ИЗДЕЙМ СЕНИ

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз же кеңсебизге келиңиз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги жана телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-26

ЭСИН ЖОГОТКОН КЫРГЫЗ ЧИТА ШААРЫНАН ТАБЫЛДЫ
Редакциябызга Орусиянын Чита шаарынан кат келип түштү. Катта Читадан кыргыз жараны табылганы тууралуу айтылган. Бирок ал эсин жоготуп койгон. Анда катка көңүл бурсак.
– Биз Чита шаарында жашаган кыргыз жарандарынын атынан мекендештерибизден жардам сурап кайрылдык. Себеби бул шаарда эсин жоготкон Койчуманов Дүйшөнбек Акматбекович аттуу киши табылган. Ал 1951-жылы 18-мартта туулган. Учурда биздин колубузда. Анын айтымында, ал Нарын шаарынын Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылынан болот. Мурда дене тарбия сабагынан мугалим болуп иштеген экен. «Он бир туугандын улуусумун» дейт. Инисинин аты Дүйнөбек жана Рубалия, Расия, Роза, Атыргүл, Сайрагүл аттуу карындаштары бар экенин айтууда. Биз мындан сырткары эч кандай маалымат биле албадык. Ал кээде эсине келип, кээде өткөнүн кайра унутуп калууда. Читага кантип, ким менен келгени да белгисиз. Эгерде бул адамды таанып-билгендер болсо, бизге байланышка чыгууңуздарды өтүнөм. Бул байкенин туугандарын, үй-бүлөсүн табууга көмөктөшүүңүздөрдү суранабыз.
Эмилбек Эргешович.
Тел.: (007964) 467-6700.

“НАРЫНДЫК КУРБУМ БАЯНДЫ ИЗДЕЙМ”
– 1989-жылы 5-декабрда туулган курбу кызым Бекжан кызы Баянды издеп келем. Биз Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы №1-орто мектепте 9-класска чейин бирге окуганбыз. Кийин ал ата-энеси менен шаарга көчүп кетти. Атасынын аты Бекжан, апасынын аты Гүлмира. Нестан, Адина аттуу сиңдилери бар. Шаарга көчүп кеткен бойдон байланыш үзүлүп калды. Баян, эгерде менин издеп жатканымды билсең, kairka89@mail.ru электрондук дарегине кат жаз. Сени чыдамсыздык менен күтөм.
Курбуң Кайыргүл.

“ТААЛАЙБЕК, ДАЙЫНЫҢДЫ БИЛДИР”
– Баткен облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында 1985-жылы туулган Бегматов Таалайбек Кадыржановичти издеп келебиз. 2004-жылы октябрь айында үйдөн чыгып кеткен бойдон уулубуз дайынсыз. Көргөн-билгендер болсо, бизге билдирип коюуңуздарды өтүнөбүз. Уулубуздун аман-эсендигин тилеп, көрүшөбүз деген үмүтүбүз зор. Ата-энең, бир туугандарың, баарыбыз сени чыдамсыздык менен күтүп жүрөбүз.
Чоң энең Кыймат.
Тел.: (0772) 25-96-13.


“ГРУППАЛАШТАР, КАЙДАСЫҢАР?”
– Мен Шаршеева Нургүл, Кыргыз агрардык академиясынын зооинженердик факультетинин НАЭК-1-97 группасында 1997-жылдан 2002-жылга чейин окуган группалаштарымды издейм. Алар: Мамбетсадыков Жоомарт, Ишенкул уулу Жолдош (Кочкор району), Мукамбетов Сүйүн (Каракол шаары), Бакиев Эмил (Бөкөнбаев айылы, Тоң району). Эгерде бул катты окусаңар, байланышка чыккыла, мен силерди чыдамсыздык менен күтөм.
Группалашыңар Нургүл.
Тел.: (0559) 97-59-76.

“КЕНЖЕГҮЛДҮ ТАПКЫМ КЕЛЕТ”
– Атым Тумар. Мен 1981-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа айылында туулган Кенжегүл аттуу кызды издеп келем. 2007-жылы Бишкектин Аламүдүн-1 кичирайонундагы тигүү цехинде бирге иштеп, жакшы курбулардан болуп калган элек. Тилекке каршы, кийинчерээк ортобуздагы байланыш үзүлүп калды. Кенжегүл, кабарыңды билдир.
Тумар.
Тел.: (0551) 13-04-85.

“МОСКВАДАН ЧОГУУ КЕЛГЕН АЛМАЗДЫ ИЗДЕЙМ”
– Москвадан поезд менен чогуу келген кара-балталык Алмаз аттуу жигитти издейм. Ал экөөбүз Москвадан келе жатып, жолдон таанышканбыз. Чек арадан мигранттык карточкамдын мөөнөтү бүтүп калгандыгына байланыштуу поездден түшүрүп салышкан. Жанымдагы чоң сумкамды, белек-бечкектеримди Алмазга тапшырган элем. Туугандарым Жамбылдан тосуп алып жүктү алышмак, бирок бара албай калып, шаардан күтүшүптүр. Ал эми Алмаз Кара-Балтадан түшүп калыптыр. Эгерде бул билдирүүнү окусаң, мени менен байланышып кой.
Улан.
Тел.: (0777) 18-10-22.

“ГУЛИРА, КАЙДАСЫҢ?”
– Мен кара-суулук 1992-жылы 17-июлда туулган Акунова Гулира Касымбековнаны издеп жүрөм. Менин билишимче, ал азыр Москвада. Гулира, эгер бул катты окуган болсоң, мага дайыныңды билдирип кой.
Бек.
Тел.: +79299381223

“ГРУППАЛАШТАРЫМДЫ ТАПКАНЫМА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРЕМ”
– Гезиттин №485-санында “Издейм сени” рубрикасына группалаштарымды издеп кайрылган элем. Көп жылдан бери көрө элек курбуларымды таап алып кубанычтамын. Канча жылдан бери дайынын билбеген курбу-досторум менен табыштым. Бизди табыштырган “Супер-Инфо” гезитине терең ыраазычылык билдирем. Бири-бирин издегендерге айтарым, эч качан үмүтүңүздөрдү үзбөгүлө.
Урматтоом менен Айнагүл.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
maisal1919
2012-03-08 20:49:51
озгон районуна караштуу алтын булак айыл окмотунон болгон досумду издеймин 9 жыл чогу окуганбыз анан ал семизгол деген айылга кетип ошол бойдон корушкон эмеспиз азыр угушума караганда москва шаарында иштеп журот экен +79615552036 коруп билгендер болсо ушул номерге зв кылып койсонуздар жакшы болот эле



0
№ 487, 2-март - 8-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан