"Мадрид" клубу – дүйнөлүк коомчулуктагы өзгөрүүгө жана демократияга таасирин тийгизүү максатында түзүлгөн көз карандысыз уюм. Ал жалаң гана экс-президенттер менен өкмөт башчылардан турат. Бул клуб ар кандай өкмөттөр жана уюмдар менен иштешип, өткөөл мезгилди башынан өткөрүп жаткан өлкөлөргө кеп-кеңешин берип келет. Курамына кирген 70 демократиялык өлкөнүн экс-президенттери жана 50 мамлекеттин өкмөт башчылары өз убактыларын арнап, тажрыйбасын азыркы башкаруучулар менен бөлүшөт. Эми Роза Отунбаева да экс-президенттердин клубунун катарын толуктап калды. Бирок мындай нерсе экс-президент Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевге буюрган эмес. Алар 2005, 2010-жылдардагы көтөрүлүштүн аркасынан өлкөдөн куулуп кеткендиктери үчүн бул клубга чакырылган эмес.
Клубга Михаил Горбачёв (СССРдин экс-президенти), Билл Клинтон (АКШнын экс-президенти), Гельмут Коль (Германиянын канцлери), Кофи Аннан (БУУнун экс-баш катчысы) өңдүү салмактуу саясатчы, коомдук ишмерлер мүчө.