Альпинисттер чокусун муз жалаган ач жон, куу белдерде эмне издешет? Бул суроого алар: “Бийиктикке болгон кызыгуу жана жан дүйнөнүн талабы боюнча кан кызытып, адреналин алуу”,- деп жооп беришет. Карап көрүп, анын өтө кооптуу жана кырсыктуу спорт түрү экенине ынандык.
АЛЬПИНИЗМ – ЭМИ СПОРТ
Альпинизм – бийик тоолорду багынтууга багытталган спорт түрү. Аны менен машыккандар альпинисттер деп аталат. Алгач 1786-жылы франциялык дарыгер Мишель-Габриэль Паккард менен саякатчы Жак Бальм 20 жылдык даярдыктан кийин Альпы тоосундагы эң бийик чоку Монбланды (4810 метр) багындырышкан. Ошентип, тоонун атын алган бул искусство пайда болгон. Альпинизм аскаларга чыгуу, кар баскан аскалар менен муздарга жана бийик альпинизм (деңиз деңгээлинен 6500 метр бийиктикте жайгашкан тоолорго чыгуу) деп бөлүнөт. Кызыгы, сергек жашоонун символу болгон альпинизм 2010-жылы гана «спорттун бир түрү» деген статус алды.
АЖАЛДАН КОРККОН АЛЬПИНИЗМДЕН КАЧЫШЫ КЕРЕКПИ?
Альпинизмдин тарыхы кан аралаш сыялар менен жазылып, кырсык, ажал көп катталат. КМШнын аймагындагы кырсыктарды айтсак, 1990-жылы тоо боорунда 65 киши өмүрүн жоготсо, 1989-жылы – 46, 1991-жылы – 37, 1980-1984-жылдары 38ден өлүм катталган. Өлүмдөр алардын көбүнө суук тийип, тайгаланып жыгылып, кар көчкү астында калып, түтөк оорусунан жана куралдарды туура эмес колдонуудан болгон. Алардын 59у Кыргызстандагы эң бийик Жеңиш чокусунда (7439) катталса, 52си Ленин (7134) чокусунда катталган.
Кырсыктарда тез жардам көрсөтүп, жетишип адамдарды ажалдын оозунан сууруп алган учурлар да көп кездешет. Кызыгы, альпинисттер арасында колбаса абдан популярдуу. Ал курсак тойгузуу менен чектелбей, кар басып калганда да керекке жарайт. Анткени кырсыкка кабылганда куткаруучулардын иттери колбасанын жыты менен келип табышат. ЖАРЫМ ЖАН БОЛСО ДА, ЭВЕРЕСТТИ БАГЫНТКАН
«Генерал болууну каалабаган жоокер жоокер эмес» дегендей, дүйнөдөгү эң бийик чоку – Эверестти (Жомолунгма деп да белгилүү) багынтууну көздөбөгөн альпинист альпинист эмес дешет. Ал деңиз деңгээлинен 8848 метр бийиктикте жайгашып, саатына 200 чакырым шамал согуп, -60 градуска чейин суук болот. Ошого карабастан, өз максатына умтулган жаңы зеландиялык майып альпинист Марк Инглисти тарых унутпаса керек. Ал 23 жашында Жаңы Зеландиядагы Кука тоосунда (3754 метр) буттарын үшүккө алдырып, эки бутун тизесинен кестирет. Бирок ал тизесинен ылдый буттарынан айрылса да, көкүрөгүндөгү Эверестти багынтуу кыялы менен протез тактырып, 2006-жылы Эверестти багынтууга аттанат. Кычап, 6400 метр көтөрүлгөндө протези сынып калат. Бирок Марк протезин оңдоп, 40 күн дегенде дүйнөнүн эң бийик чокусуна чыгат. Тилеги орундалып, өзүнө жана башкаларга майып кишилер да Эверестти багынта аларын далилдеген.
КЫРГЫЗСТАН АЛЬПИНИЗМ ҮЧҮН ЫҢГАЙЛУУ
Кыргызстан тоолуу аймак болгондуктан, табиятынан альпинизмге ыңгайлуу өлкө. Биздин аймакта жайгашкан Борбордук Тянь-Шань, Тескей Ала-Тоо, Ала-Арча, Батыш Какшаал-Тоо, Ак-Шыйрак, Түркстан жана Алай кырка тоолорунан Совет доорундагыдай эле азыр да альпинисттердин аягы үзүлбөйт. Бизде бул спорт түрү качан пайда болгону тууралуу так маалымат жок. Ошентсе да Кыргызстанда альпинизмдин түптөлүшүнө салым кошкон машыктыруучу Владимир Боголюбов билгендери менен бөлүштү.– Cөз башында өзүңүздүн баскан жолуңузга кылчайып көрсөңүз...
– Менин альпинизм менен алектенгениме 33 жыл болду. 1979-жылы СССРдин Биринчилигинде 4-орунду алгам. Андан соң Хан-Теңири, Ленин жана Жеңиш чокуларын багынттым. Тоодо куткаруучу да болуп иштедим. Кишинин тоңуп калганын, өлүгүн көрүү мага кадимки көрүнүш болуп калган. Азыр КРнын Альпинизм федерациясында машыктыруучумун. Альпинизмди жайылтып, жыл сайын Өлкө чемпиондугун өткөрүп жатабыз. Жеңүүчүлөрүбүз КМШнын чемпиондугуна катышат.
– Федерация деп калдыңыз, ал качантан бери иштейт?
– Гүлдөп-өнүккөн альпинизм СССР тараганда тынчып, баары кара курсактын камында жүргөндө федерация каралбай калган. 2000-жылдары иштеп баштады. Азыр бизде 15 жаштан өткөн улан-кыздар машыгат. Машыгуу КРнын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында жана “К2” клубунда өтүп, маал-маалы менен тоолорго практикага чыгып турабыз.
– Альпинизмдин сезону качан башталып, качан аяктайт?
– Бизде жайкы жана кышкы сезон деп бөлүнөт. Жайкы сезон майдан сентябрга чейин, кышкы сезон октябрдын аягынан мартка чейин болот.
– Адам өзүн бийик чокуда кандай сезет?
– Ал сезимдерди сөз менен жеткирүү кыйын. Бир жолу толкунданганым эсимде. Жеңиш чокусуна түнкү саат 11де чыктык. Чокуда жапжарык. Ылдый жак эчак коюу караңгылыктын кучагына кириптир. Ошондой бийик чокуда турганыма кубангам.
– Альпинисттер сапарда кандай курал колдонушат?
– Сууктан коргонуу үчүн калың кийинүү керек. Анан жүктүн да жеңил болгону оң. Бизге эң керектүү куралдар – аркан, муз жаргыч жана чатыр.
– Бизде атактуу Эверестти багынткан альпинисттер барбы?
– Ооба, кыргызстандык альпинисттерден жалгыз эле Дмитрий Греков Эверестти багынткан. Ал ата мекендик эмес, казак экспедициясы менен барган.