КАРАМУШКИНАНЫН МАС ШОФЁРУ ЭКИ АДАМДЫ СҮЗҮП, БИРИ КАЗА ТАПТЫ

Депутат Ирина Карамушкинанын айдоочусу эки адамды сүзүп кетип, анын бири каза тапты. Окуя 26-февралда саат 19:30 чамасында Бишкек-Торугарт жолунун 67-чакырымында болгон. Анда Карамушкинанын 28 жаштагы шофёру Алексей Хурасев 0039 KG номерлүү Тойота Камри үлгүсүндөгү автоунаасы менен жолдун четинде турган Кочкор районунун 70 жаштагы тургуну Асангазы Кутманалиев жана Сокулуктун 38 жаштагы тургуну Алмаз Матиевди сүзүп кеткен. Натыйжада, аксакал каза таап, Матиев оор жаракат алган. Ал эми сүзүп алган Лебединовка айылынын тургуну Хурасев кырсык болгон жерден качып кетип, бир канча убакыттан кийин кармалган. Кырсык болгон учурда депутат Ирина Карамушкина автоунаанын ичинде болбогонун айтат. Мыйзамга ылайык, депутаттардын кызматтык унаасы депутат пайдаланбаган маалда ЖКнын гаражында турушу керек. Карамушкинанын кызматтык автоунаасы бир жылдан бери гаражга да кирбептир. “Айдоочу мас абалда айдаганы үчүн өз жазасын алат”,- дейт депутат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
applemac
2012-03-05 17:05:45
ирина кайдан депутат болуп журот
0
applemac
2012-03-05 17:06:52
кайсы партия ушундай жоопкерчиликси адамдарды составына кошуп журот???алмаштырып кою кыйынбы бир патриот адамга??
0
7777777EL
2012-03-07 11:07:11
applemac, СДПК да,бул айым жакпайт кыргызды кай жакта журбосун жаман корсотуп журот и кыргыз учун куйбойт да.
0
Taalaibek
2012-03-07 10:58:22
Ирина Карамушкина мени шоферлука албайсызбы.
0
Likvidator
2012-03-07 11:20:45
Ушул айым КЫРГЫЗ эли учун жарытылуу иш жасап берерине ишенбейм . Дайыма КЫРГЫЗ тилине , КЫРГЫЗ каада-салтына каршы чыгып басып журот. Айдоочусун башкара албагандан кийин бул айым да иштен кетууго тийиш .
0
miki98
2012-03-09 01:50:29
ушул кыргызстанда Иринага тен келе турган еркек жок бекен аялдарды айтпай еле койойун.иштен алыш керек бул деген россиядан уй алып койуптур деп уккам.тугандарын баарын ошол жака кочуруп койуптур озу деле ккететда кичине кыргыздардын акчасын жееп алып так что ойлонуш к-к
0
nursultan_011992
2012-03-10 13:47:51
бул депутат кыргыздын душманы !
0
sgorodaenergetikov
2012-03-15 14:48:42
Эми ал машинада Карамушкина бар болсо дагы , жок болчу деп чыгат. Менин служебкам сүзүп кетишине күнөм жок, анткени ал күнү мен башка жакта болчумун деп. Суроо пайда болуп жатат менде . Ар ким адам өзүнөн башташ керек тартипти. Карамушкина депутат болуп туруп машинасы каерде , кандай киши айдайт , ичеби же ичпейби., авария болбойбу. Деп 1 ойлонсо болмок, Кыйратам деп депутат болушат, алдындагы шоферун кандай киши экенин биле албай! анан дагы
0
№ 487, 2-март - 8-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан