НААБАЙЧЫЛЫК БИЗНЕСИ

СССР ыдырап, базар экономикасы орун алгандан тартып ар ким өз алдынча жан багууга киришип, акча табуунун жолдорун да өздөштүрдүк. Негизи, бизнестин көп түрү бар. Алардын бири – наабайчылык. Мына ушул бизнеске кызыгып жүргөндөргө 7 жылдан бери тандыр иштетип келе жаткан Казатбек мырза өз кеңештерин айтмакчы...

АЛГАЧ ТАНДЫРДЫ ДАЯРДАП АЛУУ КЕРЕК
Нан жаап, бышыруу үчүн биринчи тандыр керектелет. Тандырды карапачылар даярдагандыктан, бул да бир топ акчаны талап кылат. Андан сырткары нан бышырууда ар кандай кемчиликтер болбошу үчүн тандырды орнотууда атайын адистердин жардамы зарыл.

ТАНДЫР
Тандыр көлөмүнө жараша бөлүнөт. Эң кичине көлөмдөгүсүнүн ичине бир жапканда 30 нан батса, эң чоңу 90-100 нанга ылайыкталат. Бизнес кылам дегендер эң чоңун алганы жакшы. Эми тандыр жана аны орнотууга кеткен чыгымды эсептейли.

Тандыр (90 нан батат) – 6000 сом.
Төрт тарабын тосууга 450 даана чийки кыш – 1350 сом (1 даанасы 3 сом).
Пайдубалын түптөөгө 200 даана бышкан кыш – 1300 сом (1 даанасы 6,5 сом).
1 кап цемент – 270 сом.
3 кап кум – 90 сом (1 кабы – 30 сом).
1 кап ылай – 100 сом (тандырдын өзүнө атайын даярдалган).
Тандырды орнотууга адистердин кызматы – 5000 сом.

Бир тандыр сатып алууга жана аны орнотууга жалпысынан орто эсеп менен алганда – 14 110 сом сарпталат.
Тандыр бизнеси менен алектенгендер 365 күн бою иштеткендиктен, тандыр 1 жылга гана кызмат кылат. 1 жылдан соң жаңысын сатып алып, алмаштыруу зарыл.

НАН БЫШЫРЫП САТЫП, КАНЧА КИРЕШЕ ТАБУУГА БОЛОТ?
Кышында кардарлардын саны азайып калат. Себеби жер үйлөрдө жашагандар меш жаккандыктан, нанды үйлөрүндө бышырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми жазында күн жылып калган кезден баштап курулуш иштери жанданат да, нанга болгон суроо-талап өсөт. Учурда бир күндө 3 кап ундан нан бышырылса, күн жылыганда 4-5 кап бышырыла баштайт. Эмесе, 3 кап ундан канча киреше түшөрүн эсептеп көрсөк.

НАН ДАЯРДОО ҮЧҮН КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫК-ТҮЛҮКТӨР ЖАНА ОТУН

Ун – 1 кабы 850 сом (жогорку сорт).
Туз – 1 баштыкчадагысы (800 грамм) 10 сом.
Ачыткы – 1 кутусу (450 грамм) 80 сом.
Өсүмдүк майы (пахта майы) – 1 литри 90 сом.
Кургак сүт – 1 килограммы 200 сом.
Көмүр – 1 кабы 350 сом (кесеги), майдасы 200 сом (Кара-Кеченин жана Таш-Көмүрдүн көмүрү гана жарайт. Себеби булардын табы күчтүү, чогу көпкө турат).

КЕРЕКТҮҮ АЗЫК-ТҮЛҮКТҮН ЖАНА ОТУНДУН КӨЛӨМҮ
Камырды жууруп, ачытууга:

  • 3 кап ун – 2550 сом.
  • 1,1 килограмм туз – 12,4 сом.
  • 225 грамм ачыткы – 40 сом.
  • Камыр жуурууга керектүү 90 литр сууну ысытууга жана жуурулган камыр муздап калбашы үчүн бөлмөнү жылытууга 0,7 кап майда көмүр –
    150 сом.Камырдан нан даярдоо
    Нандын бетин шыбаганга 600 грамм өсүмдүк майы – 66 сом.
    КАМЫРДЫ БЫШЫРУУ
  • 500 грамм кургак сүт – 100 сом (кызарып бышып, жакшы даам берип турушу үчүн).
  • 1 кап кесек көмүр – 350 сом.

Нан бышыруу үчүн керектүү азык-түлүктүн жана отундун жалпы баасы – 3268 сом 40 тыйын. 1 КАП УНДАН КАНЧА ДААНА НАН ЧЫГАТ?
1 кап ундан 280 даана кичине же 200 даана патыр нан чыгат.
3 каптан даярдалган камырды тең экиге бөлсөк, 420 даана кичине жана 300 патыр нан чыгат.

ЖУМУШЧУ КҮЧҮ ЖАНА ЧЫГАШАЛАР
Казатбек мырза: "Нан бышыруу үчүн өзүмдөн сырткары камыр жууругуч, камыр жайгыч жана наабайчы болуп 3 адам эмгектенет. Булардын эмгек акысы 1 кап унду иштеткени менен эсептелип, иштеген ишине жараша төлөнөт. Камыр жууругуч – 120 сом (1 кап унга), камыр жайгыч – 100 сом (1 кап унга), наабайчы – 200 сом (1 кап унга) алат",- дейт. Ошондо:

Камыр жууругуч –360 сом.
Камыр жайгыч – 300 сом.
Наабайчы – 600 сом.
Жумушчулардын тамактануусу үчүн азык- түлүккө күнүнө 150 сом чыгымдалат. Нанды дүкөндөргө таратууга – 350 сом (1 күнгө).

Жумушчу күчү жана чыгашалардын жалпы суммасы – 1760 сом.
Эми 3 кап ундан канча таза киреше түшкөндүгүн эсептеп көрөлү.
Киреше: Сатуудан түшкөн киреше – 6360 сом.
Чыгашалар:

  • Нан бышырууга керектүү азык-түлүктүн жана отундун жалпы баасы – 3268 сом 40 тыйын.
  • Жумушчу күчү жана чыгашалардын жалпы суммасы – 1760 сом.

Жалпы чыгаша – 5028 сом 40 тыйын.
Таза киреше: 6360 сом – 5028 сом 40 тыйын = 1331 сом 60 тыйын.
Ал эми бир айда: 30 күн х 1331 сом 60 тыйын = 39448 сом.
Бир айга патент – 1050 сом.
39948 – 1050 = 38898 сом пайда табууга болот.

НАН БЫШЫРУУ СЫРЛАРЫНАН

  • Тандырдын ортосуна көмүрдү пирамида түрүндө кол менен тизүү керек. Эгер жөн гана үйүп койсоңуз, көмүр күйгөндөн кийин бир жак тарапка ооп, чачылып калат да, ошол тараптагы нандарды күйгүзүп жиберет.
  • Отту жагып, тандырды ысытып алгандан кийин нан жабаардын мурун тандырдын ички бетине бир чакадай суу сээп чыгуу керек. Бул камырдын жакшы жабышуусун шарттайт.
  • Тандырдын ичи ысыгандан кийин нан бышыра берсе боло тургандыгын билүү үчүн алдын ала эки нанды жаап бышырып көрүү керек.
  • Нан даамдуу жана кызарып бышышы үчүн тандырга салып жатканда камырдын бетине сүйкөө үчүн кадимки сүттү эмес, кургак сүттү сууга чылып алып колдонгон жакшы. Кадимки сүт өңүнө чыгара албайт да, нандын өңү боз бойдон калат.
  • Камырды ачытууда бөлмөнүн ичин жылуу температурада кармоо зарыл. Болбосо камыр жакшы көппөй калат да, аны жаюуда кыйынчылыкты жаратат. Ошондой эле нык болуп калат.
  • Камырды катуураак жууруш керек. Эгер жумшак болуп калса, тандырга жабышпай убара кылат.
  • Тандырдын оозунун жешилип, урап калган бөлүгүн атайын даярдалган ылай менен толтуруп, оңдоп туруу зарыл. Себеби тандырдын оозу кеңейип кетсе, от жакканда ысыгы бат чыгып, отунду көп коромжу кылат.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Наабайчылык бизнеси
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
kurchunka
2012-03-05 11:34:13
сонун экен.Бирок биз навай кана ачып иште албай койдук
0
Baktygulya
2012-03-05 12:56:17
Нан болсун!!!
0
Fekus
2012-03-07 09:59:18
оо Казат аке менин айылдагы кошунам гоооо...
Иштеринизге ийгилик..
0
№ 487, 2-март - 8-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан