Анжелина Жолинин алгачкы режиссёрлук эмгеги болгон “Бал менен кандын четинде” аталыштагы тасмасынын Белграддагы бет ачарына 12 гана киши келиптир. Айрым көрүүчүлөр тасма бүткүчө эле кинотеатрдын эшигин жаап чыгып кетишиптир. Алардын билдирүүсүндө, фильм Жоли айткандай сүйүү жөнүндө эмес. Эске салсак, тасманын сюжети 1990-жылдардагы босниялык мусулман кызы Айло менен сербиялык аскер кызматкери Даниэлдин сүйүүсү тууралуу болчу. Сценарийин Жоли өзү жазып, фильмге сербиялык жана босниялык актёрлор тандалып алынган эле.