КОМАНДАЛАР EURO 2012

ОРУСИЯ

Футбол федерациясы түзүлгөн жыл – 1912-жыл
Башкы машыктыруучусу – Дик Адвокат
Мыкты бомбардири – Рекордчу: В.Бесчастных (26 гол), учурдагы оюнчулардан – Р.Павлюченко (20)
Эң көп оюн өткөргөн – Рекордчу: В. Онопко (118), учурдагы оюнчулардан – С.Игнашевич (88)
Эң ири жеңиши – 7:0 эсеби менен Сан Маринону (2008-жыл, 8-июнь)
Эң ири жеңилүүсү – 7:1 эсеби менен Португалиядан (2004-жыл, 13-октябрь)
Жетишкендиги – «Евро-1960тын» чемпиону (СССР катары), «Евро-2008дин» коло медалчысы
Учурда ФИФАнын рейтингинде 13-орунда турат

ХИДДИНК КАЙРА ЖАРАТКАН
Орусиянын Футбол федерациясы СССР жоюлган соң өлөт-өлөт менен боор көтөргөн. Ошондо Орусия курама командасы желексиз, гимнсиз чыккан КМШнын курамында «Евро-1992ге» катышат. Андан соң курама команда ири мелдештерге кээде чыгып, кээде чыкпай жүрдү.
Орусияда футболду кайра жараткан голландиялык башкы машыктыруучу Гус Хиддинк болду. Ал Орусияны Австрия жана Швейцарияда өткөн «Евро-2008ге» күчтүү курамга айлантып, коло медаль тагат. Бирок «ЮАР-2010до» ийгилик күткөн орустардын Гуска болгон ишеними акталбай, Орусия Африкадагы мундиалга чыкпай калды. Азыр голландиялык Дик Адвокат машыктырган курамга быйыл тайпадан чыгуу талабы коюлду. «Еврого» чейин Орусия 25-майда Уругвай менен, 29-майда Литва менен, 1-июнда Италия менен жолдоштук оюн өткөрөт.

«КӨЗҮРЛӨРҮ»
Игорь Акинфеев, Александр Анюков, Василий Березуцкий, Сергей Игнашевич, Юрий Жирков, Игорь Денисов, Константин Зырянов, Роман Широков, Алан Загоев, Андрей Аршавин, Роман Павлюченко. Бул континенттин башкы чемпиондугуна карата Адвокат камдап жаткан башкы курам.
Көпчүлүктү түйшөлткөн суроо: «Дарбазачы Игорь Акинфеевдин жаракаты айыгабы?» Ал жаракатынан улам мелдешти өткөрүп жиберери айтылууда. Анын ордуна азыр «Зениттин» дарбазачысы Вячеслав Малафеев көрсөтүлүүдө. Курамдын негизги күчү чабуулдук сызыкта болмокчу. Азыр чет жерде ойногон Павел Погребняк («Фулхэм», Англия) менен Дмитрий Булыкиндин («Аякс», Голландия) учурдагыдай мыкты оюну уланса, Адвокаттын «чабуулга Аршавин, Павлюченко жана Загоевди колдоном» деген ою өзгөрүшү мүмкүн.
СССР тараган соң Орусиядан кыйраткан футболчу чыга элек дешет. Бирок Орусия үчүн негизги роль ойногон футболчулар Виктор Онопко, Валерий Карпин, Александр Мостовой, Владимир Бесчастныхтын эмгеги бааланып, алар менен азыр да сыймыктанышат.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 487, 2-март - 8-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан