ИЙНЕ-ЖИП, КАЙЧЫ КОЛДОНБОЙ ДА КИЙИМ ТИКСЕ БОЛОТ

Бабалардан калган өнөр...

Чет жерден келген туристтерди биздин “Дордой” базарындагы кытай кездемелеринен тигилген кийимдер эмес, кыргыздын кийизден жасалган буюмдары, ак калпагы, элечеги кызыктырары анык. Алардын катарында эч кандай ийне-жипсиз, жүн менен жибек аралаш жасалган кийимдер да бар. “Деги алар кантип жасалат болду экен?” деп көптөн бери биз ушул өнөргө кызыгып келгенбиз. Ошол кызыгуубузга жооп табуу максатында бул ирет “Кыялды” көздөй аттандык. Бул кол өнөрчүлүк борборунда биз издеген кийимдер, аны жасап жаткан уздар да бар экен. Сураштырып жүрүп, бул өнөрдү жакшы өздөштүргөн Айдай аттуу узга туш болдук. Бул айым кичинекей ишкана ачып, ошол жерде бир нече уз менен биргеликте жанагыдай кийимдерди даярдайт экен.

Биз жибек кездемеге жүндөн оймо-чиймелер түшүрүлүүчү моюн орогучтарды жасоо учуруна туш келиптирбиз. Дизайнер-чиймечилердин фантазиясынан чыккан үлгүлөр дубалга илинип коюлуптур. Алардын ичинде бут кийимден баштап сырт кийимдердин да үлгүлөрүн таба алдык. Алдын-ала жууп-тазаланып жана тытылган жүндү ар кандай түстөргө боёодон иш башталат экен. Кайнап турган сууга бир аз уксус кошуп коюшту. Ал боёктун жакшы киришине көмөкчү суюктук катары колдонулат. Анан ал сууга өлчөмү менен боёк, бир аздан соң жүндүн бир түрмөгүн салышты. Отуз мүнөттөй жүндү кайнатышты. Ал арада биз Айдай эжени кепке тарттык.
– Айдай эже, жүндү кайдан аласыздар жана кандай сорттогу жүн керектелет?
– Биз жүндү көбүнчө өзүбүздүн эле жеке ишкерлерден сатып алабыз. Бирок бардык эле жүндүн сорту жарай бербейт. “Меринос” породасындагы койлордун жүнүн колдонобуз. Мындай жүндүн кылы аз болуп, денени кычыштырбай жагымдуу жана жумшак келет.
– Кол өнөрчүлүктүн ичинен эмне себептен жүндөн жасалган кийимдерге багыт алып калдыңыз?
– Чоң энем, апам шырдак, ала кийиздерди көп жасашчу. Аларга бала чагымдан аралашып жүрүп, өзүнөн-өзү эле кызыгуу пайда болду. Анын үстүнө, биздин Тоң районундагы Кызыл-Туу айылында эки үйдүн биринде эле боз үй жасоо менен алек болушат. Мунун да таасири тийди болуш керек. Анан кесип тандоодо да көп ойлонбой эле дизайнерликти тандап алдым. Алгач өз алдымча бир нерселерди жасап калчумун. 2006-жылы 1-мартта студент кыздарды чогултуп, азыркы “Айдай” аттуу ишканабызды ачып алдык. Азыр жаман эмес. 15 уздан турган ишканам бар. Бирок учурда биз чоң энелерден калган ыкмалардан кичине четтеп, өзгөчө ыкмаларды колдонуп жатабыз. Энелер кийиз жакшы кирсин деп чыбаш жүндү көбүрөөк пайдаланышса, биз тескерисинче, жүндү таптаза жууп алып пайдаланабыз. Ошондой эле бардык буюмдарыбызды “туюк” технология менен жасайбыз.
– Бул технология тууралуу кененирээк түшүнүк бере кетсеңиз...
– Негизи, “туюк” технология – биздин ата-бабаларыбыздан калган кол өнөрчүлүк. Илгери жүндөн эч кандай кайчысыз эле чокой ултарып кийишкен эмеспи. Бул өнөр азыр деле Нарындын Жумгал, Кочкор райондорунда сакталып калыптыр. Ошолорго кызыгып “туюк” технологиянын жаңыланган түрү менен иштеп көрүүнү чечтим. Түшүнүктүү кылып айтсам, мындай ыкмада даярдалып алынган үлгүнүн үстүнө жүн жулунуп салынат. Андан соң колду жылымык сууга малып алып укалоо менен жүн катуу болуп кездемеге киргиче формасын берип ушалайбыз. Акырында үтүктөп коёбуз да, түз жерге жайып кургатабыз. Бул ыкмада эч кандай кайчы, ийне-жип колдонулбайт.
– Жүндү боёонун ыкмаларынан да айта кетсеңиз...
– Эң биринчи боёктун сапатына карашыбыз керек. Биз Түркиядан алынып келинген боёкторду колдонобуз. Бир эле буюмга беш-алты түс да беришибиз мүмкүн. Ошентсе да өтө кочкул түстөгү өңдөрдү аз колдонууга аракет кылабыз. Себеби аларга суу тийсе же дагы башка шарттарда боёгу чыгып кетиши мүмкүн.

“Жүн да адамдынниетин сезет”

Биз буларды сурагыча жүндүн боёгу сиңип, экинчи сапарга даяр болуп калды. Боёкко салынган жүндү муздак суу менен чайкап, бир сыйра иргеп алган соң таякчалар менен кургатуучу жайдагы кермелерге кылдат илип коюшту. Эртерээк кургасын деп атайын орнотулган кондиционер да иштетилди. Жүндүн таза кургашына абдан маани беришет экен. Айдай эже: “Начар кургап калган жүндөн жасалган буюмдун сапаты начар болуп калат”,- деп билдирди. Биз кеп учугун андан ары уладык.
– Айдай эже, эгер сыр болбосо, чет элдиктердин сиздин буюмдарга болгон талабын кантип жараттыңыз?
– Биринчиден, мен сапатына көп көңүл бурам. Анан өзгөчө дизайндарды, идеяларды издейм. Мисалы, мына биз жасай турган моюн орогучтун кездемесин Индиядан алдыргам. Колго токулган жибек. Буга жүндү ушалоо менен гүл же оймо-чийме салабыз. Бул жерде болгону колуңду сууга малып алып турасың. Бирок баарынын эле колунан жүн кире бербесин кийин байкап калдым. Көрсө, жүн дагы ар кимдин колунан ар кандай кирет экен. Мага көп эле кыздар иштейбиз деп келишчү, бирок жүн кармаса эле түйдөктөшүп, таптакыр кирбей койгон учурлар да болгон.

Бул ишканада жалаң гана кыздар эмес, эки жигит да эмгектенет экен. Алар жүндөн бут кийимдердин заманбап түрлөрүн жасоо менен алек болуп жатышты. Кыздар менен маектешип отуруп, алардын айлыгы жасаган ишине жараша болорун билдик. Бир жакшы жери, жүндү ушалоо менен алаканда жайгашкан нерв түйүндөрүнө таасир берип, бардык органдарга пайда келтирип алса болот экен.

“Идеяны казактар бизден алышкан”

Бул күнү Айдай эжеге чет мамлекеттен 60 түрлүү моюн орогучка заказ келиптир.“Бул заказды үч күндүн ичинде даяр кылышыбыз керек” деген Айдай эже өзү баш болуп билек түрө ишке киришти.
– Айдай эже, заказ демекчи, кайсы өлкөлөр менен иштешесиз?
– Азыр Америка, Тайвань, Германия, Түркия, Франция, Голландия, Италия өлкөлөрүнүн айымдары менен иштешип жатабыз. 4 жолу UNESCOнун “Сапаттык белги” деген сертификатын алууга жетиштик. Андан тышкары, Нью-Йорктогу “Токошимая” аттуу белгилүү дүкөн менен иштешебиз. Ошондой эле Тайвань, Германияда өзүбүздүн көргөзмөлөрүбүздү уюштуруп келдик. Негизи, чет жерге чыгуу үчүн бул жерге келген туристтер аркылуу көпүрө түзүп алабыз. Эми чет жерликтер кийген бут кийиминен баштап үй оокаттарына чейин заказ берип башташты. Алар ден соолукка пайдалуу жактарын карашат экен. Мисалы, ал жактын окумуштуулары кийизден жасалган жаздык ар кандай баш ооруларды жөнгө саларын изилдеп чыгышыптыр. Ошондой эле кийизден жасалган бут кийим, кол каптардын да кан айланууну жөнгө салган жактары бар экен. Уюлдук телефонду да жүндөн жасалган баштыкчага салып жүрүшсө, зыяндуу нурдануудан сактайт дешти. Азыр биз бел орогучтарды да жасап жатабыз. Өтө суук жерлерде, мисалы, базарда отургандар үчүн өтө ыңгайлуу. Мындай бел орогучтарга Орусиядан көп заказ алабыз. Мындан сырткары, сырткы кийимдерге да суроо-талап жогору боло баштады.
– Сиздер жасагандай моюн орогучтар Казакстандын белгилүү бутиктеринде да бар экен. “Казакстанда жасалган” деген белги чапталарын да айтып калышат. Сиздер бул идеяны казактардан алгансыздарбы?
– Жибекке жүндөн оймо-чийме салып ар кандай кийимдерди жасоо идеясы бизге тийиштүү болчу. Башында бул буюмдарга казактар көп кызыгып, көп заказ кылышчу. Көрсө, алар биздин буюмдарга “Казакстанда жасалган” деген этикеткаларды чаптап сата башташыптыр. Ошондон соң ишенимдүү гана кардарлар менен иштешүүнү туура таптык.
– Келечекке эмне максаттарды коюп жатасыз?
– Жакында жаңы идеяларыбыздын жыйынтыгы катары аялдардын майрамына карата көргөзмө уюштурабыз. Ал көргөзмөдөн өтө кызыктуу идеяларга күбө болосуздар.
Айдай эже менен коштошкон соң “Кыялдан” чыгып, базардын кыркалата тизилген катарларын аралап жүрдүк. Кыргызча, орусча чала-чарпыт сүйлөгөн аял менен эркек жаңы эле биз жасалышын көргөн моюн орогучтарга кызыга тиктеп турушуптур. Көпкө кужулдашып туруп, экини сатып алышты. Кыргыздын оюм-чийими түшүрүлгөн бул моюн орогучтарды эми кайсы бир чет жерде салынып жүрүшөрүн ойлоп, ичимден сыймыктанып алдым.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 328, 13-19-февраль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан