ДЕПУТАТТАР ПРЕЗИДЕНТТИ АК ҮЙДӨН «КУБАЛАШУУДА»

2007-жылга чейин президент жана өкмөт Ак үйдө отуруп, Жогорку Кеңеш Абдумомунов көчөсүндөгү имаратка жайгашкан болчу. Депутаттардын саны 120га көбөйгөндөн улам ЖК Ак үйдүн имаратына көчүп келген. Бирок жети кабаттуу Ак үй айрымдарга тардык кылып жатат. Мындан улам Бюджет жана каржы боюнча комитеттин башчысы Ахматбек Келдибеков Президенттик аппараттын кызматкерлери кошуна жайгашканына кабатырланды. Анын айтымында, Баш мыйзамга ылайык, бийликтин эки бутагы бир имаратта жайгашса болбойт. Ошондуктан депутат "президент аппараты менен качан башка имарат табат?" деди. Учурда ансыз да мамлекеттик имараттар жетишсиз болуп жаткан кез. Имараттын жоктугунан Башкы прокуратура да бир кезде Майрам Акаеванын конок тосуу үчүн даярдалган эки кабаттуу үйүн алган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
Lion-x
2012-03-05 17:25:48
Ай келдибектин неберси эми эмне отурган жерин таардык ыклып жатабы, сен качан тоесун?
0
Kyrgyz_jigit
2012-03-05 20:37:41
Lion-x, хаха))) бул жашоодо тойбой калды го)))
0
Bais
2012-03-05 19:40:04
Коррупционерлердин бири го бул киши!
0
Likvidator
2012-03-07 10:45:23
Кызык ... Имарат талашпай качан имарат салат болду экен ушул бийликтегилер ?
0
lubov
2012-03-09 13:42:42
ээ кыргыздар силерге озу адам баласы жагабы кимди эле болсо каралаштан башканы билбей калдынар го чондорду да шылдындап ажонорду да шылдындап жакында жоголуп кетпесенер эле болду
0
bopos
2012-03-10 17:07:25
биздикилерге соз жок.
0
konya
2012-03-10 23:35:10
келдибеков ушундай убак-убагы менен сенсация жасаганды жакшы корот
0
Samat87
2012-03-11 22:39:14
Келдибеков кыргызга куйуп берчу адам корунбойт озу
0
ussofa
2012-03-13 11:45:06
120 депутатты азайткыла анан батасынар прездент ак уйдон башка кайда болушу керек эле
0
beku_01
2012-03-15 13:22:52
biyliktegilerdin sany bar sapaty jok!!
0
№ 487, 2-март - 8-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан