ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга)

(Башы өткөн сандарыбызда)

Катуу уйкуда жаткан Азирет күндөн көзү чагылышып ойгонуп кетти. Алгач кайда жатканын түшүнө албай турду да түнкү окуяны эстеп, мыйыгынан жылмайып, одарылып алды. Көзүн жарым жартылай ачып, бактылуу жымыйып көпкө жатты да акырын үн катты.
– Бема!
– ...
– Бүгүн мен эң бактылуу адам экенимди билген болсоң. А балким, билесиң, аа?.. Бем, не унчукпайсың? Уялып жатасыңбы? Мен сени күтүп жатам.
Жооп уга албагандыктан көзүн ачты.Өзүнө муңайым тигилип, чыканактай жаагын таянып отурган кызды көрүп, кайра көзүн ала качты. Анткени ал күткөндөй бактылуу жүз, нур чачкан каректер эмес эле.
– Келчи мага...- деди кучагын жая.
– Эмне кылып койдук экөөбүз, ыя? Не кылдык?! Кыздын үнүнөн жан ачыта турган арман, эч качан бүтпөй тургансыган күйүт, жан кейиткен өкүнүч угулуп кетти Азиретке. Башын жаздыктан көтөрүп, таң кала тиктеп калды. Бегимайдын каректерине жаш толуп мелт-калт болуп туруптур. Шашып кетти. Эмнеге? Эмне деп ойлонуп турат бул кыз? Кечээ эле баары башкача эле го...
– Кечээ түнү...- деп баштап келе жаткан жигиттин сөзүн кыз кескин бурду.
– Кечээ жаңылыштык болду. Мен токтотушум керек эле, токтото албадым.
– Бема, токтой турчу. Мен сага баарын мурун эле айтышым керек болчу. Бирок мен корктум, батына албадым.Адамдар өмүр бою өзүнө тиешелүү болгон адамды издейт экен. Мен дагы сени издегем. Мен азыр бул нерсени сөз менен айтып түшүндүрө албайм, бирок сен меники экениңди сезип турам. Жан дүйнөм, жүрөгүм, денем менен сезип турам. Сен дагы сездиң ошол нерсени. Болбосо кечээки түн болбойт эле. Биринчи жолу жолукканда эле, жо-ок, атүгүл интернет аркылуу сүйлөшүп жатканда сен меники экениңди сезгем. Анан жолуктук! Жүрөгүңдөгү так өтө терең экенин, мага азырынча орун жок экенин билдим. Бирок үмүтүмдү үзө албай жүрдүм. Аскатты ким өлтүргөнүн билгенде, балким, өзүнө келет деп ойлодум. Аны таап чыгам деп максат кылдым. Эми баары бүттү. Биз үчүн эми тагдырдын жаңы барагы ачылышы керек. Эми сени коё бербейм. Ортобузда дубал эмес,, бүтүндөй тоо турсун. Экөөбүз жеңебиз! Балким, азыр сени шаштырып жаткандырмын, өзүң билесиң го, мен аябай шашмамын. Баарын ойлонуп көр, а мен сени күтөм. Мүмкүнчүлүк гана берип кой, мен күтөм. Билесиң го, мен көпкө күтө алам. Азирет мындан артык сөз таба албады. Сезимин, ойлорун ачык айтты. Андан ары кантип түшүндүрүштү билбей жаагын сүрткүлөп отуруп калды. А кыздын көздөрүнөн мөлтүрөгөн жаштар тынбай агып жатты.– Сен ошон үчүн Азиретсиң да. Турган турушуң менен... Каалаган нерсеңе жетпей тынчыбайсың. Баары сен каалагандай болушу керек. Бул жолу да кайданжайдан пайда болуп, акыл токтотконго алымды келтирбей койдуң. Бирок...
– Сен мени сүйөсүң, өзүң да билбей жатасың азыр...
– Айтчы, сүйүү деген не? Эгерде мен Аскатты унутуп ушул жорукка барсам, анда сүйүү деген нерсенин өзү жомок экен да. Жаныңдан артык адамыңды унутуп туруп, анын арбагынын алдында көз жумуп туруп ушу жорукка барсам... Андан да жаманы, анын бир тууганы менен! Ушинтип эле жоголуп кете турган болсо, анда сүйүү деген нерсе жөн эле сөз тура. Кимдир бирөө жогортон бизди кыйноо үчүн гана ушу түшүнүктү жаратып койгондой... – Бемааа, алтышка, сага кантип түшүндүрөм? Аскат жок, кандай кылсаң да, эмне кылсаң да ал кайтып келбейт. А мен тирүүмүн го. Ал бере албаган, ал бере албай кеткен нерсени бере алам. Экөөбүз үйлөнөбүз, бактылуу болобуз. Ишенесиңби?..
Бегимай башын жай чайкап алды. Азирет эми чындап чыдамы кете тыбырчылап, жүрөгү булкуна согуп алдастайт.
– Билесиңби, кечээки түн керемет эле. Көптөн бери мындай сезим болгон эмес. А бирок билесиңби, ойгонорум менен мен ким тууралуу ойлодум? Мен ойгонорум менен “Аскат менен болсо, бултүн кандай болот эле?” деп ойлодум. Биринчи жолу эркек менен ойгонуп жатып да оюм ал тууралуу эмес, Аскат тууралуу болду. Азирет, түшүнчү, мен өмүр бою ушинтип салыштыруу менен жашагым келбейт. Өңү тамчы суудай окшош адам менен жашап, бирок ал Аскат эмес экенин ойлоо мага оор. Сенден башка адам менен аны батыраак унутушум мүмкүн. А сен менен аны унута албайм. Экөөң ушунчалык окшошсуң, бирок ушунчалык башка адамсыңар. Сенин жаныңда күнөөм эки эсе оор сезилет. Мен антип жашай албайм. Мен Аскатты сенин жаныңда унута албайм.
Азирет башын мыкчый отуруп калды. Ачуу, ыза, өкүнүч чогулуп келип башына тээп жиберди. Алдастаткан ачуудан улам менменсинген текеберлиги, намысы ойгонуп, тез чыйрала өзүн колго алды. Ордунан ыкчам туруп кийинип болду да, Бегимайга адатынча мыскыл тиктеп калды.
– Бемуль, сен өтө эле ашыкча ойлонуп кеттиң. Эс ал, бул жерде эч кандай драма жок. Мен сени жөн гана пайдалангым келген. Мени билесиң го, ушундаймын. Бүгүн сен, эртең Алина, бүрсүгүнү дагы бирөө... Бул нерсеге анчалык маани бериштин, атүгүл көз жаш төгүштүн кереги жок. Мындай түндөр акыркы эмес, мен үчүн. Баса, сен үчүн да акыркысы эмес. “Мына эми, Азирет, өзүңө келдиң” деп ойлоду ичинен өкүнүч аралаш. А көздөрү эч нерсе болбогондой, кадимкисиндей күлүңдөп, мыскыл жылмайып турду.
– Туура айтасың, балким, Аскат менен болгон түн өтө башкача болмоктур. Ким билет?- деп ийинин куушуруп койду.
– Азирет, жетишет, суранам сенден, эч нерсе дебе...- деди Бегимай жаш аралаш. Азирет ишенимдүү арыштап чыгып кетти. Эшиктин шарт жабылганын угуп, кыз елейип туруп калды. Жүрөгүндө бир коркуу сезими пайа болду.

xxx

Ушул окуядан кийин Азирет өзгөрүп кетти. Болгон күчүн, ызасын кыздар менен көңүл ачкандан, түнкү клубдардан чыгарчу болду. Мурун эле урушка жакын жаны эми күн сайын мушташмай, көзү көгөрүп келмей. Атасынын сөзү да, апасынын ыйлаганы да таасир эткен жок. Мариям гана энелик жүрөгү менен бул эркелик же көпкөндүк эмес, түпкү маселе башкада экенин сезип жатты. Азирет эртең менен ойгонсо, башы жарылып кетчүдөй болуп калган экен.
– Эй, бул үйдө жан адам барбы?- деди бийик үн сала. Эч ким жок экенин байкап сыртка чыкса, атасынын айдоочусу бир нерселерди кылып жүргөн экен.
– Азирет, Мариям эже Аскаттын мүрзөсүнө кетти. Ар бейшемби сайын эле барат го. Сени ойгонсо айтып кой деген эле. Ошондо гана апасынын “эртең куран окутуп келеличи, балам, Аскаттын күмбөзүнө” дегенин эстеди. Кийинип, жуунуп алып бейит башына жөнөдү. Келсе, апасы убараланып көчөт отургузуп жаткан экен.
– Бул эмне, апа?
– Ак кайың өстүрүп коёюн дедим. Көлөкө береби деп ойлоп...
– Уфф, апа, жердин алдында жаткан адамга көлөкөбү, көлөкө эмеспи, баары бир эмеспи.
– Мен уулум үчүн тирүүсүндө эч нерсе кыла албадым. Жок дегенде арбагы үчүн эми бир нерсе кылганга акым бар го дейм. А сен... Сага эмне болду? Сенин күйүтүңдүн себепчиси да Аскат болуп жүрбөсүн...
– Апа?!
– Эгерде баары мен ойлогондой болсо, сеники туура эмес, балам. Ал кыздын жүрөгү Аскат деп соксо, эгизи болгон үчүн эле сен деп согуп калбайт.
– Апа, мен сүйүүгө татыктуу эмесминби? Бул туура эмес, апа. Менин абалымды эч ким ойлогусу жок. Мен... Апа, ал “сени менен жашап, Аскатты ойлобой коюу
мүмкүн эмес
” деди. Мен ансыз жашай албайм. Ал болсо мени көргүсү жок. Билбейм, түшүнбөй калдым ал кызга. Эмне кыларымды билбейм. Айтчы, апа, кандай кылам? Ким күнөөлүү буга?
Мариям унчукпай уулунун чачтарынан сылай берди.

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
urmatm
2012-03-05 10:09:55
Качан аягына чыгаар экен ушул сериал куто берип тажап кеттим го
0
aliya-leyla
2012-03-05 11:00:40
Эми болор иш болуптур Бгимай качпай эле койбоптур...
0
adelima
2012-03-05 12:54:35
Уялбай жатып берип,мен ыразымын деп коюп эми ЭМНЕ КЫЛЫП КОЙДУК дегени эмне? Мурунурак ойлонуш керек да. Бул жон гана чыгарма болсо дагы,биздин жаштарыбызга сабак болуш керек.
0
kgz.girl_kgz
2012-03-05 16:55:57
Эх.х,Азирет...Азирет журокко буйрук бере албайт тура,"бир кем дуйно"да.
0
supeeri
2012-03-05 17:55:45
Кайдан билдинер жаман иш кылганын,балким жон эле жаткандыр ошого да кыз,бемарал балага отказ берип аткандыр бир жолуле пашадан,пил жасаганга усатсынар ээ тобааа!
0
adelima
2012-03-05 20:58:17
supeeri мурунку сандагы окуяны окуп анан комент бер анда
0
№ 487, 2-март - 8-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан