ЭРТЕ КЕЛГЕН ТУРНАЛАР

24-февралда Орусия Премьер Лигасындагы трансфердин акыркы күнүндө Орусия курама командасынын капитаны Андрей Аршавин эски клубу орусиялык “Зенитке” өтүүгө жетишип калды. Лондондук “Арсеналдан” 2012-жылдын соңуна чейин ижарага келди. Аршавин үчүн питердик клуб “Арсеналга” 1,5 миллион доллар төлөмөкчү. Ал эми Шава 3 жыл ойногон “замбирекчилердин” курамынан кеткенин командада майданга аз ойноп жатканы менен түшүндүрдү. Эске салсак, "ЕВРО-2008ден" кийин “хит” болуп жер-жерлерге тараган футболчулардын баары кайтып келди. Алсак, лондондук “Тоттенхэмге” өткөн Роман Павлюченко орусиялык “Локомотивге” келсе, “Эвертондо” ойногон Данияр Билялетдинов “Спартактын” курамына кошулду. Орусиянын “Анжи” футболдук клубу да бул мезгилде голландиялык машыктыруучу Гус Хиддинк менен келишим түздү. Бир жарым жылдык келишимдин негизинде ал кеминде 10 миллион доллар алмакчы. Муну океңдер "Орусияда акча таап, Түркияда эс алган Хиддинктин акчасы түгөнгөн экен" деп тамашалашууда.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Bishkekchanin
2012-03-05 15:54:20
Билялетдинов эмес, Биялетдинов!
0
Sanjarbratt
2012-03-05 20:19:45
"Орусияда акча таап, Түркияда эс алган Хиддинктин акчасы түгөнгөн экен"))))))))))))))
0
777bazamat
2012-03-06 11:15:38
эх Bishkekchanin туура эмес Билялетдинов эле жакшылап интернеттен карап корсон ))
0
FIRDAUS
2012-03-10 02:28:24
фамилиясы туура эле жазылган бирок аты Данияр эмес Динияр.себеби ал татар.
0
Puwkin
2012-03-14 11:11:57

Данияр эмес Динияр dep koydungo 2.15.30 bolup kaldygo. Kanday tuwunso bolot?
0
№ 487, 2-март - 8-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан