“Аси”, “Сүйүү жана жаза” деген түрк сериалдарынын баш каарманы, узун бойлуу, кең далылуу, сүрдүү, келишимдүү жана атактуу Мурат Йылдырымга кимдер гана кызыкпайт? Кыздардын кыялына айланган жылдыз, түрк актёру Мурат – биздин макаланын баш каарманы.
КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР
АТАСЫ ӨЗҮНҮН МУГАЛИМИ
Түрк сериалдарынын мегажылдызы Мурат Йылдырым 1979-жылы 13-апрелде Түркиянын Конья шаарында жарыкка келет. Апасы араб тили боюнча котормочу болсо, атасы театр менен алектенчү. Мураттын актёрлук кесипке болгон шыгынын эрте ойгонушуна атасынын кошкон салымы зор. Ал мектепте окуп жүргөн кезинен эле окуусунан сырткары театрдагы ийримдерге катышчу. Ийримдеги мугалими, албетте, атасы эле. Мындан улам Мураттын актёрлук билим-тажрыйбасы эрте башталган...
АКТЁР ЭМЕС, ИНЖЕНЕР
Мектепти аяктаган соң болочок актёр Стамбулдагы “Йылдыз” техникалык окуу жайынын машина куруу факультетине тапшырат. Инженер-механик адистиги боюнча дипломдуу болгон Мурат университетте окуп жүргөндө да актёрлук чеберчилик боюнча кошумча сабакка барып жүрөт. Студенттик театрда ойноп жүрүп, 1999-жылы “Айрылсак да бирге болушубуз керек” деген сериалда роль аткарып, актёрлук тушоосун кесет.
БАШТАЛЫШЫ СӨЗСҮЗ ТАТААЛ БОЛОТ
Адамды теше караган көз караштын ээси Мураттын карьерасынын башталышы ийгиликтүү болгон жок. Ал 2003-жылы “Түбөлүк сүйүү” сериалында роль жаратып, бирок сериалдын рейтингинин төмөндүгүнөн улам анын 11 гана сериясы көрсөтүлүп, калганы көрсөтүлбөй калган. Андан соң 2004-жылы “Баары менин балдарым” жана “Зор калп” деген сериалдарга тартылып, аз да болсо эл эсинде калганга жетишет. Эми гана киноиндустрияга аралашып келаткан таланттуу актёрго Түркиянын мыкты сериалдарын жараткан режиссёрлор көз сала башташат.
ЖУБАЙЫН “БОРООНДОН” ТАПКАН
Йылдырымга популярдуулук алып келген тасма – 2006-жылы тартылган “Бороон” сериалы. Ушул сериалдагы ролу үчүн Мурат Түркиянын “Оскары” катары эсептелген “Алтын апельсин” сыйлыгын алат. Атак алып гана тим болбостон, сериалдагы өнөктөшү актриса Бурчин Терзиоглы экөөнүн ортосунда махабат оту жанып, 2008-жылы түгөйлөр баш кошкон.
«АСИДЕН» КИЙИН ДЕМИРГЕ АЙЛАНАТ
2007-жылы чыккан “Аси” сериалындагы Демирдин ролунан кийин актёр Түркияда гана эмес, чет өлкөлөрдө да жогорку суроо-талапка ээ актёрлордун тизмесине кирет. Атактуулуктун туу чокусун багындырган Мураттын күйөрмандары эми Германия, Болгария, Румыния, Иран, Азербайжан жана Борбор Азия өлкөлөрүндө миллионду чапчыйт. Мындай бийик абройдон улам актёр роль сунуштаган режиссёрлордун келишимдеги пункттарына өз талаптарын киргизип калган. Аны чет өлкөлүк тааныштары жана күйөрмандары «Демир» деп чакырышарын айтып, муну актёр сериалдын популярдуулугу менен байланыштырат.
“Аси” сериалын тартуу учурунда актёрдун жубайы Бурчин жолдошу аткарган ар бир эпизоддо аны жандап жүргөн. Анткени Муратты тасмадагы өнөктөшү актриса Туба Бүйүкүстүндөн (Аси) абдан кызганарын айтышат.
ЖУБАЙЫН КҮЙӨРМАНДАРЫ ЖЕК КӨРҮШӨТ
Түркияда бир топ эле популярдуу болгондугуна карабастан, Бурчин Терзиоглы күйөөсүнүн чектен ашкан күйөрмандарынан көп жолу жапа чеккен. Айрым басылмалар “Бурчин күйөөсүнүн карьерасы үчүн өзүнүкүн курмандыкка чалды” дешсе, кээ бирлери “Бурчин өтө кызганчаак. Сулуу актрисалардан Муратты кайтарып жүрүү үчүн эле өзүнүн карьерасын унутуп калды” деп айтышат. Ал эми Муратты сүйгөн кыздар Бурчинге “үй-бүлөңдүн акчасы үчүн эле сага үйлөнгөн”, “сен байкушсуң” деген сыяктуу сөгүш сөздөрүн ар кайсы интернет булактарына калтырышчу. Мындай билдирүүлөрдү Бурчин кадимки көрүнүш катары кабыл аларын айтат.
ТУБА БҮЙҮКҮСТҮНБҮ ЖЕ НУРГҮЛ ЙЕШИЛЬЧАЙБЫ?
Мураттын катышуусундагы 2009-жылы тартылган “Сүйүү жана жаза” сериалы да эң ийгиликтүүлөрдүн бири. Мураттын бул сериалдагы өнөктөшү Ясминдин ролундагы актриса Нургүл Йешильчай экөөнүн ортосунда ысык мамиле бар экени тууралуу кептер тарап кеткен. Бирок Мурат бул сөздөрдүн баарын төгүнгө чыгарган. Түркияда Туба Бүйүкүстүн менен Нургүл Йешильчай кадыр-барктуу актрисалар жана ортолорунда күчтүү атаандаштык бар. Нургүл Йешильчай Туба катышкан сериалга тартылуудан баш тартканы бул нерсени далилдейт. Мындан улам “Мурат Йылдырым эки атаандаш актрисанын кимисин тандайт?” деген интригалуу макалалар интернет булактарына байма-бай чыгып турат.