МЕН АЯЛМЫН
Гүлжамила Шакирова
Аялсың деп алсыз көрбө, жан эркек,
Аның туура, акыйкатта аялмын.
Кылар кезде кызматымды аянбай,
Кыйындыкта үй тиккенге даярмын.
Мейли өзүңдү бийик сезгин бир баскыч,
Айтпай деле койгун анттуу сырыңды.
Канткен менен касиетим билип кой,
Кай бир кезде токтото алам чырыңды.
Аялсың деп алсыз сезсең сезе бер,
Алым жетет колдошушка ташыңа.
Аяп турам аял эмес, энедей,
Азап, мүшкүл иш түшкөндө башыңа.
Жанып-күйүп жан дилиңден сүйө алсаң,
Жароокермин, кучагыңда таттуумун.
Жеңил көрүп уйпаласаң убайга,
Жараланып, жандан кечкен ак куумун.
Алыс жүрсөң карааныңды утурлап,
Караңгыда жарык берер чыракмын.
Кана жутуп, анан кайра булгасаң,
Каргыш берип, агып кетер булакмын.
Өкүнүчсүз рахат берип, сүйө алсаң,
Өмүр бою өзүң менен ынакмын.
АЯЛ, АЯЛ...
Байдылда Сарногоев
Жалаң жакшы, жаманы жок аялдын,
Жан жыргалы, жароокери адамдын.
Турмуш көркү, дүнүйөнүн туткасы,
Үйдүн куту, апакеси балаңдын.
Жаман дебей, жакшы дедим баарысын,
Акыйкаттап айтпайт дебе калысын.
Кетирсе да бир ката эмес, миң ката,
Кекээрленбей кечирип кой анысын.
Аял, аял... айтар сөзүм менин миң,
Сенсиз секунд жашай албайт көрүндүм.
Элжиретип эркелеген назыңа,
Эркек болбой таш болсом да эрирмин.
Өлүм парз го, өкүмүнө көнөрмүн,
Көз жеткенде келбес жайга жөнөөрмүн.
Ошондо да жыйып соңку күчүмдү,
Аял сени, бир жалт карап өлөрмүн!
Бейиш энеде экен, бейиш балада экен, бейиш тынчтыкта экен! Үчөөң бар болгула! Үчөөң оорубагыла, ылайым! Асманыңар күлүп турсун! Балдарыңар күлүп турсун! Силер күлүп тургулачы, аялдар!
Шайлообек Дүйшеев
Аял эркекти бактылуу кылуунун бир жолун жана бактысыз кылуунун бир нече жолун билет.
Мени гений деп жатасызбы? Мен ошол генийлигимди берер элем. Эгерде мени кайсы бир жайда, кайсы бир аял “түшкү тамакка кечигеби же кечикпейби?” деп санааркап күтүп жаткан болсо...
Виктор Гюго
Сен баары бир үйлөнүп көр. Жакшы аял туш келсе ийгилигиң, жаманы туш келсе философ болуп чыгасың.
Сократ
Эненин сүтүн баары таттуу сөздөр менен эскеришет, бирок анын даамын бир да адам эстей албайт.
Жан Поль
Сүйбөгөн аял менен жашасам да, сүйүктүү балдардын атасы болдум.
Абай Кунанбаев
Оо, аялзат, сенсиз өчөр чырагы тирүүлүктүн...
Сенсиз дүйнө чулганар караңгыга.
Омар Хаям
Аял өзүнө айтылган апыртылган мактоону чынысы менен көмкөрүп ичсе, ал эми ачуу чындыкты бир тамчыдан кыйналып жутат.
Артур Конан Дойл
Жараткан жер жүзүнө Адам деген улуу пендени жаратат. Бирок байкаса, дегеле жан бүткөндүн баары экиден... “Адамга да шерик таап берейин” деп ойлогону менен, болгон каражатын адамга жумшап койгон экен. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры эркектин бир кабыргасын алып, ошондон жасамай болот.
Аялды жаратып жатып Кудай ага толукшуган айды, жаркып тийген күндү, үй-бүлөсүн кармай билсин деп кумурскалардагы биримдикти, тукум уласын деп энелик касиетти, оттун алоолонгон ысыктыгы менен муздун кашкайган муздактыгын кошот. “Мына, түгөйүң даяр, алып кет!” деп эркегине кошуп жер жүзүнө коё берет.
Бир топ күндөн кийин эркек аялды Кудайга кайра жетелеп келет. “Мунуң мени тажатып жиберди. Көп сүйлөйт, көңүл бурушумду каалайт. Мага мындай нерсенин кереги жок, алып кал” дейт. Кудай ошентип аялды алып калат. Бир канча күндөн кийин эркек капалуу келип: “Мен ансыз андан бетер кыйналат экем. Жашоонун кызыгы кетип кыйналдым. Күлкүм өчүп, жалгыздыкка чөктүм. Кайра мага кошуп бер”,- деп жалынып-жалбарып суранат. Кудай ал өтүнүчүн да орундатмай болот. Бирок эркекти жазалап коюуну чечет: “Болуптур, алып кет. Бирок чыдамсыздыгың үчүн жаза берем. Мындан ары сүйүү деген сезимге ээ болосуңар. Силерге деген жазам ошо”,- дептир. Ошондон ушу убакка чейин Жараткандын жазасы менен эркектер аялсыз, аялдар эркексиз жашай албай, өмүр бою ээрчишип калыптыр.
КӨКҮРӨГҮҢ ЖЫТТАП АЛДЫМ БИЛГИЗБЕЙ
Бурулкан Карагулова
Апа, сага ыр арнабай эмгиче,
Көзүң барда баркың сезбей келем мен.
Отуз жаштын толкунуна киргенче,
Алаксытты сүйүү деген немелер.
Өкүнөрмүн же бир көйнөк кийгизбей,
Өзүңө арнап казан асып, чай бербей.
“Меники” деп өз кызымдан талашып,
Көкүрөгүң жыттап алдым билгизбей.
ЭНЕ ТУУРАЛУУ УЛАМЫШ
Энеликтин касиетин жаңы сезген аял бөпөсүн бооруна кысып, “бул бакыт мага канча убакытка берилди экен?” деп ойлоду. Периште жылмайып, “энеликтин жолу узун. Демек, бакыттын да жолу узун. Бирок башталышына караганда жолдун акырындагы бакыт таттуураак” дейт. Эне баласын бооруна кыса мындан да артык бакыт болорунан күмөн санайт. Жылдар өтүп, ошондогу жаш эне кемпир болду. Түйшүк менен жүрүп бели бүкүрөйдү, чачы агарды. Бирок жолдор түгөнбөдү. Сапарынын аягында баса албай калды. Ошондо балдары аны жонуна көтөрүп, сапарын улантышты. Эне баласынын жонунда баратып кызарып баткан күндүн, бийик тоонун, ааламдын сулуулугун байкады. Ошондо гана периштенин айткан табышмагынын жандырмагын чечти. “Жолдун башталышына караганда аягы таттуураак тура, чын эле. Балдарым эми өз жолдору менен менин жардамымсыз кете алышат. Алардын балдары биздин изибиз менен... Ошентип, жол улана берет тура. Муну сезүү, чынында, баштапкы бакыттан таттуураак экен” дейт.
Апалар дайым биз менен! Кубансак күлкүбүздө, ыйласак көз жашыбызда. Турмуштун чер токоюнда адашсак – компас. Саякаттасак – карта. Турмуштан адашсак, башка жолду таппай калышыбыз мүмкүн, бирок апабызга бара турган жолду табабыз. Апа перзенти келчү жолду акмалоодон тажабайт! Бар болгула, апалар, майрамыңыздар менен!
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg