Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

КӨРКӨМ КЕҢЕШ – ЫРЧЫЛАРГА БӨГӨТ ЖЕ КОРРУПЦИЯГА КАРАЙ КЕНЕН ЖОЛ

№487 2-март - 8-март, 2012-ж.


АЛГЫ СӨЗ ОРДУНА
Баш кесмек бар да, тил кесмек жок. Андыктан Көркөм кеңешти түзгөн Маданият министрлигинин жүрөгү муздабай эле койсун, азыркы айтылчу кептерге. “Көркөм кеңеш” деп момпосуйдун кагазына ороло кооздолуп, жумшак айтылып жатат. Жылаңач чындыкты айтканда, цензура дегендикке жатат. “Цензура” деген сөздү латын тилинен түзмө-түз которуп түшүнүүнүн деле кереги жок. Жөн гана бөгөт, ооздуктоо, көзөмөл деп кабыл алуу туура биз үчүн.
Башка маселе калбай калгансып, жыйындардын биринде бир депутат “фонограмманы жоюш керек” деп бакырып койду, экинчиси министрлик креслону кучактаары менен ишке киришти. Эки жаат болуп талашып-тартышып, “муну эмнеге өткөрбөдүң, тиги таанышыңды эмнеге өткөрдүң? Узун эмес, кыска кием, өзүмдүн ишим...” деген сөздөр эми чыгат окшоп калды.
Толик сынчы артисттерди сындачу эмес беле, эми 180 градуска бурулдубу?” деп айтат чыгар бирөөлөр. Жок! “Сатира жазарда куудулдар Толик сынчыны эске алышчу”,- деп Рахман Разыков акыры сынды моюнуна алды. Демек, артисттер да сынды уга, көтөрө билген, эл менен эсептешкенди өздөштүргөн калк. Адам укуктары корголгон өлкөдө өмүр сүрүп жаткан соң алар каалагандай ырдоого, кийинүүгө, басып-турууга укуктуу. Нанды “на-на” деп ырдайбы, апаны “мама” деп айтабы, кара көйнөк киеби же чүмбөтчөн чыгабы, ал өз иши, ар бир ырчынын өзүнүн табити.
Ырчылардын ырларын угабыз, клиптерин көрөбүз. Бир ырчынын ыры мага жакпаса, миңдеген кишиге жагат. Кимдир бирөөгө клиби жакпады, көрбөй койду, а мен эмне үчүн тигиге жакпаса көрбөшүм керек? Көрөм! Бирөө Султанды жактырып укса, дагы бирөө Арсен десе жата калат. Айтор, ар кимдин табити ар башка. Ырчыларды электен өткөрүп жаткан “кеңешчилер” менен жөнөкөй угарман эмнеге эсептешиши керек? Биринчи эле суроо ушундай жаралат. Чынында, 15 кишиге жакпаса, 15 миң күйөрманынын кулагын сүйүнтө албай калабы?
Артисттер арасында “Эмне үчүн өзүмдөн кичүү, тажрыйбасы жок ырчыга ырымды, кийимимди сындатып, андан уруксат алышым керек?”, “Арасында мага дайым бут тоскон бирөө бар экен, эми мен оңбой калдым”, “Мени 15 киши өткөрбөсө, жүз миңдеген күйөрмандарым, угармандарым угат, коркпойм...” деген кептер желдей жорто баштады. Антсе, “ырдай албагандардын жүрөгү алкымына тыгылды” деп сол капталдан сокку урулду. Айта кетчү нерсе, Көркөм кеңештин мүчөлөрүнө тийишейин деген кыпындай ой жок. Анткени алар маданияттын казанында кайнагандар. Же аларга өмүр бою Көркөм кеңештин мүчөсү болосуң деген күбөлүк берилбегенден кийин убактылуу, келер-кетер деп гана караган оң. Сөздүн ток этери башкада. Биздин заманда Көркөм кеңештин кереги жок. Артист журтчулугу сыртка бакырып чыкпаганы менен, ич ара “коррупцияга карай кеңири жол, басым-кысым уланса, Көркөм кеңеш “күчүнө” кирсе, пикет-митингге чыгууга даярбыз” дешүүдө.
Убагында Англияда Кыргызстандын толук ыйгарым укуктуу элчиси болгон, саясатчы, журналист Кубан Мамбеталиев да Көркөм кеңеш тууралуу күйүп-бышып көп нерсе айтты.

“КӨРКӨМ КЕҢЕШТИН ЖЫТЫН ЖОЛОТПОШ КЕРЕК”
– Совет доорунда ММКга, адабиятка, искусствого цензура бар болчу. Анан Көркөм кеңеш түзүлгөн. Көркөм кеңеш Совет дооруна шек келтирбеген ырларды иргеп, “социалисттик методдун негизги принциптерин бузбоо керек” деп көзөмөлдөп турган. Эгемендик алгандан кийин цензура, Көркөм кеңеш дегендерди дароо жойгонбуз. Эгемендик алганыбызга 20 жыл болду, ал түшүнүк калды. Анан эми эмне болуп жатабыз? Эмне, кайрадан Совет дооруна кайттыкпы?..
Көркөм кеңешти угуп мен таң калдым. Эгерде ырчы жаман ырдап, жаман кийинсе, эл өзү эле жактырбай коёт. Ошон үчүн эч качан мындай чектөөнү кылбаш керек. Бир мисал келтирейин, Бразилияда “Ламбада” деген ыр чыкканда Бразилиянын өкмөтү ал ырга тыюу салган. Ырдай турган жерди жаап, “бул жерден, тиги жерден ырдабайсың” деп тыйышкан. Тыюу салгандан кийин эмне болду? Автору экинчи “Ламбаданы” чыгарды, үчүнчү, төртүнчү “Ламбаданы” чыгарып жиберди. Натыйжада “Ламбада” бүт дүйнөгө тарады. Футбол ойноп таанылган өлкөнү ошондо “Ламбада” ыры дагы бир ирет ааламга таанытты. Канчалаган туристтер ошол ырды ырдагандарды, ошол ырга бийлегендерди көрүү үчүн Бразилияга барып калышты.
Сахнага жарым жылаңач чыгып ырдаса болбойт” деп жатабыз. Балким, ошол жарым жылаңач кийинген ырчынын экинчи Мадонна же Уитни Хьюстон сыяктуу өнөрү бардыр же болбосо андан келечекте Майкл Жексон чыгаттыр?.. Анан биз ага балта чабышыбыз керекпи? Көркөм кеңештин жытын да келтирбей, түбү менен жок кылыш керек. Бизде базар экономикасы деп коёт. Эл ырчыны өзү тандап алат, өз акчасын коротуп, жактырган, сүйгөн ырчысынын концертине барат. Бул жерде идеология, анан саясатташабыз деп жатышпайбы. Бул болбогон нерсе, болбойт дагы. Көркөм кеңеш бекерден уят болуп, 2-3 айдан кийин өзүнөн-өзү жабылып калат.

“СОВЕТ ДООРУНДАГЫ КООМДУК КЕНЕШ ЖАРЫМ ЖЫЛГА ЖЕТПЕЙ ЖОК БОЛГОН”
– Акаевдин мезгилинде Казат Акматов башында турган ММКларды, адабиятты жөнгө салчу Коомдук кеңеш түзүлгөн. “Гезиттердин баары ээн баш болуп кетти, демократия десе эле жапайы болуп баратат. Демократия деген тартиптүү болот” дешкен. Тартиптүү демократия деген болгон эмес. Анан алар “демократия – дүйнө жүзүндөгү эң ыплас нерсе” деп айткан” деп британиялык саясатчы Черчиллдин сөзүн карманышкан. Бирок анын сөзүнүн аягын айтышкан эмес. Черчилл: “Демократия – эң ыплас нерсе, бирок мындан жакшы нерсени адамзат ойлоп таба элек”,- деген. Көрдүңөрбү, Черчиллди алар макоо кылгысы келген.
Ошондогу Коомдук кеңеш жарым жылга да жеткен жок жоюлду. Кеңешке мен да мүчө элем, бирок өз арызым менен чыгып кеткем. Анда журналист болчумун, бийликти сындасам, “эмне үчүн сен мындай деп жазасың?” дешкен. Коомдук кеңеши жабылып калган соң кийинчерээк Адилет министрлигинин алдына коомдук нраваны көзөмөлдөөчү кеңеш түзүп чыгышты. Гезиттерди “силер неге минтип жазасыңар?” деп бурчка такай башташты. “Криминал” деген гезит ачыла калып, “министрлер үй курдуруп жаткан жерден сөөктөр чыкты” деп жазганы үчүн ошол журналистти Адилет министрлигинин алдындагы Коомдук кеңешке таянып сотко беришпедиби. Жок, ал кеңеш да жабылып калып шерменде болушкан. Ошондуктан Коомдук кеңешпи, Көркөм кеңешпи, түбү бир – цензура.
Совет учурундагы Коомдук кеңеште да кыйынсынышкан, «Эл акындары, укмуштуу кишилер кирди» дешип. Эмне болду, жабылды. Эми Көркөм кеңешке да “Эл артисттери, “Манас” орденин алгандар кирип жатат” дешүүдө. Ошолор айтып жатышат, “биз акылдуубуз, биз чечебиз, кийимдерин алып келип көрсөтүшсүн” деп. Эмнеге алар көпчүлүктүн ой-пикирин чечиши керек? Кандай акмакчылык?!

