«ДЕНИ САК УЛУТ – ТУРУКТУУ МАМЛЕКЕТ»

Мына ушундай ураан менен жөө жүрүш акциясы өттү. Ал "Кыргызстан патриоттор уюму" коомдук бирикмеси, Жаштар иштери, эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу министрлигинин колдоосу менен 2012-жылдын 25-февралында уюштурулду. Акцияга белгилүү саясатчылар, коомдук-маданий ишмерлер, эстрада ырчылары, ММК өкүлдөрү жана жаштар катышты.
Массалык чуркоо ордо калаанын Түштүк магистралында Манас көчөсүнүн кесилишинен баштап Абдрахманов көчөсүнө чейин созулуп, көңүлдүү өттү. Бул иш-чаранын негизги максаты – жаштарды чылым чегүүдөн, ичкилик ичүүдөн арылтуу, аларды дени сак жашоого чакыруу. Ден соолукка пайдалуу чуркоо белгилүү ырчылардын катышуусу жана концерттик программа менен аяктады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 487, 2-март - 8-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан