МЕҢДИ МАМАЗАИРОВА: «Сүйүүмдү жыйырма жылдан кийин билдиргем»

Биринчи жолугушуу…

– Жолон экөөбүздүн айылыбыз айтылуу Ак-Буура суусунун эки өйүзүндө жайгашкан. Жолондун айылы Төлөйкөн, менин айылым Коңур-Жаз деп аталчу. Биздин айылда көктөм менен катар кызгалдактар жайнап калат. Алыстан карасаң тим эле укмуш, куду өрт ар тараптан каптап келе жаткандай сезилет. Балалыгым ушундай кооз, ажайып жерде өттү. Ошол секелек кезимде Жолонду биринчи жолу көрдүм. Ошол кезде менин жашым ондордо, ал эми Жолондун он үчтөрдөгү кези окшойт. Таятам Кадырдан калган укмуш өрүкзар боло турган. Мен жылаңайлак болуп алып, эки этегимди көтөрүп, ошол жерде сууну чалпылдатып ойногонду жакшы көрчүмүн. Ошентип, ойноп жатсам алдымдан ат минген бир өспүрүм бала чыкты. Негедир оозду ача карап калыпмын. Ал болсо: “Эй, кыз, атаң менен апаңа айт, эртең баланчаныкына тойго барсын!”- деп кыйкырып калды. Мен негедир кычаштык кылгым келдиби, “айтпайм!” деп коюп качып кеттим. Азыр таң калам, Жолондун ошол элеси күнү бүгүнкүдөй жүрөгүмдө калыптыр. Ал тургай кандай ат минип турганы, маңдайына бир аз түшүп турган көкүлү да күнү бүгүнкүдөй көз алдымда…

“Сенин Жолонуң”

– Ошентип, сегизинчи класста бөлөк айылда окуган Жолондон сүйүү катын алдым. Кызык, негедир сиз деп жазыптыр. Бир аз убакыт өткөн соң ал мага жолугам деп келди. Бир жүрөксүп, бир уялып, айтор, шаарга качып кеттим. Кайтып келсем китептеримдин арасында эки куплет ыр турат. Аягында «Сенин Жолонуң» деп койгон экен. Ого бетер жүрөгүм бүлүнүп, тыпырадым да калдым. Ошол эки ооз сөз үчүн асманга чыгып, жерге түшүп кыйналганым эсимде. «Бул эмнеси, сенин Жолонуң деп коёт» деп ичимден бир таңкалам, бир ачууланам. Көрсө, ошондо эле жүрөгүмө атын жазып кеткен окшобойбу…

Кийин да мага арнаган ар бир ырынын аягына “Сенин Жолонуң” деп жазып жүрдү, менин Жолонум...

Таарыныч

– Сүйүшкөндөрдүн ортосунда таарынычтар деле көп болот го. Жолон экөөбүздүн сүйүүбүзгө да тоскоолдуктар болду. Ошондой тоскоолдуктардан улам, мен аны менен сүйлөшпөйм деп чечтим. Бир баштык катын өзүнө тапшырып “болду, мындан ары жолукпайбыз” деп айттым. Ал мени таарынычтуу карап туруп «мейли, сенин сүрөттөрүңдү салып жиберем” деди да кете берди. Андан кийин кыйналганымды сураба. Бирок Жолон сүрөттөрүмдү берип жибербей эле кайра ыр менен кат жазып жибериптир.

«Кетесиңби жүрөгүмдөн
жакшы бар,

Мезгил бизди билиндирбей
жат кылар.

Кээде гана чөлдө калган
курмадай,
Сени эстесем жүрөгүмдө жаз турар...» деген саптары бар эле. Ошол кезде жаштардын арасында ушул эки сап аябай популярдуу болуп кеткен.

“Жоке, мен сени сүйөм”

– Буйрук экен, экөөбүз баш кошуп калдык. Жүрөгүмдө жалгыз Жолон болсо да “сүйөм” деп бетине айта алчу эмесмин. Намыстанчу белем, же уялчу белем, же заман ушундай беле ким билсин? Кызыгы, ошол сөздү төрт балалуу болгончо айтпаган экем. Мага айтпаганы менен Жолон көкүрөгүндө ошол сөздү күтүп жүргөн окшобойбу?! Бир ирет ал бир айлык окууга Москвага кетти. Төлөйкөндүк студент балдарды жумасына бир чогултуп, тамак берип турчу адатыбыз болор эле. Аларга тамак берип жатсам, телефон шыңгырады. Жолон экен. Ал-жайды сурашкандан кийин эмне эсине түштү ким билсин, «ты меня любишь?” деп атпайбы. Үйдөгү балдардан уялып мен “ооба, ошондой” деп коём. Ал “жок, мунуң жарабайт, миңдеген чакырым жерде турсам, менден ошол бир ооз сөзүңдү аяйсың!” дейт. Тигилердин көзүнчө тердеп- тепчип уялганымды айтпа. Жадаганда телефонду таштап салдым. Дагы чалат. Ошентип, кечке сүйлөштүк. Айлам кеткенде узарткычты улап алып башка бөлмөгө бардым. Ошондо гана биринчи жолу «Жоке, мен сени сүйөм» дедим. Ал «это другое дело» деп компоюп, телефонду коюп койду. Эртеси чалып ”Меңдушка, кечээ көп сүйлөшүп коюптурбуз. Мага акча сал» деп атпайбы… Ошентип, жыйырма жылдан кийин сүйүүмдү билдиргеним үчүн өзүм кайра 100 рубль төлөгөм.

Кат...

– Экөөбүз кат менен сүйлөшчүбүз. Жолон катты да өзгөчө жазчу эле. Эмнегедир кат жазуунун өзүндө кандайдыр бир ырахат бар сыяктуу сезилчү. Бет маңдайыңа келгенде катка жаза турган сөздөрдү айта албайсың го. Анан катты күткөндү жакшы көрчүмүн.

Күлкүлүү окуя

– Жолон биринчи жолу мени ашканага алып кирди. Азыркылар кафеге алып кирет го. Биринчи курсмун, сүрдөп жаман болуп атам. Жолон болсо менюну карап бир нерсе заказ кылды. Азыр ойлосом гуляш экен. Мен байкуш тигини бычак менен кесип жейт экен деп ойлоп жатам. Колумдан бычак түшүп кетеби же вилканы туура эмес кармап аламбы деп бушайман болуп жатам. Кашык менен күрүчүн жеп алсам, Жолон “этин жебейсиңби?” деп калды. Мен кыйын болуп “этти жакшы көрбөйм” деп коюп жатпаймынбы. Кийин аябай күлүп жүрдү. “Меңдушка, сен этти аябай эле жакшы көрөт турбайсыңбы, болгондо да чүйгүнүнөн тандап жейсиң го!” деп чычалатып калчу.

Кызганыч

– Жолон мени Маяковскийден кызганчу. Анткени Маяковскийдин ырларын жакшы көрчүмүн. Анын сүрөттөрүн, ырларын чогултуп алчу элем. Үйлөнгөндөн кийин менин коллекциямды көрүп, ичи тарып кызганганы али да болсо эсимде.

Көзүмдөгү берметтер…

– Мен эркектердин арасында өскөндүктөн аябай эрке мүнөз, айтканымдан кайра тартпаган курч, беттегенимди алмайынча жаным тынбаган мүнөзүм бар эле. Ошонум Жолонго аябай жакчу. Анан кээде казан-аяк кагышып кетет. Андайда Жолон эч нерсе дей электе эле көз жашым “фонтандай” атылып кетет. Ал мени карап бир таңкалып, бир суктанып алчу да, анан:

«Көзүңдөн бермет чачырап,
Ыйлаган кезиң майрамдай...” деген ыр саптарын айтып кирчү.

Кусалык

– Жолон командировкага кеткенде аябай сагынышып калчубуз. Анан да кызыктай адатыбыз бар эле. Жолукканда экөөбүз тең эч нерсе дебей бекем кучакташар элек да, жаш балдардай ыйлап-ыйлап алар элек. Анан да бир топко кучакташып тура берчүбүз. Кызык эле экенбиз. Ойлосоң эми, чоң эле адамдар төрт баланын көзүнчө ыйлап жатышканын... Балким, ичтеги сагынычыбызды, сөз менен жеткире албаган кусабызды ушинтип билдирсек керек. Анан көз жашыбызды сүртүп алып, ал-жайды сурашчубуз.

Жакшы ата

– Жолон экөөбүз бактылуу жашадык. Маяк, Улан, Айгерим, Азамат аттуу балдарыбыз бар. Улуу балам менен кичүү балам ыр жазып калышат. Кызым орусча жазат. Жолон балдарын өтө жакшы көрчү. Кичинекей кездеринде Москвагабы же башка жакка барабы, айтор, ар дайым белексиз келчү эмес. Анан да кичүү уулун “дозум Асамат” деп атайы “с” менен “з” тамгаларын алмаштырып сүйлөп жинине тийчү. Тигил болбой эле «мени досум Азамат” деп айт дечү. Бала бакчага барганча экөөнүн талашы ушул болчу.

Жоготуу

– Тоом урады, күйүп турган жарыгым өчтү. Жолонумду жоготуп алдым... Кырк сегиз жашында Жолон бизди таштап кете берди. Жүрөгүмдү кошо ала кеткендей болду. Өх, мен мындай жоготууну касыма да каалабас элем! Бирок жүрөгүмдөгү Жолон деген жалынды ажал дагы өчүрө алган жок…

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 328, 13-19-февраль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан