ОШТО МИТИНГ ӨТТҮ

"ӨКМӨТ КЕТСИН!" ДЕГЕН ТАЛАП
1-мартта саат 11:00дө Ош шаарынын борбордук аянтында оппозициячылар уюштурган митинг өтөрү белгиленген болчу. Митинг башталганга чейин эле бул аянтка “Ата Журт”, “Бүтүн Кыргызстан”, Коммунисттер партиясы, Ош шаарынын жана башка аймактардын жашоочулары топтолду. Үч сааттан ашык созулган митингге болжолдуу түрдө 15-20 миңге чейин адам катышты. Митинг тынч өтүп, эч кандай тополоң болгон жок.
Митингге лидерлерден Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Жылдыз Жолдошева, Талант Мамытов, Искендер Гаипкулов, Мария Исанова, Ахматбек Келдибеков, Исхак Масалиев жана башкалар катышты. Адахан Мадумаров баарына жол башчылык кылып, биринчи талап – өкмөттүн кетиши, экинчиси – жаңы өкмөт түзүү жана 1993-жылкы Конституцияга кайтуу керек деп чыкты. Ага кошумча Июнь жана Апрель окуяларындагы күнөөлүүлөрдү жана АУБнын ячейкаларынан табылган акчаларды алгандарды таап жазалоо, жергиликтүү Кеңештерге өтө турган шайлоону таза өткөрүү талаптарын сунуштады. Митингчилердин мындай талаптары 15-мартка дейре орундалбаса, партиялардын лидерлери эл менен кайрадан аянтка чогулушарын айтты.
Адахан мырза милиция кызматкерлерине “бекер эле бензин коротуп мени, Камчыбек Ташиевди жана Ахматбек Келдибековду аңдыбай эле койгула, биз жергиликтүү Кеңешке шайлоо бүткөнчө бул жерде болобуз” дегенге да жетишти.

МЭР КСДПны АЙЫПТООДО
Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов 4-мартта өтө турган Ош шаардык Кеңешинин шайлоосуна карата билдирүү жасады. "Жергиликтүү шайлоолорду таза, демократиялык түрдө, акыйкат жана административдик ресурстарды колдонбой өткөрүү талабын биринчи кезекте президенттин партиясы болгон КСДП бузуп жатат",- деп билдирди. Ал ИИМ да саясий максаттарды көздөп административдик ресурстарды колдонбошу керек экенин белгиледи. Бул шайлоого байланыштуу абалды курчутуп жибериши ыктымал экенин кошумчалаган мэр:“Эгер абал курчуп кетсе, биринчи кезекте КСДПнын өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын башчылары жоопко тартылышы керек”,- дейт. Ал эми буга жооп катары КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков "саясий максатты көздөп административдик ресурстарды шайлоо процессине колдонуу" деген айыптоолор негизсиз экенин баса белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан 2010-жылы парламенттик, 2011-жылы президенттик шайлоону таза жана ачык өткөрө алганы буга мисал.
Митингдин катышуучусу Дастан мырза:"Мен саат 11де митингге келгем. Ошондо эле эл көп болчу. 1 сааттын ичинде эле абдан көбөйүп, алардын саны 10 миңге жетти. Аянтка, атүгүл мэриянын алдына дейре адам толуп кетти. Бул митингге Бишкек, Чүй жана башка жерлерден келген адамдар катышып жатат. Алар 1993-жылкы Конституцияга кайтууну талап кылып, көпчүлүгү учурдагы бийликке нааразы экенин айтып жатышат",- дейт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (46)
KG-Bishkek
2012-03-07 09:47:45
Ташиев менен Мадумаров буларын бийлик деп жан уроп турган кези. Мейли ит уро берет кербен журо берет так что эч кабатыр болбогула кыргыз элим. Битке тенелип койнокту отко ыргытпайлы!!! Булар тундук-туштукту кайраштырып жаткан кези. Озоктон куйгон орт жаман оздон чыккан жат жаман. Кудай берсин жазасын!!!
0
7777777EL
2012-03-07 10:45:35
KG-Bishkek, Алар эмес тундук туштук деп сага окшогондор айтып ,болуп журот чымындан пил жасап жаткандар силерге окшогондор болуп жатат.Паниковать кылгандар силер болуп жатасынар.Ушул жерде да тундук туштук деп!!!
0
Нукура кыргызка
2012-03-07 11:13:30
Ак ит,кара ит баари бир бирдей ит. Атамбаев кетсе,булар келип жыргатпайт.Атамбаев деле кыйратпайт. Бул жерде бир эле жол бар кыргыз элим митинге чыкпаш керек. Революциядан кийин эл жыргабай эле туратго,оздорунун максатына жеткенде. Бизди унутуп койушат. Азыркы бийлик келердин алдында эмне деген создорду айтышкан,2жыл болду эч нерсе жок. Бириндин этинди бирин же деш керек буларды
0
Likvidator
2012-03-07 11:13:55
Куч бирдикте дейт Улуу КЫРГЫЗ элим. Опозиция эле эмес , жалпы КЫРГЫЗ эли биригеличи айланайындар , Туштук-тундук дебестен . Биригууго эмне жетсин ?..
0
maisal1919
2012-03-07 15:14:44
атамбаевди озунор колдогонсунарда эми кайра кетсин деп тимгойгула кичине жеп анан кететта озу эле
((,,)))))
0
kairatarapov
2012-03-07 15:59:38
azamatsyn,Нукура кыргызка!!!!!!!!!!!!!!!!! men saga tolugu menen koshulam.Atambaev dele kyiratpayt.tygyler kelse dele kyirata albayt.biz korrupsiyaga batyp kaldyk.Any jok kyluu onoi iw emes.al kysa ubakytta jok bolboyt emespi.ozunor bilesiner
0
nursultan_011992
2012-03-07 22:31:20
Ташиев менен Мадумаров кыргыздын потриоту ушундай жигиттер коп болсо кыргызстан тез еле онугуп кетмек бул еки жигитке коп асылбагыла !
0
Acer
2012-03-08 14:14:40
0
Timur93
2012-03-08 16:23:57
aram jol menen kelgen prezident ketiwi kerek.
0
altyn-ordo
2012-03-08 18:06:22
Ташиев менен Адахан жаман жинге тийишти да элди дүркүрөтүп...
0
TOLLI
2012-03-08 22:49:00
кырзыздарду екиге болуш керек оздоруно ташиевти тандап жашай берсин..болгону ошо..
0
7777777EL
2012-03-09 13:06:26
TOLLI, Анда сиз Атамбаевти кучактап жата берин.
0
suli-krsk
2012-03-09 20:49:57
TOLLI : Биринчи туура жазганды билсенчи, анан комментарий бер айланайын!
0
kdm-kyzylbulak
2012-03-10 20:52:00
эййййй кыргыз элим биримдикте бололучу. Бийликтегилер опозициядагыларда баары байылык бийлик деп калышкан.биримдикте бололу болунбойлу.алгаааааааав кыргыз элим
0
tamerlan
2012-03-12 20:47:10
Айланайын кыргыздар.... Казак неге болунбойт,Озбек неге болунбойт... Коншулаш мамлекеттердин ич ара болунгонун дегеле укпайбыз го!!!Керкек болсо Орусияда иштеген кыргыздар болунот экен.Тундук-туштук бул жакта калсын АЛАЙЛЫКтар,ТОКМОКТУКтар,ОЗГОНДУКтор деп (((((((((((
0
ussofa
2012-03-13 12:41:46
tamerlan,ушуну кылган таши менен мадумаров ошто митинг уюштуруп алып бийликти тундуко бергиче кыргызстан жоголот дешип ич куйдулуктон элди болуп-жарбай ынтымакка келип иштешпейби бабановду коро албай чукушуп жатышат...
0
ussofa
2012-03-13 12:35:40
мадумаров ташиев кыйын болсо кыргызстандын башка областарына барып кишилерди митингге чакырып корсун ким колдоп чыгаар экен ошондо ээликен таз деминди бас болушат.. а ошто боло берсн алардын ойлогону эле бийлик эми эл митингге чыкса озулоруно кууран элди кыйнабагылачы
0
welldone
2012-03-13 13:57:30
Болунбо Кыргыз болунбо Болунсон бору жеп кетет Болунуп кети кыргыз деп ботон элге кеп кетет
0
№ 487, 2-март - 8-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан