17-19-февралда Бишкектеги “Стронг” бокс жана фитнес залы эрежесиз эр уруш боюнча Кыргызстандын чемпиондугун кабыл алды. Мелдеш жаштар, өспүрүмдөр, кыздар жана чоңдор арасында өтүп, өлкөнүн түрдүү аймактарынан келген 320 мушкерди чогултту. Таймаштар өтө курч мүнөздө өтүп, залга толгон элдин купулуна толду. Натыйжада, байгелүү орундардын жалпы эсеби боюнча жаштар арасында “Илион” клубу озуп чыкты. Ал эми кыздар менен өспүрүмдөр арасында Нарын командасы биринчиликти алса, кызуу өткөн чоңдор арасындагы таймаш “стронгчулар” үстөмдүгү менен жыйынтыкталды. Чоңдор арасында жеңүүчүлөр:
Каныбек Бейшеев (55, “Стронг” командасы)
Гүлжигит Абдилазизов (60, “Алыш”)
Доктурбек Ибраев (65, “Стронг”)
Актилек Жумабек уулу (70, “Стронг”)
Кубаныч Токтомуратов (75, Ош ШИИБ)
Нурсултан Мурадилла уулу (80, Кара-Суу)
Рамазан Никарамазанов (+85, “Стронг”)