“МАДОННА ДЕЛЕ МАЙКА-ТУРСИЙЧЕН ЧЫГЫП ЖАТПАЙБЫ”
– Мына, Мадонна деле майка-турсийчен чыгып жатпайбы. Концертине миңдеген киши келип, миллиондогон акча түшүп жатат. Алла Пугачёва кыска кийип чыгат. Маша Распутинаны айтпай эле коёюн, аны сахнанын секс-символу деп сүйүшөт. Орусиядан бирөө чыга калып “булар начар болуп кетишти, Көркөм кеңеш түзүш керек, сахнага чыгарбаш керек” дебей эле. Айтып көрүшсүнчү, эмне болот экен. Албетте, ал ырчынын күйөрмандары ошол айткан уюмдун таш-талканын чыгарат. Бизде деле ошондой болот. Бекеринен элге жек көрүндү болот, бул долбоор, анын уюштуруучулары. Эл жалаң эле Эмгек сиңирген, Эл артисттеринин концертине барат деп ким айтты?

Бир ырчынын костюмдарын көрөт, жакпай калат да, “узун кий” дейт, ырчы “эмнеге узун кием?” дейт. Мына ошондон уруш чыгат, пикир келишпейт. Анда тиги артист чыкпай калабы? Макул, мамлекеттик мекеменин сахнасында концерт өткөргөнгө тыюу салды дейли. Ырчы клубга же жеке менчик театрларда концерт коё берет. КТРКга же мамлекеттик телеканалга чыгарбады дейли, анда азыр жеке менчик телеканалдар бар, андан чыга беришет. Эгер элге ошол ырчы кызык болсо, кайсы жерден болбосун көрүүгө даяр. Ошон үчүн адабият, искусство, эстрадада эркиндик болуш керек. Таптакыр жылаңач чыгып алса, эл таш бараңга алып, өзү иргеп салат, Көркөм кеңешсиз эле.

“ТОКТОГУЛ” СЫЙЛЫГЫН “АРЗЫМАТТАР” АЛЫШУУДА”
–Токтогул менен Арзымат айтышканда бирөө тыюу салды беле? Жок. Калыгул Ормон хандын бетине айткан сөздөрү үчүн тыюу салды беле? Албетте, жок. Көркөм ойду, көркөм сөздү, талантты бирөө тыя албайт. 20 жыл мурунку окуяга кайтып барып, өзүбүздү шерменде кылуудабыз. Эмне үчүн фонограмманы жоёт? Фонограмма деле өзүнчө ыкма. “Майкл Жексон жалаң жандуу ырдаган” деп ким айта алат? Мен Мадоннанын концерттерин көргөм, ошондой чоң залда Мадонна жалаң жандуу үн менен ырдады дейсиңерби? Фонограмма менен ырдап жатып свет өчүп калса ким шылдың болот, албетте, артист өзү.
Бек Борбиев, Сыймык Бейшекеев фонограммасыз ырдай албайбы, ырдайт эле. Бирөөсү комуз, экинчиси кыяк менен ырдап жүрүшпөйбү. Жаштардан Каныкей, Бактыгүл Бадыевага окшогон кыздарыбыз бар, алар фонограмма менен ырдаса ырдай беришсин. Анткени алардын өздөрүнүн аудиториясы бар. Анан буга тыюу салуу деген акмакчылык. Дүйнө жүзүндө болбогон нерсени биз жасап жатабыз. Кайра-кайра Совет доорун кылчактап карап. Ал убакта КПСС деген болгон, азыр эмне, КСДП же “Ата Журт” диктатура болуп жатабы? Жок, андай болбойт. Эч ким эстрадага үстөмдүк кылбаш керек. Бүгүн Көркөм кеңешти киргиздик, эртең цензураны киргизебиз. Тизгин салынган демократия бул – демократия эмес. Муну кулчулук деп коёт. “Ляппай, таксыр” деген заман өткөн, арасында Арзымат ырчылары бар.
Шайлообек Дүйшеевдин жакшы сөзү бар: “Азыр Токтогул” сыйлыгын “Арзыматтар” алып жатат” деген. Туптуура, эшик ага ырчылар бар. Бирок эстрадага жакын адамдар калыс сөзүн айтыш керек коркпостон.
Гүлнур Сатылганова, Саламат Садыкова сыяктуу уникалдуу ырчыларыбыз бар. Сыймык Бейшекеев деген кандай ырчы. Сыймыктан соң да жаш балдар чыгып жатат, жакшы ырдаган. Чыга беришсин, бирок тиякта бирөө туруп алып “мага бул ырчынын кийими жакпады, ырдабасын” дегенге укугу жок. Кыскасы, ар бир ушундай цензура коррупцияга толук негиз болуп берет.

Толик сынчы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(18)
05.03.2012. 13:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
22-01-2011
Соӊку аракети:
11-04-2018 12:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай туура сын айтыптырсын ТОЛИК СЫНЧЫ!
05.03.2012. 17:00 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
12-01-2012
Соӊку аракети:
23-01-2013 18:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ленинград обласы
0
Кыргыз ырчыларын Мадонна Уитни Пугачева Распутина жб ларына салыштырууга болбойт!
Чынгыз Айтматовдун жакшы созу бар "Ар би дарактын астына карол койбой, ар бир адамдын журогуно кароол койуу керек"- деп! андыктан ар бирибиз ге ыйман берсин.
05.03.2012. 19:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
17-10-2011
Соӊку аракети:
24-08-2018 14:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
moskva
0
ушул асылбаган ырчылар калды эле арасында барда талантуулары
06.03.2012. 00:00 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
19-01-2012
Соӊку аракети:
07-04-2012 20:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Свердловская обл. г. Екатеринбург
0
Ырчыларды жайына койгулачы сураныч. Андан коро аларга удобство тузуп берсенер. Мына ушундай шартта ырдагыла дебейсинерби каалагандай шарт коюп! Дей албайсынар ни в коем случии себеби колунардан келбейт урматтуу министерство включая правительство!!! Мындай нерсени Омардын концертинен кийин билдим.
06.03.2012. 02:20 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
174
Катталган:
24-05-2009
Соӊку аракети:
07-05-2016 00:07
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Толик сынчы эн туура!
06.03.2012. 08:01 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
150
Катталган:
22-09-2010
Соӊку аракети:
29-12-2015 01:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Tolik sinçi tuura aytat birok, Madonna, Pugaçiha , Rasputinalarga salishtirip bolboyt....Sebebi al jakti batish bizdi çigish dep koyot go....mentalitetibiz bashka...
06.03.2012. 10:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
08-10-2010
Соӊку аракети:
17-12-2012 17:27
Жынысы:
Белгисиз
0
по любому кереги жоок ушу корком кенештин.ар кимдин вкусу ар турдуу да.
06.03.2012. 15:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
30-07-2011
Соӊку аракети:
11-11-2018 06:51
Жынысы:
Белгисиз
0
эми ырчыларды эл озу эле тандар алат да таланты жок ырдай албаган ырчыларды эч ким укпай койсо болду ал очуп кетет
07.03.2012. 00:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
22-02-2012
Соӊку аракети:
09-03-2018 11:49
Жынысы:
Белгисиз
0
stepboy, сага 100%кошулам
07.03.2012. 00:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
22-02-2012
Соӊку аракети:
09-03-2018 11:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик сынчы бир четинен сиздики туура. Бирок, Кыргыз ырчыларын батыштын ырчылары мн салыштыруу мумкун эмес. Озубуздун маданиятты озубуздукундой сакташыбыз керек. Мейли ырчылар ар кандай кийине беришсин. Бирок ырларынын маанисин ондош керек. Тантыраган соз жазбай. А корком кенеш ошолорго туура жол корсотуш керек. Эмне учун Бадыева, Каныкейлер ж.б фонограмма мн ырдаш керек?! Бул деген элди алдоо! Фонограмманы жоюш керек.
07.03.2012. 03:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
09-04-2011
Соӊку аракети:
14-01-2018 15:54
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык нерсенин жаман жагы, жакшы жагы болот. Жакшысы кобун тандашыбыз керек. Цензуранын жаман жагы кобуроок. Искусство бул бухгалтерия эмес, созсүз так болушу керек эмес, чек болушу керек эмес, ал жаныланып, өсүп-өнүп турат, бир рамкада кетпейт, жаманы өзүнөн-өзү өчөт, жакшысы өсөт.
07.03.2012. 14:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
13-10-2011
Соӊку аракети:
04-11-2018 10:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
рес. Cyперстан\ г. LoLo\ ул. PePe\ кв. 2
+1
Чалкалап отуруп фонаграмма ырдабагыла деп приказ берип койуп койкойбой ошол концерт берчу жерледи живой ырдачуудай кылып камсыздап берсин анан ошентип керилишсин ошондой эле Корком кенештин "К" тамгасын да шоу бизнеске аралаштырбай эле койгула. Бул кылыгынар менен озуноду эле уят кыласынар!
07.03.2012. 23:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
61
Катталган:
27-01-2012
Соӊку аракети:
13-10-2018 21:39
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Мадоннага окшоп майка-турса кийип чыкканга кыргыз элининин менталитети туура келбейт.Курч журналист мындай создорду жазбай,ордуна маанилуу создорду жазса болмок.Козу карындай болуп жайнаган ырчылар иргелип таланттуулары чыкканга оболго болот корком кенештин жардамы менен.Бирок,формасына кийлигишпей эле койсо болмок.
09.03.2012. 12:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
19-03-2009
Соӊку аракети:
13-11-2018 20:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Все артисты на миттинг!!! хахаха
10.03.2012. 11:05 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
25-07-2011
Соӊку аракети:
08-07-2013 21:44
Жынысы:
Белгисиз
0
корком кенештин бары эле жакшы бир четинен. Бирок ошол кенештеги адамдарды И аткаруучу функциясын алмаштырыш керек. Бекеринен Кенеш деп аталган жок да. Демек, анча мынча туура эмес жазылып калган ырларды запрещать кылбай, кайсы жерин озгортуу керек экенин такташ керек. Чынын айтыш керек, азыр мааниси уйкаштыгы жок ырлыр аябай коп. И плагиат обондор да аз эмес. Балким ушундай жол менен эстраданы бир тепкич болсо да жогорулатарбыз!
10.03.2012. 11:12 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
25-07-2011
Соӊку аракети:
08-07-2013 21:44
Жынысы:
Белгисиз
0
ал эми КЕНЕШтин составына ырлардын создорунун маанисин, уйкаштыгын караганга акындар, филологдор ал эми обон, аранжировка жагын караганга обончулар, аранжировшиктер ж.б.у.с. азыркы составынан К.Азыкбаев эл татыктуураак. Себеби бул адам коп нерседе ойной алат. Музыкалык билими бар. мисалы М.Бегалиев, К.Урманбетов, Э.Мээрканов, ж.э да кошсо туура болот го.
10.03.2012. 11:25 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
11-08-2011
Соӊку аракети:
29-12-2014 19:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчасы бар уну жок типа ырчыларыбыз кобойуп кетти.Корком кенеш биринчи иштеп корсун.Анан сындайсынар.Мадоннага тен келчудой кыргыздар чектен чыгыш керекпи.Сынынар туура эмес!!!
06.05.2012. 12:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
324
Катталган:
18-01-2011
Соӊку аракети:
28-07-2017 18:31
Жынысы:
Белгисиз
0
korkom kenew jok kezdedele bir jakwyna kiyinip bak darakta ele klip tarttychu elegO yrchylarybyz. Korkom kenew kelbese dele jylanchatanyp kalbayt ele. chygam degen jawtardyn umutun uzup jatasynar. Misaly mendeda chymynym bar, birok korkom kenewti ugup konul tuwtu.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21442;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: