Жанры – Драма, мелодрама
Режиссёру – Кэри Фукунага
Продюсери – Элисон Оуэн, Пол Трижибс
Сценарийдин автору – Мойра Буффини (жазуучу Шарлотта Бронтенин романынын негизинде жазылган)
Башкы ролдордо – Миа Васиковска (Жейн Эйр), Майкл Фассбендер (Эдвард Рочестер), Жуди Денч (миссис Фейрфакс), Роми Сеттбон Мур (Адель Варанс), Салли Хоукинс (Рид)
Оператору – Адриано Гольдман
Композитору – Дарио Марианелли
Тасманын узактыгы – 2 саат
Сатыктан түшкөн каражат – 22,7 миллион доллар
Чыккан жылы – 2011-жыл
Бет ачары – 2011-жыл, 11-март (АКШ), 1-сентябрь (Орусия)
ЧЫГАРМАНЫ ТАСМАГА АЙЛАНТУУ
Биз сөз кыла турган фильм – атактуу англиялык жазуучу Шарлотта Бронтенин “Жейн Эйр” чыгармасынын негизинде тартылган, америкалык япон улутундагы режиссёр Кэри Фукунаганын тасмасы. Шедеврге айланган бул чыгарма канча жолу экрандаштырылбасын, ага жан киргизген ар бир режиссёр өз көрөрмандарын таап, татыктуу бааланып келет. Эгер сиз чыгарманы окуган болсоңуз, анда фильмдин сюжетин айттырбай түшүнөсүз. Бирок 500 барактан турган чыгарманы 2 сааттык тасмага батыруу кино жаратуучуларга бир топ түйшүк болору белгилүү. Ооба, тасмада окуя китептегидей кеңири берилбесе да, кыска убакыттын ичинде айрым эсте каларлык учурларын көрө аласың. Биз 2011-жылы экрандаштырылган “Жейн Эйр” тасмасы тууралуу сөз кылмакчыбыз.
ЖЕЙН ЭЙР – ТАБЫШМАКТУУ АЙЫМ 19 жаштагы Жейндин балалыгы кедей үй-бүлөдөн чыккан балдарды тарбиялоочу жатак-мектепте өткөн. Андагы 8 жылынын 6 жылын окуучу, 2 жылын окутуучу катары өткөрөт. Күндөр өтүп, Жейн көп жер тилкелеринин ээси, ак сөөк Рочестердин үйүнө бала тарбиялоочу болуп ишке орношот. Жейн окуткан 8 жаштагы Адель Варанс – ак сөөк Эдвард Рочестердин жээни.
Рочестер Жейн жашаган хан сарайына көп деле келчү эмес. Бир күнү хан сарайынан кабар алууну чечкен Эдвард жаш тарбиячы Жейн менен таанышкандан кийин үйүнө тез-тезден келчү болот. Чынында, Рочестер жупуну, бирок намыскөй, тордон учуп чыккан куш сымал эркиндикти сүйгөн кызды тымызын жактырып жүргөн. Анын жөнөкөйлүгү, наристедей тазалыгы, акылдуулугу, уялчаактыгы Рочестерди арбагандан арбай берет. Табышмактуу Жейн эч кимге ачылбаса да, ичинен кожоюнун сүйөр эле.
Арадан убакыт өтүп, Эдвард менен Жейн сезимдерин ачыкка чыгарып, үйлөнүүнү чечишет. Дал ушул үлпөт күнү Жейн Рочестердин акылдан азган аялы бар экенин билет. Аялын Жейн жашаган хан сарайда, өзүнчө караңгы бөлмөдө кармаарын да угат. “Мындай бузукулукка жол бербейм” деген Жейн Рочестердин жалынганына карабай таштап кетет. Эки ажырым жолго түшкөн Эдвард Рочестер менен Жейн Эйрди тагдыр көп жылдан кийин Рочестердин акылдан азган аялы үйүн өрттөп жиберип, Эдварддын көзү азиз болуп калганда табыштырат.
Жейн эйрдин ролун аткарган актриса миа васиковска: «ЧЫГАРМАСЫН ОКУГАНДАН КИЙИН ТАРТЫЛГЫМ КЕЛДИ»
– Эсимде, 2009-жылы китебин окуп отуруп, ортосуна келгенде агентиме чалып, “бул чыгарманы жакынкы аралыкта эч ким тартпайт бекен?” дедим. Ал эч кандай так маалымат берген жок. Эки айдан кийин мага сценарийди салып жибериптир, андан кийин режиссёр менен жолуктум.
Чыгармада нымдуу, кайгылуу, боз, жамгырлуу Англия сүрөттөлөт эмеспи. Жейндин кызыксыз жашоосу да мага ушундай туюлду. Бир чети Жейн өз мезгилинин революциячы айымы экен. Ал жашаган доордо коомдун калыптанып калган ою менен гана жашашчу. Жейн алардан айырмаланып, жеке көз карашка ээ айым эле. Менимче, биз тарткан “Жейн Эйрдин” сюжети заманбап жана ар тараптуу болду. Эгер костюм, декорацияларды алып койсок, анда өз сүйүүсүн издеп, үй-бүлө кургусу келген кыздын гана тарыхы калмак.
Сынчылардын ою, Сергей Мезенов: “АР БИР МУУНДУН ӨЗ ТАЛАНТТАРЫ БАР”
– Эгер сиз “чыгарманы окугам, киносун көрүүнүн кажети жок” деп эсептесеңиз, бул оюңуздан кайтууну сунуштайм. Кэри Фукунаганын “Жейн Эйри” “Эмне үчүн адамзаты ошол эле тарыхка бир нече жолу кайрылат?” деген суроого мыкты жооп тапкан. Анткени ар бир муундун өзүнүн таланттары бар. Алар тарыхты кайра-кайра айтып берсе да, биринчи жолу угуп жаткандай таасир калтырат. Демек, чыгарма канча жолу кино болуп тартылбасын, ар биринин өз көрөрмандары болот, мейли башка вариантын беш жолу кайталап көрүп, чыгармасын он жолу окуп, сюжетин жатка билсин.
Анна Наринская: “ТИМОТИ ДАЛТОНГО БААРЫ БИР ЖЕТПЕЙТ”
– “Жейн Эйр”, режиссёр Кэри Фукунаганын көзү менен караганда, жаман эмес, бирок буга чейинки экрандаштырылган варианттардан жакшы да эмес. Костюмдар, жаратылыш кооздугу мыкты болгону менен, каармандардын эмоциялары жетишсиз. Мисалы, Рочестердин ролундагы Майкл Фессбендер менен Тимоти Далтондун ойногону асман менен жердей. Демек, кайсынысы мыкты экени көрөрмандардын сынында.
ШАРЛОТТА БРОНТЕ ЖӨНҮНДӨ
Жазуучу Шарлотта Бронте 1816-жылы 21-апрелде Англияда төрөлгөн. Атасы – чиркөө кызматкери. Үй-бүлөдө 6 бир тууган. Шарлотта агасы менен бирге чакан аңгеме, ырларын жазып, анча белгилүү эмес журналдарга берип турушчу. Бронтенин биз сөз кылган “Жейн Эйр” романы 1847-жылы жарык көрүп, жазуучуга ийгилик жылмаят.
1848-жылы жазуучунун агасы аракечтиктен, андан кийин эки эжеси Эмили жана Энн катары менен каза болушкан.
Ал турмуштун соккуларына сынбастан, чыгарма жазганын уланта берет. 1954-жылы жалгыздыктан кутулуу максатында чиркөө кызматкеринин (поп) жардамчысы Артур Николлско турмушка чыгып, бир жылдан кийин, кош бойлуу кезинде кургак учук оорусу күчөп, 39 жашында көз жумган.
КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР
Аталган фильмди Орусияда 12 жашка чейинки балдарга ата-энесинин коштоосунда гана көрсөтүшөт. АКШда болсо 13 жашка чейинкилерге көрүүгө тыюу салынган.
Кино сынчы Роджер Эберт фильмге “4” деген баадан “3,5” деген баа койгон.
Жейн Эйрдин ролун актриса Эллен Пейж аткармак, бирок ал долбоорго катышуудан баш тарткан.
Жейн Эйрдин ролун аткарган актриса Миа Васиковска “Алиса керемет талаасында” фильми аркылуу белгилүү.
“Жейн Эйр” 1934, 1944, 1970, 1983, 1996, 1997 жана 2006-жылдары экрандаштырылган.
Тасманын 1983-жылы актёр Тимоти Далтондун катышуусундагы телесериалы элдин эсинде калган варианты болуп эсептелет.