Кыргыз эстрадасында гүлдөрдөн куралган ысымдар көп. Мисалга алсак, Гүлнур, Гүлзада, Гүлнара... Нооруз жакындап, ырчылар ага карата концерт берүүгө камынып жатышат. Бирок Кыргызстанда эмес, чет жерлерде концерт коюп, ал жактагы кыргыздарга да майрамдык маанай тартуулайлы дешиптир. “Ким кайда барат экен?” десеңиз, Гүлнур Сатылганова АКШнын Чикагосуна барып концерт берет. Ал эми Гүлзада Рыскулова “Ордо-Сахна” фольклордук тобу менен бирге Түркиянын Стамбул, Анкара шаарларындагы мекендештерибиздин көңүлүн көтөрөт.