10 КҮНДӨ БИШКЕК, ОШ АЭРОПОРТУНДАГЫ ОРГАН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ АЛМАШАТ

Өмүрбек Бабанов Ошко иш сапары менен барып келип, жакынкы 10 күндүн ичинде Бишкек жана Ош аэропортторунда иштеген ИИМ, Чек ара жана Бажы кызматынын бардык кызматкерлерин алмаштырууну буюрду. Буга элдин “аэропорттогу орган кызматкерлери коррупцияга белчесинен батып кетти” деген арыздары себеп болгонун айтат өкмөт башчы. Эми бул буйруктун негизинде азыркы учурда аэропортто иштеп жаткан бардык орган кызматкерлери 10 күндүн аралыгында башка жерлерге которулуп, ордуна жаңы кызматкерлер келет. Ошол эле учурда жаңы кызматкерлер 1 ай аралыгында паракорчулукка каршы күрөшүп, натыйжа алып келе албаса, иштен айдалышарын Бабанов баса белгиледи.
Эскерте кетсек, өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов биздин редакцияга келип, түз байланышта окурмандарыбыздын суроолоруна жооп берген эле. Анда Ош шаарынан чалган Айзада аттуу окурманыбыз аталган шаардагы аэропортто иштеген чек ара кызматкерлери 90 күн каттоосуз жүрүүгө уруксат бар экенине карабастан, “катталбапсың” деп ири суммада акча алышканын айтып арызданган. Өмүрбек мырза мындай мыйзамсыздыкка чек коюуну убада кылган эле.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
kanatbekbi
2012-03-05 15:30:53
Cyldyzka,Аида мен эле десем силер да кабылдыныр беле. Мен муш жибергенге аз калгам кудай сактап. Чет элден келген бироо корсо мындайды аркасы менен кулот го. "Бир кумалак бир карын майды чиритет"
0
Mirlanbek1405
2012-03-05 23:55:33
Жогорудагы 4 окурмандардын пикирине 100%кошулам
Себеби менде деле ошондой окуялар болгон причем коп жолу
Ушул Бабанов жакшы иштеп жатат го!Ар дайым Почтама Супердин жаны санында деп келгенде эле суйунуп кирип 1чиден Политика'га кирип окуйм!
0
cosmopolit
2012-03-06 07:52:27
EEE de bashtagan ishin ayagina çigarsa anda Erkek...bizdin aeroporttogu kizmatchi soroylor aman ele bolsun....andan koro orustar insaptuuraak, kozundu jaldiratip koyson meyli baragoy dep koyo beret...
0
BiLLy Beck
2012-03-06 13:15:37
Owtun aeroportundagy organdar 1000% korrupci9ga komulup oturuwat. Owtun aeroportu 19 kylymdyn aeroportorunanda jaman abalda.Antkeni men al jerde 5 saat karmalyp u4pai oturgam.. Baaryn oz kozum menen kordum.Tup tamyry menen ozgortuw kerek.
0
Likvidator
2012-03-07 10:49:24
Кызматкерлерди эле алмаштырбастан видео камераларды да орнотуу керек ар бир болмого . Орун алмаштыруудан сумма озгорбойт деп коет го .
0
zema
2012-03-07 11:39:24
Алмаштырса жакшы болот...
0
Russo
2012-03-07 18:26:39
жогруда айтылган баардык пикирлерге кошулам. Бабанов жакшы иштеп жатат созундо туруп баардыгын жасасын эми
0
nursultan_011992
2012-03-07 22:39:26
ааа жакшы жакшы озунун адамдарын еле коюп койбосо.
0
Buma
2012-03-07 23:59:40
Menin 1 emes 2-3 taanyshtarym Germaniyadan Kyrgyzstanga tuda i obratno uchushsa 4emodandarynan toltura buyumdaryn uurdap alyshyptyr!!! andan kor osholorgo tiyuuu salyshpaiby!!!
0
Buma
2012-03-08 00:02:40
Dagy basa aita ketchu nerse: Aeroperttordo takkyr sevis jok, tim ele menchiktep algansyp kiykyrshat, osholordu tarbiyalash kerek!!!
0
TINAR
2012-03-08 00:59:52
Babanovdu syiom go!
0
Ayima
2012-03-08 12:20:56
Tuura baarin almashtirsin.
0
alumkulov82
2012-03-09 20:39:35
чек ара,ИИМ,бажы кызматкерлери болгону 8000-9000 мин сом айлык алат алар соц коргоо жактан абдан начар .баары эле коррупционер эмес бирок ошол коррупцияга турткон финансылык жетишсизтен болуп жатат жана жарандар оздоруу да куноолу мыйзам бузушса дароо эле пара сунушташат эгер мыйзамдуулукту каласа айып квитансиясын алып банка толоо керек алар аны аткаруудан качып женил жака качышат.Коом тууп тамырынан озгормойун ушундай гана жашоо
0
u86
2012-03-14 09:09:40
alumkulov82, ошондо, адамдардын баарын алмаштырыш керек деп кой
0
Oimo
2012-03-10 12:55:56
Туура айтасын alumkulov82,оор жук которо калсан жугубузду женилдетуу учун озубуз биринчи пара бере баштайбыз.Мен азыркы теманы окуп эле Бабановко каршы жазайын дедим эле,Себеп жакынкы митингчилерге каршы дагы бирдемкени ойлоп таба койдубу деп.Азыр тубундо жазылган мисалдарды окуп оюм 180 градуска озгорду.Омурбек туура чечим чыгарыптыр.Бизде мындай жерлер абдан коп кана ошол жерлердин баарын карап койсо.?
0
santamariya
2012-03-13 16:52:02
Бабановдун бут кылган иши жагат мага, озу дагы жагат. Кыскасы жакшы иштейт!
0
№ 487, 2-март - 8-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан