ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Орусия

ПУТИНГЕ КОЛ САЛУУ АРАКЕТИ ИШКЕ АШПАЙ КАЛДЫ
Өкмөт башчы жана президенттикке талапкер Владимир Путинге кол салуу аракети даярдалганын орусиялык Биринчи канал айтып чыкканы коомго сенсация болду. Орус-Украина укук коргоо кызматы шектүү деп эл аралык издөөдө жүргөн кылмышкер Адам Осмаевди кармап, ал коюлган айыпты моюнуна алды. Анын айтымында, бул террордук иштин даярдыгы бүтүп калган, ал өкмөттүк кортеж келе жаткан учурда жардырмак. Буга чечен экстремисттеринин башчысы Доку Умаровдун катышы бардыгы маалым болду. Путин: “Мындай аракеттер 1999-жылдан бери эле болуп келе жатат. Мага, менин жумушума бул эч кандай тоскоолдук кыла албайт. Дайыма эле корко берсең, анда жашоо мүмкүн эмес. Алар бизден коркушсун”,- деп билдирди. 1999-жылдан бери Путинге 12 жолу кол салуу аракети болгон.

Йемен

МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ШАЙЛОО БОЛУП, ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТ ТАККА КЕЛДИ
Өлкөнү 33 жыл бою башкарып келген президент Али Абдулла Салех бийликти расмий түрдө орун басары Абдураб Мансур Хадиге өткөрүп берди. Араб өлкөсүндөгү айрым лидерлердей эмес, ордун тынчтык жолу менен бошоткону жакшы пикирлерди жаратты. Бийликти экинчи колго өткөрүп берүү иш-чарасы Сана шаарындагы президенттик сарайда өттү. Салех өз сөзүндө: “Мен революциянын наамын ишенимдүү колго тапшырып жатам”,- деп Хадинин колун кысып куттуктады. Эскерте кетсек, элдин нааразычылыгынан улам өлкөдө мөөнөтсүз президенттик шайлоо болуп, талапкер Хади шайлоочуларынын 99 пайыздан ашык добушун алды.

Венесуэла

УГО ЧАВЕС КАЙРАДАН ОПЕРАЦИЯ СТОЛУНДА
Өлкө президенти Уго Чавес 28-февраль күнү Куба мамлекетинде кезектеги операцияны башынан өткөрдү. Венесуэладагы оппозиция өкүлдөрүнүн бири билдиргендей, 57 жаштагы президентке “Симек” клиникасынын хирургдары бир жарым саат операция жасашкан. Анын абалы азыр кандай экени тууралуу маалымат жок. Чавес өзү Кубага жөнөп жатып, операциядан кийин дагы бир курс дарылануудан өтө турганын айтып кеткен. Венесуэлада 2012-жылдын 7-октябрында президенттик шайлоо өтөт жана Чавестин ал шайлоого катыша тургандыгы жар салынган. Эске салсак, Чавес рак илдетине чалдыгып, бир нече жолу операция жасаткан болчу.

Сирия

ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ МЕНЕН ӨНҮГӨБҮЗ ДЕШЕТ...
Жергиликтүү ММКлар Сирия эли жаңы Конституция долбоорун референдумда колдоп бергенин жарыя кылышты. Маалыматтарда жаңы Баш мыйзамга шайлоочулардын 89 пайызы добуш бергени айтылууда. Аталган Конституцияны Сириянын мен деген юрист, окумуштуу, саясатчыларынан турган атайын комиссия жазган. Ага ылайык, эми Сирияда цензура жоголуп, көп партиялуулук система ишке кирет жана президент болгон адам экинчи мөөнөткө бара албайт. Серепчилер болсо, жаңы Конституцияда деле президенттин укуктары көп бойдон калганын жана көп жеринде кемчиликтери бар экенин айтышууда.

Украина

ЭКС-МИНИСТР 4 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАДЫ
Киевдин Печерский райондук соту өлкөнүн мурунку Ички иштер министри Юрий Луценкону 4 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Экс-министр «кызмат абалынан пайдаланган» жана «мамлекеттин акчасын ысырапчылык менен коротуп, 125 миң доллар уурдаган» деп айыпталды. Сот залынын чакан экенине карабай 60тай журналист, бир нече фотокабарчылар киришкен. Ал тургай сүрөткө тартуу учурунда фотографтар ыңгайлуу орун талашып урушуп кеткенге жакын калганда Луценко ордунан туруп: “Урматтуу журналисттер, ашыкпагыла. Бул жерде бир күн бою турасыңар”,- деп тынчтандырган. Эске салсак, Луценкого 2010-жылдын аягында кылмыш иши козголуп, 2011-жылдын май айынан бери СИЗОдо отурган.

Автандил Добулбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 487, 2-март - 8-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан