatbek
2012-02-28 07:22:27
Месси азамат,адамдык касиеттери да жогору деп билем.
0
applemac
2012-02-28 15:26:03
костя цзю жакшы мушкер эле эмес, боорукер адам, жетим жесир каарылар уйлоруно ото коп жардам берет алигиче, Москвада юго-западта ал спорт мектебин ачкан,менин иним ошол жакта машыкчу,костя случайна эле отуп баратып иними коро калып сен менин тууганым эмессинби???-деп кулгон экен, анткени экоо оло окшош да,костяны эн жонокой адам деп уккам,оор басырык,жашоодо жоош, мен деле аны карап туруп кыргыз жигитине эле окшоштурам,
емеляненко менен тиги аюдай болгон кореецтин мелдеши ото бат аяктаган,
0
applemac
2012-02-28 15:29:23
федор анын колун кайрып салганда, кореец мелдешти токтоткон, анан емеляненко утту болуп аны куттуктап жатышканда тиги кореец да келип:зачем же ты так с моими руками,ты же чуть не оторвал,,, деп кулуп айткан колун корсотуп.
0
janum345
2012-02-28 18:49:16
Костя Цзю Орусия 44 жашта экс-мушкер Бою-170см салмагы-62кг ушу бала молодец уйунодо громата, медаль , залотой ремендер ж.б. толтура болсо керек. Молодец дагы ийгиликтерге женишке жете бер.
0
Atashkg
2012-03-01 09:10:28
Barakelde sportchu dep ushulardi ayt bular degen sportto ele rekord koydu dese baSHKA JAGIDAN DA bar turbaybi ee
0
n82o
2012-03-03 08:17:26
Месси эч кандай мыкты эмес.эн мыкты Криштиану Роналдо
0
n82o
2012-03-03 08:18:49
Билип алгыла ал просто фифадагылар менен суйлошуп койгон
0
Sanjarbratt
2012-03-03 11:48:57
n82o, эне туура ))))))))
0
nurkq100
2012-03-03 14:12:49
Менин боюм 3 метр булардыкы ерунда атак
0
yliguli
2013-05-08 13:56:30
nurkq100 сен доопараз болсон керек э?

0
№ 486, 24-февраль - 1-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан