АЛЫКУЛ ОСМОНОВ ТУУРАЛУУ ТАСМА СТАРТТА

Жакынкы күндөрү жаш режиссёр Айдай Чотуева тарткан улуу акын Алыкул Осмонов жөнүндөгү “Мезгил жана Алыкул” фильми тасма сүйүүчүлөрүнө көрсөтүлүп баштайт. Тасмада акындын алгачкы сүйүүсү, чыгармачылыгы, жашоо-турмушу менен биргеликте 1930-1950-жылдар аралыгындагы мезгил чагылдырылат. Фильмдин сценарийи Алыкулга арналган “Алыкулга гүлдесте”, “Сапар”, “Мезгил жана Алыкул” деген чыгармалардын негизинде жазылып, кинону тартууга баш-аягы бир жыл убакыт кеткен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Kyrgyz_jigit
2012-03-05 20:31:52
Азаматтар!!! Алыкул менин эң сүйүктүү акындарымдын бири...Ушундай тасмалар дагы-дагы көп-көп тартылса деген тилектемин.Себеби мындай жааттагы тасмалар Алыкулга окшогон кыргыздын чыгаандарынын элге көбүрөөк таныштыруу жана түбөлүк эстеликке алып келет деп ойдомун...
Касым Тыныстанов жөнүндө качан тартылат болду экен)))
0
BEKTUR AZHO
2012-03-06 21:36:35
Алыкул-эн мыкты алп акын...

Мен суйгон акын Алыкул
Алыкул акындардын жакшысы эле
Азыр да бийик турат олсо деле.
Анткени Алыкулду бийик кылган,
Ырлары олбос-очпос бийик беле?

Жаш кетип, мезгилинен эрте кетип,
Кайгыртты кыргыз элин ойго салып.
Ырлары жашай берет туболукко,
Окусан конул эргип моокум канып.

Жашаса эрте кетпей бир аз дагы,
Жаратмак не бир сонун коп ырларды.
Аттин ай омуру кыска болот тура
0
Shaki
2012-03-07 12:08:55
Alykul Osmonov- kyrgyz poeziasynyn alp akyny!
Akyndyn ar bir chygarmasy,ar bir yrynyn saptary menin jurogumdo orun algan.
0
Jamalym
2012-03-09 02:35:42
"Мезгил жана Алыкул"киносунун КТРКдан рекламасын коруп эле ыйлагым келип кетти.Эн жакшы тартылыптыр."Ретро"стилиндеги биринчи кино болуш керек менин оюмча КРда.Алыкул атабыздын олбос,очпос чыгармалары туболукко жашай бермекчи.
0
malyshka123
2012-03-28 14:45:00
Jamalym, ооба, олкобуз эгемендуулукту алгандан бери 1-тарыхый фильм.Кино абдан жакшы тартылыптыр,баардыгыныздар барып коруп койсонор.
0
suli-krsk
2012-03-09 20:59:54
Алыкул жонундо тасма мурда эле чыгыш керек болчу, азыр чыкканына да рахмат! Кыргызды тааныткан Чынгыз Айтматов жонундо ойлонгула эми тезиреек.
0
saltane
2012-03-12 11:47:23
Телеэкрандан берип коюшса жакшы болмок. Жалпы кыргыз журту эле коргусу келип коксоп турган чагы болсо керек ушундай уулуу адамга арналган фильмди.
0
komandos
2012-03-16 13:55:29
Alykul Ocmonow kylymdarda bir jaralchu akyn,anyn yrlary kyrgyz adabiyat suiuuchulorunun
jurogundo ochpos boidon kylymdardan kylymga jashai bermekchi.
0
№ 487, 2-март - 8-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан