ЮРИСТТИН КЕҢЕШИ

Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы? Анда биздин «Юристтин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз! Байланыш телефону: 32-33-26

"КОШ БОЙЛУУ ЭМЕС" ДЕП ТУУРА ЭМЕС ДИАГНОЗ КОЙГОН..."
– Менин аялым "боюмда болуп калган жокпу?" деп шекшип менчик клиникада иштеген врачка текшерилсе, "боюңда жок" деп тыянак чыгарып берген. Аялым бул сөзгө ишенип, мурункудай оор жумуштарды жасап жүрө берген. Анан арадан 1 ай өтпөй анын боюнан түшүп калды. Ошондо оорукананын врачтары "боюңдагы түйүлдүккө 2 ай болуп калыптыр. Демек, мурунку көрүнгөн врач туура эмес диагноз койгон" дешти. Эми ошол врачты сотко бере алабызбы?
Адилет, 30 жашта, Бишкек.
– Биринчи диагноз койгон врачтын көрсөтмөлөрүнүн датасын аныктаган документтер жана аялыңыздын боюнан түшкөнүн аныктаган документтер менен тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылсаңыз болот.

"КАТТАТАМ ДЕП ЗЫЯН ТАРТПАЙМЫНБЫ?"

– Азыр жарандык никедеги күйөөм, анан өзүмдүн кызым болуп менин квартирамда жашайбыз. Квартира менин наамыма жазылган. Күйөөмдү квартирама каттатып коёюн дегем. Анын мурунку аялынан 2 баласы бар. Мен аны каттатам деп зыян тартып калбаймынбы?
Сайра, 42 жашта, Ош.
– Сиз турак жайдын ээси болгондуктан, квартираңызга кимди каттоого тургузуп, кимди чыгарам десеңиз, өзүңүздүн эркиңиз. Жарандык никеде жашаган күйөөңүз менен анын балдарынын квартираңызга ээлик кылууга укуктары жок. Бирок сиз никеңизди юридикалык жактан күбөлөндүрсөңүз, күйөөңүз мүлктүн үлүшүнө мураскор катары ээ боло алат.

"КАЙНЕНЕМ ИЧКИЧ КЕЛИНИНЕН НЕБЕРЕСИН АЛСАМ ДЕЙТ"
– Менин күйөөмдүн мурунку аялынан 11 жаштагы кызы бар. Ажырашкандан кийин кызы өз апасы менен калган. Кийинки кездерде ал аял көп ичип кетип, кызы каралбай калууда. Кайненем ал кызды өзү багып алгысы келет. Канткенде аны багып ала алат?
Элина, 32 жашта, Жалал-Абад.
– Кайненеңиздин небересин тарбиялоого ата-энесиндей эле укугу бар. Мыйзамдын негизинде 10 жашка толгон бала ким менен жашай тургандыгын өзү чече алат. Буга мыйзам жол берет. Энеси көп ичип, балага тиешелүү тарбия бербей жаткандыгын тиешелүү камкордук (опека) органдарына далилдеп берүү керек. Мунун негизинде кыздын апасы энелик укугунан ажыратылат да, чоң энеси өз камкордугуна алууга (опекун) укугу бар.

"ТҮРМӨДӨГҮ ЖЕҢЕМЕ КАНТИП КИРЕ АЛАМ?"
– Менин жеңем бир себептер менен камалып кеткен. Ага барып ал-абалын билип келгим келет, бирок түрмөгө кантип кирүүгө болорун билбейм.
Аси, 27 жашта, Бишкек.
– Ар бир жаза өтөө мекемесинин өзүнүн ички тартиби болот. Ошондуктан камактагы адамга жакын тууган экениңизди күбөлөндүргөн документиңизди көрсөтүп, ички тартип менен таанышып, ал мекеменин жетекчилери тарабынан уруксат алып кире аласыз.



"ҮЙДҮН ЖАРЫМЫН ДООЛАЙ АЛАМБЫ?"
– Күйөөм менен 2 жыл мурун ажырашкам. Чогуу жашаган кезде күйөөм экөөбүз жер тилкесин сатып алып, ага времянка салганбыз. Эми ошол чогуу салган үйдүн жарым акысын доолай аламбы?
Элнура, 28 жашта, Бишкек.
– Эгерде ЗАГСка катталган болсоңуздар, мыйзамдын негизинде сиз үйдүн жарым акчасын же үйдүн жарымын доолай аласыз. Мыйзам ажырашкандан кийин 3 жыл ичинде доолап алууга жол берет, эгер мүлк чогуу жашап жаткан кезде салынган (сатып алынган) болсо.

"УНАА КОЮУЧУ ЖАЙ БИЗНЕСИМЕ КЕДЕРГИ БОЛУУДА"
– Менин дүкөнүм бар. Дүкөн базардын аймагында жайгашкан. Базардын менин дүкөнүм жайгашкан жактагы бош жерин бирөө сатып алып, акы төлөөчү унаа коюучу жайга айлантып салды. Мунун айынан дүкөнүмө жол жабылып, эл аз кирип калды. Тиги менен соттошсом, укугумду коргой аламбы?
Эдил, 35 жашта, Кара-Балта.
– Сиз архитектура кызматкерлерине кайрылып, унаа коюучу жайдын туура эмес жайгашканын далилдеп беришиңиз кажет. Архитектура кызматкерлеринин чиймелеринин негизинде маселе сиз тарапка чечиле тургандыгы так болсо гана сотко кайрыла аласыз.




Суроолорго жеке адвокат
Клара Касымалиева жооп берди.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 487, 2-март - 8-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан