Парламенттин экс-төрагасы, "ата журтчу" депутат Ахматбек Келдибековду окурмандар менен түз байланышка чакырдык. 2 саатка созулган байланышта төрагалык доордун күнгөй-тескейи, достук, кылмыш чөйрөсүнө байланыштуу суроолорго жооп алууга жетиштик.
Шайырбек, Бишкек:
– Телеканалдардан түндүк-түштүк маселесин чектен ашыра козгоп жатышат, бир чара көрсөңүздөр болбойбу?
– Эсибизде, 2005-жылы Элдик революция Жалал-Абаддан башталганда бир да адам түндүк-түштүк маселесин көтөргөн эмес. Экинчи нааразычылык Нарын менен Таласта башталганда да сөз болгон эмес. Бүгүн “Ошто 1-мартта митинг болот” десе эле, бул нерсени көтөрүп чыгышты. Эч качан эл бөлүнбөйт, бул бекер сөз. Ошол элди бөлгөн саясатчылардын эси жок. Кыргыздын тарыхын окушпайт, билишпейт. Түндүктө да, түштүктө да бир гана кыргыздын балдары жашайт. Түндүк менен түштүккө бөлүп сүйлөгөн саясатчылардын тилин кесип салыш керек. Башка чара жок.
Эмир, Бишкек:
– Өткөн жылы Казакстандын президентин "Нобель" сыйлыгына көрсөтүү демилгесин парламентке алып чыктыңыз эле. Назарбаев кыргыз депутаттарынын колдоосуна муктажбы?
– Дүйнө жүзүндө мындай практика бар. Татыктуу адамдарды сыйлыкка көрсөтүү маселесин башка мамлекеттин саясий органдары көтөрүп чыкса болот. Казак мамлекетинин президенти акыркы 20 жылда биздин түптөлүшүбүздө көп эле жакшылыктарды кылды. Ооба, биз көтөрүп чыкканбыз. Сыйлыкты алабы же жокпу, аны "Нобель" сыйлыгын берүүчү комиссия чечет. Бирок биздин көтөрмөлөп койгонубуз жакшы эле болгон. Мына жыйынтыгы: чек аралар ачылып, башка иштер да чечиле баштады.
Бизде ушундай адат болуп калды, жакшы бир нерсе жасап койсо, анын жалаң жаман жагын издеп киребиз. Мурунку инаугурацияларга эч ким келбей койгондо Назарбаев келчү эмес беле? Кыйынчылыктарда колдочу. Ош окуясында эң биринчи ошол адам жардам катары 15 миллион доллар бөлүп берди.
– Мадумаров менен Ташиевди бирикти деп жатпайбы азыр. Сиз ушуга кандай көз караштасыз? – Келечекте оппозициябы, башкабы, кыскасы, элдин үнүн бийликке жеткире албай жаткан саясий партиялардын, бирикмелердин баары биригиши керек. Канчалык көбү бириксе, ошончолук үнү жеткиликтүү угулат. Мен бир нерсеге таң калам. 2005-жылга чейин оппозициядагылар “бийлик элдин үнүн, көйгөйүн укпай жатат” деп айтып жүрүштү. Кийин 2010-жыл болду, анда да ушундай сөздөр айтылган. Азыр алар бийликте отурушат. Интернетти ачсам, “Ош шаарында милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Кыргызстанда милиция күчөтүлгөн режимде ишке кирди” деп жүрөт. Бул эмне дегени эми? Эгер шайлоо боюнча элдин ичинде кандайдыр бир нааразычылыктар болсо, аны чечиш керек да. Эгер электр энергиясы боюнча элдин ичинде нааразычылыктар болсо, аны да караш керек эле. “Ай, эмне себептен эл нааразы болуп жатат? Келгиле, бул маселени карайлы” деген бирөө жок. Тескерисинче, ошол акча менен “милицияны күчөтөлү, буларды куугунтуктайлы” деген аракет көрүп жатышат.
Турдакун, Бишкек:
– Кайнатаңызды кеңешчи кылып алганыңыз ачыкка чыкты эле. Азыркы төраганын бир тууган агасы – губернатор, муну айтышпайт. Эмнеге эч ким үн катпай жатат?
– Бул чоң саясат. Колумдан келсе, ар бир райондон, ар бир айылдан коомдук кеңешчи күтөйүн деген оюм бар болчу. Айлык акысы төлөнбөйт, мамлекеттен бир тыйын кетпейт. Ал элде болгон чындыкты айтып турмак. Менин кайнатам мага коомдук кеңешчи, анын үстүнө айлык албаса, ачуу чындыкты жеткирет да. Ал эми агасы губернатор, туугандары башка жерлерде иштегендер тууралуу мен өткөндө гезиттен окудум. Муну мен талкууга алсам, мен үчүн “неэтично” болот. Атамбаев “акасы” уруксат бербей жатса керек да. Эгерде уруксат берсе, анда айтып чыгышмак.
Нагима:
– Азыр кыргызга күйгөн жигиттерди аябай ур-тепкиге алып жатышат. Саясатта көпчүлүгү байлык топтоо менен убара. Кыргыз эли барып-барып жок болуп кетпейби?
–Мен да ушундан корком. Бүгүнкү күндө бири-бирибизге жаман айтышып отуруп, кыргыздык салтыбызды, руханий дүйнөбүздү жоготуп баратабыз. Кыргызды бөлүп-жаруу саясатчыларга адат болуп калды. Кыргызга накта патриот кыргыз гана күйөт. Кыргыз элин, кыргыз мамлекетин ошол адам гана көтөрө алат. Башка эч ким көтөрбөйт. Жакшы болсун деп эл бир эмес, эки төңкөрүш жасады. Бирок оңолбой жатабыз.
– "Кыргызга кыргыз гана күйөт" деп айттыңыз. Эртең бул сөзүңүз гезитке чыкса, Ташиевдей болуп ур-тепкиде калбайсызбы?
Тепкилесе тепкилеп, сүйлөсө сүйлөй беришсин. Мен эч качан корккон эмесмин, чындык болсо болду. Кечээ эле орус премьери Путиндин сүйлөгөн сөзүн уктум. Аябай жакшы сүйлөдү. “Орус эли эч качан бирөөгө чөгөлөбөйт. Орусияны орус эли гана көтөрөт” деди. Эмнеси жаман экен? Эгерде Кыргызстанды кыргыз патриоттору көтөрсө, мекенибизде жашаган кайсы улут болбосун, жашоо-турмушу оңолсо, баарына эле жакшы эмеспи.
Шайыр, Кара-Балта:
– Канча уул, канча кызыңыз бар? Кыздарыңызды көбүрөөк жакшы көрөсүзбү же уулдарыңыздыбы?
– Менин 3 уул, 3 кызым бар. Баарын жакшы көрөм. Уул – үй-бүлөдө кала турган адам, кыз – келечекте мейман, башка үй-бүлөгө кетет, туурабы? Ошон үчүн “кыздын кырк чачы улуу” дейт. Кыздарыма көбүрөөк жан тартам, чынында. Балдарымды болсо тарбиялайм, урушам. Кыз киши күйүмдүү, атасына жакын болот, ал эми уул апасына жакын болот. Сурооңузга рахмат, мага окшоп
3 кыз, 3 уулдуу болуңуз.
– Аракет кылып жатабыз.
– Анда жакшылап аракет жасаңыз (Ахматбек мырза ушул жерде каткырып күлүп алды).
Азиз, Бишкек:
– Кеткендер кетип жатат, Орусияга, Казакстанга... Мен деле башка жакка барып иштесемби деп ойлоп кетем. Бирок Кыргызстанды кыя албайм, мекенибиздин келечеги деги кандай болот? "Чоңдор" менен отуруп калганда ушулар тууралуу сүйлөшөсүздөрбү?
– Беш жарым миллион калкыбыз болсо, статистика боюнча, бүгүнкү күндө 1 миллион 200 миңден ашыгы Орусия жана башка өлкөлөрдө. Жакында Америкага барып келдим, ал жакта эле 10 миң мекендешибиз бар экен. Мунун баары жакшы көрүнүш эмес. Мен сизге кыргыз, саясатчы, патриот катары айткым келет, Кыргызстандын келечеги жакшы болот. Азыркы кыйынчылыктардын бардыгы эртең болбосо бүрсүгүнү унутулат. Бирок элдин үмүтү аткарылбай жатат, бийликти алмаштырып, ордуна башкалар келгени менен, жылыш болбой жатат. Өсүш жок. Мен ойлойм, эртеби-кечпи мунун баары алмашып, прогрессивдүү адамдар келет.
Кыргызстанда бүт байлык: суу байлыгыбыз, электр энергиябыз бар. Нефть да, газ да бүтөт, а биздин суубуз, жаратылышыбыз бар. Эң негизгиси, тарыхтан тарыхка, кылымдан кылымга сакталып келген кыргыз элибиз бар. Дүйнөдөгү кайсы гана музейге, архивдерге кирбеңиз, биздин тарыхыбыз сөзсүз жазылган. Ошондуктан, иним, сиз менен мен саясатты таштап, иш кылганга аракет кылышыбыз керек.
АХМАТБЕК МЫРЗА WWW.SUPER.KG САЙТЫБЫЗДЫН КОЛДОНУУЧУЛАРЫ КАЛТЫРГАН СУРООЛОРГО ДА ЖООП БЕРДИ.
Erik06068:
– Мен сиз жетектеген “Алай-Датка” волейболдук командасынын волейболчулары менен таанышмын. Бир-эки оюнчу турмуштун айынан Орусияга иштегени жөнөп жатышат. Шарт түзүп берип, аларды алып калса болобу?
– Cпорт, айрыкча командалык спорт чоң каражатты талап кылган нерсе. “Алай-Датка” деп Алай менен Оштон чыккан мыкты волейболчуларды тандап алып түзгөнбүз. Мен аларга формасын алып берип, машыгуу залын сүйлөшүп бергем. Колумдан келишинче жардам берип жүрөм. Бирок ар бирине бирден батир, унаа алып беришке азыр кудурет жетпейт. Келечекте ал да болот. Команданын ийгиликтери жакшы, Жогорку Лигаларда ойноп, 1-2-орундарды багынтып жатат. Алар жашоо-шартынан кыйналып жатышса, мен жардам бергенге даярмын. Жакынкы күндөрдө команда менен жолугушам, ошондо баарын сүйлөшөм.
Tooluk:
– Бакиевдин убагында салык комитетин “мыкчып” турган кезиңизде Сопу-Коргон айылына атаңыз Келдибек Белекбаевдин атын койдуруп алганыңыз туурабы? Көпчүлүк сопулуктар буга каршы экенине карабастан, тарыхта Сопу-Коргон деген ат менен калган айылды кара күчкө салып өзгөртүп алганыңыз кандай?
– Эгерде сиз менин атамдын тарыхын, кылган ишин билбесеңиз, китептен таап окуңуз. Бул 2005-жылы элдин сунушу менен болгон иш. Бакиевсиз эле, парламенттин чечими менен кабыл алынган. Мен айтат элем, сиз сопу-коргондук эмессиз же бузукусуз. Бул баягыдай дежур суроо. Сопу-Коргон айылы бүгүнкүгө чейин сакталган. “Келдибек Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтү” деп мурунку аты да, кийинки аты да жазылып турат.
Baratali0706:
– Ош аэропортундагы коррупцияны кантип жойсо болот? Аэропорттон жашыруун камерага тартып алган далилдерим бар, кааласаңыз сайтыңызга жүктөп коём.
Менин сайтыма жүктөп коюңуз, эгер далил болсо, сөзсүз түрдө жазасын алышы керек. Ош шаары, биздин Конституцияга ылайык, экинчи борборубуз. Ош аэропорту менен "Манас" аэропортун замандын талабына ылайык техникалар менен жабдышыбыз керек. Чек арадан биринчи кадам таштап өткөн адамдын мамлекетке болгон алгачкы таасирлениши ошол жерден башталат. “Аэропортто болбогон нерсе үчүн туристтерден акча алат, аларды кыйнайт” деп көп айтылат. Антсе, ал турист экинчи жолу бизге келбейт, туурабы?
Өнүккөн өлкөлөрдө паспорт көзөмөлдөөдөн, бажы постунан кантип өткөнүңдү сезбей деле каласың. Биз да ошол деңгээлге жетишибиз керек. Азыр депутаттар демилге көтөрүп жатышат, 40тан ашык өлкөгө визасыз кирүү маселеси боюнча. Буга да шылтоо таап жатышпайбы, “визасыз болсо, террорчулар кирип кетет” деп. Террорчулар эч качан каттоодон өтүп кирбейт өлкөгө. Эч коркпостон мамлекетти ачышыбыз керек. Ошондо консулдук, чек ара, бажы кызматтарындагы коррупция жоголот.
– Атамбаевди кандай адам катары көрөсүз? Ал өлкө башчысы болуп 2 мөөнөт турса, Кыргызстанды өзгөртө алабы?
– Эми бул экөөбүздүн ортобузда болгон сөздөр, ортобузда калган иш. Атамбаев айткан сөзүн аткара албайт, аткарган эмес. Ал экөөбүз иштешип жүргөн учурда мага көпчүлүк айтчу эле, “бул киши алдап кетет” деп. Мен ишенген эмесмин. Мына, убакыт көрсөттү. Ишине ийгилик каалайм. Эгерде Кыргызстанды өнүктүрүп, өстүрүп, алдыга сүйрөп кетсе, “хвала и честь”.
Ошол эле Акаев буга куугунтук жасаган, Бакиев куугунтук жасаган. Бүгүнкү күндөгү анын иши, ошондой куугунтуктарды кайра жасап жатканы эч кандай рамкага сыйбайт. Анткени өзү көргөн кыйынчылыкты “эми мен башкага көрсөтүшүм керек, туура эмес болсо да жасашым керек” деген ой-пикири туура эмес. Бул оюнан кайтышы керек.
Мен таң калам, мейли, биз жакында эле оппозиция болдук. Бирок бизден башка деле көптөгөн адамдар өз ой-пикирлерин айтып жатышат. Атамбаевдин же Бабановдун парламенттеги эмес, эл арасындагы оппозицияларга “биздин кандай аткара албаган жумушубуз бар? Кандай ишти аткара албай жатабыз?” деп, алар менен ой-пикир алмашканын уктуңузбу? Ким көрдү? А буга чейин айтышчу эмес беле, “бизди бийлик укпайт, биз менен сүйлөшпөйт, оюбузду укпайт” деп. Унутуп калыштыбы азыр? Бул баягы Шералы хандын чокоюндай болуп жатат да. Булардын чокоюн да маңдайына илип коюш керек экен. Адам бийликке келгенде эле унутуп калат турбайбы. Сөзсүз түрдө чокоюн илип коюш керек.
"СУПЕР-ИНФОдон" СУРООЛОР
– Бир жыл бою парламент башчысы болуп отурдуңуз. Бул жыл сизге кандай сабак, өкүнүч, кубаныч, ийгилик алып келди?
– Кыска, бирок нуска деп коёт. Биздин мамлекеттин башкаруу системасы өзгөргөн мезгилде келдим. Бул жерден мен аябай чоң сабак алдым. Саясий партиялар менен, башынан көп нерсе өткөргөн саясатчылар менен акыл алмашып, иш алып бардым. Анын жыйынтыгы деп биздин парламенттик башкарууда парламент катары түптөлүп калышыбызды айтам. Андан сырткары, Баш мыйзамдын талабына ылайык, былтыркы жылы эң керектүү мыйзамдарды убак-саатында карап өзгөртүп, өткөрүп алганыбыз. Сот системасы боюнча биз пакетте турган 5 чоң мыйзамды кабыл алдык. Ошондой эле саясий туруктуулукту орноттук. Бул менин төрага катары бирден-бир максатым болчу.
1 жыл иштеп, негизги максатка жеткен соң ар бир адам андан кубаныч гана алышы керек. Мен төрагалыктан чоң тажрыйба алдым. Өкүнө турган эч нерсе жок. Элге бир жыл иштеп бердим, жаман-жакшы сөз айтылган жок. Мен ушуга ыраазымын.
Азыр кичине өзүмө келип, ден соолугум да калыбына келип калды. Мурун чоң кызматтагылардын көздөрү шишип жүрсө ойлочумун, “түндө уктабай тойдо болгон го” деп. Андай эмес экен, баары нервден, чоң жоопкерчиликтен экен.
– Парламент, бүткүл республика чуу салып жатып кызматтан кеттиңиз. Үй-бүлө, ата-энеңиз кандай кабыл алышты? Мындай оор кырдаалдан өзүңүз кантип чыктыңыз?
– Эң башкысы, мага, менин кылган ишиме элдин берген баасы сасык саясатчылардын берген баасынан миллион эсе кымбат турат. Мага Атамбаевдин баасы керек эмес. Кызматтан кеткенимден эч кандай трагедия жасаганым жок. Үй-бүлөмдө, тууган-уруктарда деле ден соолук болсун, алтын баш аман болсун дейм. Менде азыр үй-бүлөм менен болууга убакыт жетиштүү болуп калды. Ушуга сүйүндү үй-бүлөм. Кээ бир саясатчылар болот го, кызматтан кетсе эле жер жарылып, асман түшүп кеткендей сезишет. Мен андай эмесмин. Тескерисинче, сүйүнүп, ойноп-күлүп эле жүрбөймүнбү?
– Камчыбек Ташиев бизге берген маегинде "Ахмат мени сатып кетти, кийин кечирим сурады" деди эле. Чын эле төрагалык орун досуңузду сатууга чейин жеткирдиби?
– Мен сатылып кеткидей кандайдыр бир буюм эмесмин. Экинчиден, төрагалык – мамлекеттеги эң чоң кызматтардан экөө болсо, анын бири. Эгерде таза, туура шайлоо өтсүн, саясий стабилдүүлүк болсун десек, мамлекеттин эң жогорку кызматындагы адам шайлоого аралашпашы керек. Ал калыс мамиле кылып, мыйзамдын чегинде гана турушу зарыл. Мен шайлоо учурунда төрага болбосом, анда башка сөз эле. 4-мартта Ошто, Караколдо, Токмокто шайлоо болгону турат. Эл бийликтин шайлоого аралашып жатканына нааразы. Мен өзүмдү ушуга мисал катары гана көрсөтө алдым, бийлик аралашпаш керек. Дос болобу, бир тууган болобу, бийликте турганда баарына калыс мамиле кылышы кажет.
– Сизди көп байлыктын ээси деген маалыматтар интернетке чыкты. Чын эле ушундай байлыкка ээсизби?
– Бул боюнча интервью бердим го?! Эми ал журналист боюнча азыр адвокаттар иштеп жатышат. Менин соттошоюн деген деле оюм жок. Ал жерде менин келинчегиме байланыштырганы үчүн келинчегим сотко берип жатат. Демократия, соттошсо соттошо берсин. 7-апрелден кийин дагы ушундай кара пиар кылып көп нерсени жазган. Каяктагы мен өзүм билбеген мекемелерди, мүлктөрдү, “ушуга таандык экен” деп. Бул деле ошондой кара пиардын бири. Буга эч таң калбаш керек, эртең башка бир нерсе жазып чыкса, ага деле таң калбаш керек. Мен ага таң калгандан өткөм. Кээ бир саясатчылар бар го, атайын дежур суроо бердирип, анан өчүрүп коюп. Баягы орус породасындагы кичине күчүктөр бар го, кандек. Аябай үрүп келет да, тиштебейт, тура берет. Дворняшка дейби, бутуң менен тээп койсоң каңкылдап качып кетет. Мен ошолорго теңейм аларды. Көңүл да бурбайм.
– "Камчы Көлбаев менен жолукту" деген маалыматты акыр-аягына чейин ушак деп четке кагып жаттыңыз. Ушак болсо, айыптап чыккан адамдарды эмне үчүн сотко берген жоксуз?
– Мен буга жетиштүү эле жооп берип бүттүм го?! Эмнеге берейин сотко, эгерде жолугушпасам? Айыптап мага эч ким күнөө койгон жок, "жолугушкан имиш", "ошол жерде болгон имиш" деп жатат. Мен буга эки ооз сөз менен эле жооп берем. Мен ошондо суроо бердим, “ошол мезгилде Камчыбек Көлбаев издөөдө жүргөнбү же камактан качып кетти беле?” деп. Мага расмий түрдө ИИМден жооптуу адамдар айтышты, “ал эркин адам болчу” деп. Депутат деген азыр түрмөгө кирип жолугуп жатышат, туурабы? Бул анын иши. Мына, Бабанов Ош облусуна барып келди. Эртең бирөө “Ош облусунда баланча жерде жолугушуп жатканда ОПГнын мүчөлөрү турган” деп айтып чыкса, анда Бабанов күнөөлүү болушу керекпи? Атамбаев Москвага барып келди, “Манастын эстелигин ачып жатканда жанында ОПГнын мүчөлөрү турган” десе, Атамбаев күнөөлүү болбошу керек да. Бул эмне дегендик? Жөн эле саясий оюн. Ал тургай жооп берүүгө да арзыбаган нерсе.
– Бош убактым көбөйүп калды деп калдыңыз, эмне менен алек болосуз?
– Иштейм деген адамга иш толуп жатат. Мисалы, мен экономика илимдеринин кандидатымын, азыркы учурда доктордук иш жазып жатам. Кудай буюрса, быйылбы, кийинки жылыбы, айтор, бардык шарттарын аткарып бүтсөм, доктордук ишимди коргойм. Экинчиден, турмушту активдүү өткөргөндү жакшы көрөм. Кыргыздын улуттук оюну – улак тартышты жакшы көрөм. Ат мингенди, теннис ойногонду жактырам.
– Балдарыңыздын ичинен сиздин жолуңузду улай турганы, саясатка кызыкканы барбы?
– Ата-эненин милдети – балдардын келечегин ойлоп, биринчи аларды окутуу. Балдарды жогорку билимдүү кылып, татыктуу үй-бүлө куруп кетиши үчүн үйлөндүрүп койсом, менимче, калган турмушун өздөрү алып кете алышат. Ошондуктан балдарыма эң негизги талап – алардын мыкты окушу.
Улуу балам окууну бүтүп, үйлөнүп, Кеминден кудалуу болдум. Кийинки уулум өз күчү менен институтка өтүп окуп жатат. Андан кийинки уулум азыр мектепте окуйт, ошонум гана кичине "3", "4" деген баа алат, калгандары жалаң "5ке" окушат. Кыздарым англисче окушат. Үйдө экөө бизден бир нерсени жашыргысы келсе, англисче сүйлөшүп калышат. Эң кичине кызым жакында 1 жашка чыкты.
Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg