Ушул жылдын 27-февралында, салт болуп калгандай, “Кодак” кинотеатрында “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. “Мыкты актрисаны” Мэрил Стрип “Темир айым“ тасмасындагы, “Мыкты актёрду” француз актёру Жан Дюжарден “Артист“ фильминдеги ролу үчүн алышты.
Ал эми беш наам боюнча “Оскардын” статуэткасын алган жылдын фаворити француздардын “Артист” тасмасы болду. Бул фильм “Мыкты режиссёрдук иш”, “Мыкты тасма”, “Мыкты саундтрек” жана “Костюмдардын дизайнын мыкты ойлоп тапкан сүрөтчүнүн иши” наамдарын илип кетти.