АЯЛГА АРНАЛГАН САПТАР, КАЙРЫКТАР...

Сен жок болсоң кыска менин кулачым,
Аялзаты, сөздүн айтсам ырасын.
Бир мээримди күндөн алса адамзат,
Экинчисин өзүң төгүп турасың,-
деп макаланы Жедигер Саалаевдин
4 сап ыры менен баштагым келди. Жалпы аялзаты жөнүндө кандай гана керемет сөздөр айтылып, ырлар ырдалбаган. Асылзаттарды даңазалаган обондуу ырлар ар бирибиздин жүзүбүзгө жагымдуу жылмаюу тартуулаарында талаш жок.

8-МАРТ ЭМНЕ ҮЧҮН МАЙРАМДАЛЫП КАЛГАН?
1857-жылдын 8-мартында Нью-Йорктогу текстилдик фабрикада иштеген аялдар эмгек шартты жакшыртуу, иш күнүнүн убактысын кыскартуу жана эркектер менен тең укуктуу болуу талаптары менен демонстрацияга чыгышкан. Бирок алар тез эле тартип сакчылары тарабынан куулуп, таркатылган эле.
Кийин 1908-жылдын февраль айынын акыркы жекшембисинде Нью-Йорк шаарынын аялдары дагы көтөрүлүшкө чыгып, шайлоо укугуна ээ болууну жана жаш балдарды иштетүүнү токтотуу, эмгек шартын жакшыртуу талаптарын коюшкан. Бул ирет полиция аялдарды муз аралашкан суу чачып таратат. Бирок бул көтөрүлүштүн толкуну бүткүл Европаны каптап, кийинки жылы аялдар жөө жүрүш менен гана чектелбестен, массалык иш таштоого чейин барышат.
1910-жылы Американын социалист айымдары Копенгагенде өткөн Эл аралык экинчи конференцияга делегат болуп катталышкан. Бул конференцияда Клара Цеткин аялдардын эл аралык майрамын белгилөөнү сунуштап, съездде отурган бардык аялдарды тең укуктуулук үчүн күрөшүүгө чакырган. 17 өлкөдөн 100дөн ашык аял катышып, Клара Цеткиндин оюн дээрлик баары бир добуштан колдошот. Бирок атайын бир күнгө токтолушпагандыктан, 1911-жылы 19-мартта, 1912-жылы 12-майда белгилешкен. Кийин 1914-жылдан баштап аялдардын эң биринчи жөө жүрүшкө чыккан күнүн – 8-мартты аялдардын эл аралык майрамы деп белгилешкен.

«АЯЛ ДЕБЕ»
Айымдарга арналган бул ыр Анарбек Кайназаровдун калемине таандык. Автордун айтымында, ыр 2006-жылы март айында жазылып, 8-мартка карата кошуналары менен болгон отурушта эң биринчи жолу окуп берген. Кийин “Ыр десте” деген китеби жарык көрүп, ал аркылуу Гүлшайыр Садыбакасованын колуна жеткен. Анан да ыр түп нускасында алты саптан турат.
Бул тууралуу Гүлшайыр эже: “Мен бир дүкөндөн ыр китеп көрүп калып сатып алдым. Үйгө барып окуп, ушул ырга көзүм түштү. Дароо Кенжеге айттым. Текстке карата обон жаратып, ал ыр ырдалып калды. Анан да кайырмасын түштөнүп отуруп эле жазып койгом”,- дейт.


«АХ, КАКАЯ ЖЕНЩИНА!» ЫРЫН АЯЛ ЖАЗГАН
Аялзатына суктанууну чагылдырган эң бир жогорку деңгээлдеги бул ырды ким билбесин. Таң калычтуусу, ырдын автору биз күткөндөй мырза эмес, айым.
Орус акыны Татьяна Назарова өзү жазган бул чыгарма тууралуу: “Мен Кавказ жакка барган кезде ал жактагы мырзалар “вах, какая женщина, мне б такую!” деп мага көп тийишишчү. Анан бир күнү ушул сөздү колдонуп ыр жазууну чечтим. Өзүм эле ырды атактуу ырчы Феликс Царикати ырдайт деп ойлодум да, анын мүнөзүнө жараштырып жазып койдум. Бул ыр саптарым композитор Анатолий Разановго тиери менен обону пайда болду. Бирок ырчы Феликске чыгармабыз жетпей, капыстан ошол кездеги эң атактуу “Фристайл” тобуна буюруп, топтун ырчысы Сергей Дубровин ырдап чыккан”,- дейт.

«Я ЛЮБЛЮ ТЕБЯ ДО СЛЁЗ» ЧОҢ ЫЗЫ-ЧУУНУ ЧЫГАРЫП...
Тизилген жагымдуу сөздөр, музыканын ырааттуу гармониясы чыгармага “шлягер” деген ат алып келди. Бул ыр 1997-жылы Орусиянын Эл артисти Александр Серовдун аткаруусунда эл алдына тартууланган эле. Аткаруучу ыр тууралуу: “Бул чыгарма мен үчүн андай деле өзгөчө эмес. Бардык ырларымды бирдей көрөм. Чыгарманын жаратуучулары – композитор Игорь Крутой менен ырчы Игорь Николаев. Ошол адамдарга терең ыраазычылык”,- дейт.
Жакында эле Сергей Мазаев бул ырды өзгөртүп, бир аз рок стилине жакыныраак кылып ырдап чыкты. Буга чыгарманын аткаруучусу Александр Серов макулдугун берген. Ал эми ырдын жаратуучулары Игорь Николаев менен Игорь Крутой эл алдына ырдалып чыкканда гана угушат. Бул үчүн “ырга олуттуу мамиле кылбадың” деп чыгарманын авторлору Александр Серовго абдан капа.

«O SOLE MIO» ОРУСИЯДА ЖАЗЫЛГАН
Дүйнөнү багындырган бул ыр 1898-жылы орус графы Поленовдун атайын заказы менен Эдуардо Ди Капуо жана Жованни Капурролор тарабынан жазылган. Авторлорду граф Одессадан жолуктуруп калат да, сүйгөн айымына арнап итальянча ыр жазып берүүлөрүн өтүнөт. Кийинки эле жылы ыр ырдалып чыгып, элге сиңип кете албагандыктан, авторлор ырга болгон укугун 25 лирге (2 доллар) сатып жиберишет. Ошондон кийин «Күнүм менин» («O sole mio»)
чыгармасын атактуу ырчылар ырдай башташкан да, аялзатына арналган чыгарма дүйнөнү кезип жөнөгөн. Ал эми ырдын жаратуучулары кийин жакырчылыкта жүрүп каза табышкан.

ФИЛИППТИ ЧӨГӨЛӨТКӨН «ЕДИНСТВЕННАЯ МОЯ»
Аялзаты үчүн күйүп- бышкан “Жалгызым менин” (“Единствен­ная моя”) деген белгилүү ырды Филипп Киркоровго чейин чыгарманын автору Олег Газманов ырдап эле жүрчү. “Ырдын багын Филипп ачты” деген кептин төркүнү да туура. Бул тууралуу Филипп Киркоров төмөндөгүчө баяндайт: “1995-жылы эле. Сочиге концертке бармакмын. Бирок негедир бир күн эрте барып алдым. Карасам, кечинде Олег Газмановдун концерти бар экен. Бекер убакытты өткөрбөйүн деп барып, концерт көрүп отургам. Бир маалда эле Олег “единственная моя...” деп ырдап калды. Ордумдан тура калып өзүмө “бул менин ырым болот” дедим. Концерттин акырына чейин күтүүгө чыдаган жокмун. Дароо сахнанын артына өтүп, “бул ырды мен да ырдашым керек, ырдоого уруксат бер” деп эле Олегдин алдына чөгөлөй калдым. Ал дагы шашыла “маселе эмес, ала бер” деди. Борборго барып ырды жаздыргыча шашкам”.


«Супердин» сурак бурчу

АЯЛЗАТЫ СИЗ ҮЧҮН...

Айдарбек Сарманбетов, журналист, жазуучу:
– Эненин таман алды бейиш делет,
Энесиз дүйнө жетим, тозуп кетет.
Эрлерди эрдиктерге шыктандырып,
Эне, жар, Ата Журтка кубат берет!



Чырмаш Төрөбеков, ырчы:

– Аялзаты мен үчүн ааламдагы эң ыйык зат. Аял – бизди жарык дүйнөгө алып келген эне. Аялдарды сыйлоо, урматтоо биз – эркектердин милдети деп билем. Керек болсо аялды ар дайым алаканга салып көтөрүп жүрүү керек.



Канат Абазбеков, диктор:

– Аялзаты мен үчүн улуу, ыйык эне, эң кымбат эже, карындаш, анан, албетте, жароокер жар. Ушул адамдар бар, бактым бар. Ар дайым жаныбызда жаркылдаган аялзаты болсун демекчимин. Келе жаткан майрамыңыздар кут болсун!


Замир Арыкбаев, ырчы:

– Аял абдан назик болгону менен, дүйнөнүн көркү жана аны тиреп турган күч. Алар ар дайым мээримдүү, сулуу, назик. Ошол себептен аялсыз жашоону элестетүү мүмкүн эмес. Жалпы аялзатын келе жаткан жаз майрамы менен куттуктайм!



Алмаз Токторбаев, жеке ишкер:

– Эми аялды кандай мактаса да жарашат. Бекеринен “бейиш эненин таманында” деп айтылбаса керек. Аял деген үч тамганын ичинде ааламды титиреткен кереметтүү күч турат эмеспи. Бардык асылзаттарды март майрамы менен куттуктайм.


Нурбек Кашкатаев, студент:

– Жайдыр-кыштыр жайлоо жыттуу илеби,
Баласында бардык ою, тилеги.
Билбей жүрөм кандай заттан бүттү экен,
Бизди тууган энелердин жүрөгү?
- демекчи, энелер, силерсиңер, өмүр берген жашоого. Биз, мырзалар, силерди ар дайым сыйлайбыз.



Бекболсун Жеңишбек уулу, окуучу:

– Аялзаты – бизди жашоого алып келген энелер. Ошондуктан аял аттуунун баарын төбөбүзгө көтөрүп жүрүшүбүз керек. Эч качан энелердин көз жашы төгүлбөй, бакыттын нурун чачып жүрө беришсин.

Чолпон Сүйүнбаев
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аялзаты жөнүндө белгилүү ырлар 02-03-2012
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
nurlan.gaipov.com
2012-03-05 15:03:49
Урматуу аял заты, сиздерди келе жаткан 8-март аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктайм. Эркек учун эн кымбаты аял зат,
Аял учун калтырбасам мындай кат.
Жыпар жыттуу кызыл,сары,ак гулдор,
Аял заты силер учун арналат.
+1
Gulmira94
2014-03-08 16:33:07
Чон рахмаат урматтуу nurlan.gaipov.com.
0
Murok
2019-03-06 16:47:51
ХХХХХ эми рахмат айтканга жарабай кайра асмандан тушконсуп ХХХХХ тирешип койгонун дагы.ушундай адамдар болот экен да
0
Asyl10
2019-03-07 17:10:56
Сен Аялсын- улуусун да,бийиксин
Сен аялсын, кызыксын да, сулуусун
Сен Аялсын ......
Адал эмне, азап эмне, ак эмне?
Баарын билген, баарын сезген....
Сен Аялсын.....
Сенден кантип курган журок аянсын
Сен Аялсын...
ушул ыр сапты ким жазган эстей албай
+1
Asyl10
2019-03-07 17:11:56
эстей албай жатам. Ошого точкаларды кошуп салдым,билбеген жерлериме. Билсенер толуктап жазып койгулачы. Сен Аялсын деген (обондуу эмес) ыр болчу
0
№ 487, 2-март - 8-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан