Сүйгөнү үчүн жанын кыйгандар жомоктордо, дастандарда эле жолукчудай сезилет, көпчүлүгүбүзгө. Канчалык кайгылуу, канчалык кейиштүү болбосун андай тагдырлар бүгүнкү күндө да кездешет.
МИФ ЭМЕС, АЯНЫЧТУУ ТАГДЫР
Гезитибиздин өткөн сандарында аскердик окуу жайда асынып каза тапкан курсант Таалайбектин табышмактуу өлүмү тууралуу жазган элек. Бул окуянын тегерегинде көптөгөн суроолор туулуп, алигиче толук чечилип бүтө элек. Ушул окуяга эле улай “Балыкчыда Таалайбектин сүйлөшкөн кызы жигитинин аркасынан асынып алыптыр” деген кеп таркаган. Бардык ММКлар дуу эттирген бул кабардын чын-төгүнү аныктала элек болчу. Бири “ооба, бул чын” десе, экинчилери “бул жөн гана дал келүүчүлүк” деп, ал эми үчүнчүлөрү “экөө таарынышып жүргөн экен” деп айткандар да болду. Акыйкатчы институтунун кызматкери Улан Жолдошбеков “Таалайдын сүйлөшкөн кызынын асынып өлгөнү тууралуу Кочкорго барганда айылдаштарынан укканбыз. Бирок бул маалыматты тактай алган жокпуз” деп билдирген эле. Ал эми Таалайбектин атасы уулунун эч кандай сүйлөшкөн кызы жок экенин айткан. Биз каза болгон Жамилянын атасы Эркинбек байке менен телефон аркылуу байланышып, андан жооп алдык. Түйүн ого бетер чиелене түшкөндөй болду.
"ЖАМИЛЯНЫН КАТЫН ОКУГАНГА ЖҮРӨГҮМ ЧЫДАБАДЫ"
– Эркинбек агай, кызыңыздын арты кайрылуу болсун. Бул тууралуу көп сөздөр айтылып жатат, чындыгында, окуя кандай болду?
– Жамиля үй-бүлөдө жалгыз кыз болчу, бир агасы жана иниси бар. Ал Таалайбек менен бир жылдан бери сүйлөшүп жүрчү экен. Биз бул тууралуу билген эмеспиз. Ал жигит тууралуу кабар чагылгандай тарап, теледен миң кайталап көрсөтүп жатышпадыбы. Аны биз деле көргөнбүз, бирок маани бербептирбиз. Таалай 30-январь күнү каза болсо, кызыбыз Жамиля 2-февраль күнү, түштөн кийин ушундай кадамга барып жатпайбы!..
– Жамиля 11-класстын окуучусу экен, Таалайбек менен кандай таанышып калгандыгы жөнүндө кабарыңыз барбы?
– Тилекке каршы, кайдан, кантип таанышкандыгы жөнүндө мен да, апасы да билбей калдык. Ал биз үчүн сыр бойдон калды. Экөө бири-бирин жакшы көрүп, бир жылдан бери сүйлөшүп жүргөнүн кызымдын акыркы катынан гана билдик. Кызыбыз Балыкчы шаарынын №4-гимназиясында окучу. Жакында эле райондук олимпиададан биринчиликти алып, Караколдогу облустук олимпиадага катышууга даярдык көрүп жаткан. Алдыга койгон максаттары көп болчу. Мектепте окуучулардын алды эле. Олимпиада, ар кандай сынактарга дайыма катышып, биринчиликти алып келчү. Кызыбыз балдар менен таанышмак турсун үйдөн чыкпай, жадакалса “дүкөнгө барып келчи” десек болчу эмес. Минтип сүйүүгө кабылып, кыйналып жүргөнүнөн бизде кабар жок эле да. Бул иш кандайча болуп кетти, түшүнбөй калдык.
– Ошол күнкү окуяны айтып берсеңиз. Балким, мүнөзүндөгү өзгөрүүлөрдү байкагансыздар...
– Эч кандай белгилерди деле байкаган жокпуз. Бейшемби эле. Үйдө үчөөбүз: мен, Жамиля, кичүү уулум болуп отурганбыз. Жубайым жумуштар менен бир жакка кеткен. Таң эрте мен да иштер менен Кочкорго кеттим. Жамиля жаңылыктардан кийин эле ичинен кыйналып, анан жалгыз калганда жанагы ишке барып жатпайбы. Уулум түштөн кийин сабактан келип, кызымды асынып алган жеринен тааптыр.
– Кат жазып кеткен тура. Эмне дептир?..
– Мен кызымды укканда шок болуп калдым. Катты колума алып окуй албадым, ага жүрөгүм чыдабайт болчу. Туугандарым окуп, мага айтып беришти. Жамиля катында “Таалайбек мага “август айында ата-энем, бир туугандарым менен тааныштырам” деген. Ата-апа, эсиңиздердеби, сиздер “айылдык балдар эле жакшы болот” дебедиңиздер беле? Таалайбек айылдык бала, анын мүнөзү токтоо, аябай жоош жигит. Ал сиздерге сөзсүз жакмак. Ал ушунчалык уялчаак болчу, мага “жаным” деп айткандан уялып, ал сөздү СМС аркылуу гана жазчу. Мен Таалайдын жанына кеттим. Ата-апа, мени кечиргиле, мен кетсем да дайыма жаныңарда болом...” деп жазыптыр. Көрсө, Таалайбек өзүбүздүн эле айылдан экен. Ал Кочкордун Шамшы айылынан болсо, биздин түпкү тамырларыбыз да ошол жактан, тууган-урук бар. Кочкорго каттап турчубуз. Мындан 30 жыл мурун ата-энем болуп Балыкчыга көчүп келип, ушул жакта жашап калганбыз.
– Таалайбектин атасы уулунун сүйлөшкөн кызы бар экендигин билбей турганын айткан...
– Таалайбектин атасы “туугандарынын эч кимисине сүйлөшкөн кызы бар экендигин айткан эмес, болсо биз деле укмакпыз” деп айтыптыр. Чындыгы кандай экенин билбейм. Жамилянын жигит менен сүйлөшүп жүргөнүнөн биздин деле кабарыбыз жок эле. Экөө кантип, качан таанышканын да билбей жатпайбызбы. Улуу балам шаарда, студент. Ал “ата, гезиттер биздин кызыбызды жабыштырып, бул жакта легенда кылып жатышат” деп ыйлап телефон чалды. Мен уулума “көңүл бурба, жаза беришсин” деп соороттум. Андан башка эмне дейм, арга жок. Кызымдын акыркы каты альбомдун эки барагына жазылыптыр. Он гүлүнүн бир гүлү ачылбай жатып ушинтип кетип калбадыбы. Жубайым, уулдарым менен азыр кайгы менен ыйдын үстүндө жашап калдык.
– Кызыңыздын телефонунда Таалайбектин номери же СМС-билдирүүлөр сакталып калыптырбы?
– Акыркы айда Жамиля телефонун талкалап алган. Экраны көрүнбөй калган. Бул боюнча кылмыш иши ачылып, ошондо эле телефонун, симкаларын, катын алып кетишкен болчу. Кайра алып келишкенде эч кандай номер сакталбаптыр. Бул тууралуу да билбей калдык.
Окурманды эми бир аз артка кайрысак. Таалайбектин өлүмүнө тиешелүү эки версия каралып жаткан. Бири “өзү асынып алган” делинсе, экинчиси “Таалайбекти асып коюшкан” деген. Ал эми бул иш тууралуу Таалайбектин атасынан сураганыбызда ал “бизге “16-февралга чейин жыйынтыктап беребиз” деп убада беришкен, иликтөө жүрүп жатат. Бирок натыйжа чыга элек. Экспертизанын материалдарын Казакстанга да жиберген жатабыз” деп билдирди.
Эки жаш адамдын өмүрү ушинтип соолуп калыптыр, окурман. Бул окуя болбогондо Таалайбек менен Жамиля өздөрү кыялданган той күнүнө жетип, балким, бактылуу болушмак. Орду толгус жоготуу...
Кечир мени
"УУЛУМ, ЖУБАЙЫМ, ТҮЙШҮККӨ САЛГАНЫМ ҮЧҮН КЕЧИРГИЛЕ!"
Кетирген каталарыбыздан улам жүрөгүбүзгө өкүнүч түнөктөп алат. Бүгүнкү каарманыбыз Рахат учурда Орусияда камакта отурат. Ал эми биздин редакцияга келген катында жалгыз уулу Дөөлөткө байланыштуу ой толгоосун жазган. Анда катка көңүл бурсак...
– Мен 1979-жылы туулгам, атым Рахат. Эл катары эле мектепте окуп, жашоодогу өз жолумду тапсам деп аракеттенип жүрдүм. Күндөрдүн биринде темир жол жакка барып калдым. Ары-бери чууруп өткөн поезддердин вагондоруна тигиле карап, поезддин карааны көрүнбөй калгыча узатып турдум. Эмнегедир бала кезимден эле алыс жол жүргөндү жакшы көргөндүктөнбү, бүт өмүрүмдү жол жүрүүгө арнагым келчү. Мектепти аяктаган соң проводниктин жардамчысы болуп иштеп жүрдүм. Кызыгуум ар бир рейс сайын күч алып, кийин атайы окуусун аяктап, муну кесип катары аркаладым. Тынымсыз эл, жол, көптөгөн адамдар менен баарлашуу... Баары тең ойдогудай эле.
Ишим менен алышып жүрүп, түбөлүк жарым Салимага туш болдум. Экөөбүз үй-бүлө күтүп, Дөөлөт аттуу уулдуу болдук. Кубанычтын чеги жоктой эле ал учурда. Орусияга эртерээк жетсем экен деп, ал жактан үй-бүлөмө эртерээк кетсем экен деп шашылчумун. “Убакыт – учкан куш” дейт, билинбей уулум бирге толуп калды, мен мурунтан эле чоң той берем деп кыялданып келгенмин. Уулумдун тушоосун кесип, той өткөрөм деп бир жумага рейске кеттим.
Свердловск шаарына жетип калганбыз, чек арада катуу текшерүү болот эмеспи. Мен адаттагыдай өз жумушумду аткарып, таң эрте вагондорду текшерүү менен алектенип жүргөм. Бир бош вагонду текшерип жатып баңгизат таап алдым. Таң калып турсам, үстүмө чек аранын кишилери кирип келди.
– Бул кимдики?
– Билбейм, бул жакта эч ким жок. Ээси жок, бул вагон бош экен.
– Демек, бул сеники...
Ортодон көптөгөн ызы-чуу чыгып, сөз көбөйүп кетти. Териштирүү, участок, колума салынган кишен... Ал күндү эстегим келбейт. Бейкүнөө кесилип жатканыма көзүм жетип турса да, жат жерде укугумду коргой албадым. Адвокат жалдап, канча акча кетти? Беш миң долларга жалдаган адвокатыбыз сотко келбей алдап кетти. Ошентип, 8,5 жылга эркимен ажырап калдым. Баламдын тушоо тоюн өткөрөм деген максатым ишке ашпай калды. 2006-жылдын март айынан бери Орусияда түрмөдө отурам. Буюрса, 2014-жылы, сентябрь айында чыгам.
Мен акыркы рейске кеткенде уулум Дөөлөт бир жашта эле. Азыр мектепке барып калды, ата-энемдин колунда. Келинчегим мага жакын болуш үчүн бул жакта иштеп жүрөт. Таштап басып кетпей колдоп жатканына аябай ыраазымын. Ал эми башкалар жөнүндө айтсам, тагдырым жанчылып, жабыркап турган кезде көптөр менден бурулуп кетти. Өз деген жат болуп, жат адамдар өз болду. Кыйналып калганымда гана адамдардын чыныгы жүзүн көрдүм. Өкүнгөнүм, уулумдун жанында жетелеп чоңойто албагандыгым. Мен уулуман, ата-энемен, жубайыман ушундай азапка салганым үчүн кечирим сурагым келет.
Уулума
Кантейин, мен өзүм колдон алып,
Мектебиңе жетелеп бара албадым.
Чеги жок кубанычыңды тең бөлүшүп,
Ушул күнү жаныңда боло албадым.
Жолуң ачык, келечегиң кең болсун,
Орундалсын ой-максатың, тилегиң.
Эгер, уулум, керек болсо сен үчүн,
Чукуп берем кош көзүмдүн карегин.
Рахат
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg