БАЛБАНДАРДАН ТРИУМФ

Акыркы кездерде дайыны чыкпай калган балбандарыбыз жакында Түштүк Кореяда жыйынтыкталган күрөш боюнча Азия чемпиондугунан олжолуу кайтышты. Алсак, Магомед Мусаев (сүрөттө, 96 килограмм салмакта) эркин күрөш боюнча алтын тагынып кайтты. Ал эми грек-рим күрөшү боюнча Калыбек Жолчубеков (55) менен Атай Койчукулов (60) коло тагынышса, кыздар да кем калышпады. Кыздар арасында эркин күрөш боюнча Мехринисо Нурматова (48) менен Анарбек кызы Алтынай (67) коло менен кайтышты. Эске салсак, мелдешке экинчи курам барып келди. Негизги курам Астанада өтүүчү Лондон Олимпиадасына жолдомо берилүүчү мелдешке даярданып жатат. Эми мындай ийгиликтер жолдомо берилүүчү мелдештерде кайталанат деп туралы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Altynbek.KG
2012-03-13 11:42:06
Alga KYRGYZ JIGITTERI
0
№ 487, 2-март - 8-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан