Мен жеке ырчымын. Көркөм кеңеш мага кирише албайт, ырымды сындатпайм” деп Көркөм кеңешке тиш кайрагандардын сап башында турган ырчы Дайыр Исмадияров тытынып эле иштеп жүрөт. “Борбор шаардан 2 бөлмөлүү үй алдым” деген ырчынын кубанычында чек жок. “Катын алсаң, отун ал” дейт эмеспи. Үй алып, отун жыйдым, эми аял эле калды” деп кыз издөөдө. Кыздар, Дайыр баарын даярдаптыр. Караштырып көргүлө, балким, араңарда Өзгөндүн ашын катыра баскан бирөө бардыр?..