Былтыртадан бери чет жерде ойноону көздөгөн футбол боюнча улуттук курама команданын жана “Дордойдун” коргоочусу Азамат Байматовдун максаты ишке ашты. Ал жакында Орусияга барып, өлкөнүн Биринчи Лигасында ойногон “Сибирь” футболдук клубу менен келишим түзүп келди. Келишим боюнча, “сибирликтердин” курамында Байматов 2012-жылдын 31-майына чейин ижаралык негизде ойномокчу. Эмне дейбиз, Орусиядан футболдук оомат ала кел.