ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (5-мартан 11-мартка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын биринчи жарымында буга чейин чечилбей келген маселелер кайрадан көтөрүлөт. Айрымдардын карьерасына байланыштуу болсо, айрымдарга үй-бүлөдөгү мамилеге байланыштуу. Маселенин оң тарапка чечилүүсү сизден гана көз каранды. Аптанын экинчи жарымында бир катар оор иштер күтүүдө. Апта соңунда ден соолугуңуз кескин начарлап кетиши мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта башында жагымдуу маанай тартуулай турган алыс жолго чыгышыңыз күтүлүүдө. Апта ортосунда сүйүү мамилесине өсүп жете турган кездешүү болот. Ал эми түгөйлөр ортосунда майда иштерден улам түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн. Чырды ырбатпаш үчүн эмоцияга алдырбаңыз. Апта соңунда досторуңуз менен эс алууга убакыт табыңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын башталышында тобокелчиликке сала турган иштер чыгат. Коркпой, болгон күчүңүздү жумшасаңыз, жыйынтыгы көңүлдөгүдөй болмокчу. Ошондой эле жактырып жүргөн адамыңызга сүйүүңүздү билдирүүдөн тартынбаңыз. Апта ортосунда үй-бүлөлүүлөр пикир келишпестиктерге жол бербегени оң. Апта соңунда көптөн күткөн буюмуңузду сатып алууга мүмкүнчүлүк чыгат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптанын биринчи жарымында жумушта кесиптештериңиз менен түшүнүшүү оң жыйынтык берет. Бойдокторго сүйүктүүсү менен үй-бүлө куруу маселесин чечишип алууга ыңгайлуу учур. Аптанын соңунда жалган жалаа, ушактардын курмандыгы болупкөңүлүңүз чөгөт. Далили жок ушактар туугандарыңыздын сизге болгон мамилесин суутуп коюшу мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)
Бул апта бир топ оор кырдаалды жаратышы мүмкүн. Ага карабастан өз алдыңызча чечим кабыл алып, иштерди өз убагында бүтүрүүгө ашыгуунун кереги жок. Ден соолугуңузду начарлатып аласыз. Андыктан көп эмгекти талап кылган иштерди кийинкиге жылдыруу туура. Аптанын аягында материалдык чыгымга учурап калуу коркунучу бар.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Апта башталышында ишиңизге байланыштуу узак жолго аттануу күтүүдө. Жыйынтыгы жемиштүү болсун десеңиз, майда иштерге чейин көңүл буруу абзел. Апта ортосунда материалдык абалыңызды жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Уруш-талаштуу окуяга аралашуудан пайда таппайсыз. Андан оолак болгонуңуз оң.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын биринчи жарымы үйдөгү чарба иштерине көңүл буруп, тиричиликбуюмдарын сатып алууга ыңгайлуу. Ошондой эле акча жаатында алдамчылардын тузагына илинип калуудан сак болуңуз. Апта ортосунда алыскы туугандардан кабар келмекчи. Ден соолугуңузга да кам көрүңүз. Оорусу барлар дарыланбаса күчөп кетиши мүмкүн.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Мурда урушуп кеткен тааныштарыңыз менен мамилеңиз калыпка келет. Жумуштарды кийинкиге калтырып, ден соолукка кам көрүү зарыл. Апта ортосунда жол жүрүүдө зыянга учурап калбайын десеңиз, телефонго алагды болбой жүрүңүз. Апта соңунда көңүл ачуучу жайларга чакыруу түшсө, баш тартканыңыз оң. Себеби чыр пайда болуп, эс албай эле көңүлүңүз чөгүп кайтасыз деп эскертишет жылдыздар.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Алдыга койгон максатты ишке ашыруу үчүн майда-чүйдө иштерге алаксыбай, алдыга умтулуңуз. Аптанын экинчи жарымында жумушуңузда жетекчи менен пикир келишпестик жаралмакчы. Бирок жетекчиңиз сиздин оюңуз туура экендигине көнөт. Апта соңу үй-бүлөдө ата-эне менен баланын ортосунда түшүнбөстүктөр болуп, көңүл чөгүшү мүмкүн. Сүйүү жаатында мамиле түзүүнү көздөп жүргөн бойдокторду ийгилик коштойт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул апта ичинде майда, бирок пайдалуу бир топ иш бүтүрүүгө жетишесиз. Иш аткарууда кесиптештердин же жакындарыңыздын кеңешине кулак салуу ашыкча эмес. Апта ортосунда көптөн бери самаган буюмуңузду аласыз. Апта соңу көчөдө жүрүүдө эрежелерди сактоого аракет кылыңыз, болбосо жабыркап калышыңыз мүмкүн.

СУУ КУЙДУ (21.01-19.02)
Бул аптада иштериңизди бүтүрүү үчүн бирөөдөн жардам күтпөңүз. Өзүңүздүн гана күчүңүзгө ишенип аракет кылыңыз. Апта ортосунда акча жаатында сак болуңуз. Акчаңызды жоготуп же алдамчынын тузагына илинип, чыгымга учурап калышыңыз мүмкүн. Апта соңунда алыскы жолго чыгуу сиз үчүн кооптуу болгондуктан, андан баш тартканыңыз оң.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул апта сиз үчүн ийгиликтүү болмокчу. Баштаган ишиңиздин жыйынтыгы жакшы көрсөткүчтөргө ээ болот. Апта ортосунда жеке жашооңузда таарынышкан эски достор менен мамилеңиз кайрадан калыбына келет. Ошондой эле бойдоктор сүйүү жаатында издеген адамына кезигүүсү күтүлүүдө. Апта аягында үйүңүзгө коноктор келмекчи.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 487, 2-март - 8-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан