Учурда Кыргызстанда21 мектептин директорлору жана мугалимдерине карата мыйзамсыз түрдө акча алуу боюнча кылмыш иши козголгондугу тууралуу башкы прокурордун биринчи орун басары Нурланбек Жээналиев билдирди.
3 жылдын аралыгында сатуудан алынуучу салыктын жоюлушу мүмкүн экенин Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев маалымдады.
“Түндүк электр” ААКсынын жогорку кызматты ээлеген кызматкери козголгон кылмыш иши боюнча иликтөөлөрдү токтотуу үчүн милиция кызматкерине 15 миң доллар пара берүү учурунда кармалды.
“Кыргызстан көп улуттуу өлкө болгондуктан, башка улуттун өкүлдөрүнүнкыргыз тилин үйрөнүшүнө мамлекеттен тышкары эл аралык уюмдар да колдоо көрсөтөт”,- дейт депутат Роза Акназарова.
Жогорку Кеңеш 2012-жылга карата бюджет долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Ага ылайык, быйыл бюджет кирешеси 78 миллиард 964 миллион сом болсо, чыгаша 95 миллиард 380 миллион сом чегинде белгиленген. Бюджет тартыштыгы 16 миллиард 415 миллион сомго жетет.
“Депутаттар улам колдоп жатыпКыргызстанда 12,5 миллиард сомдуккурулуш башталып, көбү акырына чыкпай калган. Ошондуктан быйылбир да жаңы мектептин курулушу каралган жок”,- дейт Каржы министри Акылбек Жапаров.
Кыргызстанда 2 миллионадам эмгекке жарамдуу деп эсептелсе, анын 1 миллион 368и бюджет кызматкерлери экендигин Акылбек Жапаров билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Taalaibek
2012-03-07 11:15:58
Биздин Талас облусу Бакай-Ата айылында дагы коррупция болуп жатат.Окмотто тизмеси жок "Охраник" тер элден акча алышып жатат, аны мугалимдер окуучулардан ата-эненерден ай сайын 15 сомдон алып келгиле деп айтат. Ар бир баладан 15 сомдон алышат. Ошого богот койуп берсениздер экен. Анысы аз келгенсип ремонтуна дагы 100сомдон жыл сайын алышат. Ал да аз болгонсуп ар бир майрамдарда мисалы:Алиппе майрамында, жаны жылда, мугалимдердин майрамында 8-мартта, ж/а башка майрамдарда ата-энелерден белек алышат
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.