26-февралда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинин концерттик залында кол күрөш (армрестлинг) боюнча Кыргызстандын 7-чемпиондугу болуп өттү. Өлкөнүн түрдүү аймактарынан келген 130 балбан билек 7 салмак категориясында жалаң оң колдору менен күч сынашышты. Мелдеш көрүүчүлөрдүн катуу сүрөөнү алдында өттү. Жыйынтыгында кыз-келиндер арасында Айнура Асанбекова жеңүүчү аталса, 40 жаштан жогорку ардагерлер арасында Геннадий Старастенко чемпион болду. Ал эми эркектер арасында 60 килограмм салмакта Закир Лежеров, 70 килограмм салмакта Артём Ярулин чемпион аталды. Күндүн каарманы таластык Бекзат Кожомбердиев болду окшойт. Ага кыйын деп эсептелген 80 жана 90 килограмм салмактарда эч ким тең келе алган жок. Ал эми абсолюттук салмакта Евгений Лукьянов алтын тагынды. Жеңүүчүлөр КРнын Кол күрөш федерациясы тарабынан акчалай сыйлык алышты.