Бул ирет актёр Камчы Сарыбаевдин төрт жашар уулу Барсбек бизге конокко келди. «Уулубуз «опасный», көп сөгүнөт» деген ата-эненин тентек уулу менен баарлашуу кызык болду.
БАРСБЕК ТУУРАЛУУ
Туулган жылы – 2008-жыл, 4-март
Салмагы – 20 килограмм
Жакшы көргөн тамагы – Бешбармак
Үйүнө конок келсе, тентектиги ашып-ташып кетет.
– Чоң жигит, атың менен фамилияңды билесиңби?
– Байсбек Төлөмбеков.
– Сени «Манас» айта алат деди го апаң, айтып берчи...
– Ма-анас, Ма-анас бо-оюптуй (кыйкырып кетип калды).
– Келсең бери, Барсбек, санап берчи бизге...
– Бий, эки, үч, төйт, беш, айты, жети, он тогуз, он беш, жыйыйма.
– Канчадасың?
– Экидемин (үч манжасын көрсөтүп).
– Атаңдан коркосуңбу же апаңданбы?
– Атаман.
– Атаң каякта иштейт?
– Театыйда.
– Ким болуп иштейт?
– Актёл.
– Сен чоңойгондо ким болосуң?
– Мен да актёл.
– Ырдай аласыңбы?
– Сайы чымчык бойоюн, сайы ташка коноюн. Атам, апам оойуса, өзүм доктуй бойоюн... Асманда жыйдыз, жейде кылгыз... Тапшыйдым сени кудама, кызым... Ата Мекеним!..
– Атаң «Барсбек бутун сындырып алды» деп ыйлап жүрдү го...
– Ох бойгон да бутум, мына (оң бутун көрсөттү, чынында, сол бутун кокустатып алган экен).
– Укол сайдыбы анан?
– Ова, андан койком.
– Таятаңдын аты ким?
– Мийбек Атабеков (көрсө, таятасынын аты Мирбек экен).
– Качан дагы киного тартыласың?
– Эйтең.
Ата-энеси кээде «бомж» келатат» деп уулун коркутушат экен. Мына ошондуктан жаш бала селсаякты ушундай чоң, сүрдүү адам катары элестетет. «Чоңойгондо ким болосуң?» деп сурашса, кээде «актёл», кээде «бомж» деп салмай адаты бар экенин угуп, «кантсе да актёрдун баласы да» деп күлүп алдык.
Венера Кабакбек кызы
star@super.kg