ЖАСМИНДИН ЧЫРЫ КҮЧ АЛУУДА

Жасминдин айтуусунда күйөө­сү аны документтерге кол кой деп башы-көзүнө ургулаган. Буга му­рун­ку жумада ОРТ каналынын көрүүчүлөрү “Доктор Курпатов” көрсөтүүсүнө Жасминдин телефон чалганын өз кулактары менен угуп күбө болушту. Анда ырчы кыз Жасмин болгон окуяны бүтүндөй башынан аяк айтып берип, доктордон психологиялык көмөк сурады.
Окуянын келип чыгуу тарыхына кайрылсак, ушул айдын башында ырчы кыз Москва шаарынын ооруканаларынын бирине катуу жаракат алып жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, ал баш сөөгүнөн жараат алып, мурду сынган. Андан сырткары ырчы кыз психологиялык шокко кабылган. Кийин ырчынын өз оозунан чыккан сөзүнө караганда, мындай жаракатка аны күйөөсү кабылтканы белгилүү болду.
Дарыгерлердин айтымында, азыр ырчы кыздын абалы бир топ жеңилдеп, өзүнө келип калган. Бирок, тилекке каршы, анын моралдык жактан көргөн азабы дале оор бойдон. Ошол себептенби же... айтор, ырчы кыз өлкөдөгү эң популярдуу болгон психотерапевт Андрей Курпатовго жардам сурап кайрылды. Доктор Курпатов өз ооруларын телефон аркылуу дарылабаса да, Жасмин үчүн телефон аркылуу жардам берүүгө аракеттенди.

«АБАЛЫМ БАРГАН САЙЫН НАЧАРЛАП БАРАТ...»
Жасмин.: – Мен жөн гана таарынган жокмун, бул таарыныч эмес, жок, менин аброюма катуу шек келтирилди,-дейт Жасмин. – Азыр менин өтө чоң маселелерим бар: биринчиси, келечегим кандай болот, менин күйөрмандарым, көрүүчүлөрүм эми мени кандай кабыл алат? Мен жөнүндө көргөн, уккандан кийин эми эмне деп ойлоп калышты экен, мен абдан уялып жатам... Мен эми эмне кылаарымды да билбейм.
Доктор Курпатов: – Азыр абалыңыз кандай?
Ж.: – Баары акырындап ордуна келе баштады. Ал эми ички абалымды сурасаңыз, барган сайын начарлап барат... Мен болгонун болгондой элге айтканым туурабы, туура эмес­пи, өзүм да биле бербейм. Мен эч качан өзүм жөнүндө болгон нерсени коомчулукка жарыя­лаган эмесмин.
Д.К.: – Жасмин, болору болду эми... бул факт. Азыр эң маанилүүсү – бул сиздин азыркы абалыңыз. Азыр сиз жашооңуздун башкалар ойлогондой бактылуу эмес экенин билип калышты деп бушайман болуп жатасыз.
Ж.: – Ооба, мен ар качан аны жашырууга аракеттенчү­мүн, оптимист болууга умтулчумун.

«МЕНИ АЛ КИШИ ГИПНОЗДОП АЛГАН»
Д.К.: – Баш кошууга никеңиздин туура экенине кө­зүңүз жетип бардыңыз бе­ле?
Ж.: – Мен анда өзүмдөн бир топ улуу, мага дүйнөнү белек кылууга да даяр болуп, мени сүйгөн адамдын пайда болгонун түшүндүм. Мен ошондон улам өзүмдү абдан бактылуумун деп ойлодум. Анан күйөөгө чыккан соң бир-эки жуманын ичинде мен элестеткен жомок да бүттү. Ал киши таптакыр башкача болуп өзгөрдү. Ал мен үчүн бардык нерсени өзү чече баштады. А мен болсо мага айткан нерселерди гана жасашым керек болду.
Д.К.: – Мисалы?
Ж.: – Мен ал айткан тамакты жеп, ал айткандай жатып-туруп, кийинишим керек болчу. Акыркы жылдары болсо, ал мага күнүмдүк эмне кыла тургандыгым жөнүндө план жаз деп кыйнады. Ушунчалык төмөндүккө чейин жетти. Бирок, мен бул нерсени норма катары эле эсептеп жүрдүм. Анткени, ал менден бир топ улуу, тажрыйбалуу, а мен болсо жаш, эч кандай тажрыйбам жок... Баары жакшы болот деп жүрө бердим.
Д.К.: – Ал кокусунан эле өзгөрүп кеткенде сиз коркпой коё албасаңыз керек?..
Ж.: – Мен дароо коркуп кеттим, бирок, ал туурасында ойлобогонго аракеттендим. Мен аны өзгөртөм деп ойлочумун.
Д.К.: – Сиз анын эмнесин өз­гөрт­күңүз келди?
Ж.: – Адилет болуп, өтө катуу болбоосун.
Д.К: – Кандай аракеттерди кылдыңыз?
Ж.: – Мен абдан ак көңүл, чынчыл болдум. Ал келгенде жайдары маанай менен тосуп алып, анын ишине маани берип, ишине да келип, кечки тамакка бирге барууга аракеттендим...
Д.К.: – Башкача айтканда, жакшы маанай түзгөнгө аракеттендиңиз?
Ж.: – Ооба. Бирок, ошентсе да мен ал кишиге өмүр бою гипноздолуп калгам.
Д.К.: – Мындан сиздин эки жашооңуз болгонун түшүнсө болот. Биринчиси, ага жаккандай Жасмин болуу, ошону менен бирге эле экинчи жагынан, кыйналып, азап че­гүү... Сиз үйбүлөңүздө ар качан роль ойногонго туура келдиби?
Ж.: – Ошондой..

«АГА ЖАСМИНДИН «ЖӨН ГАНА КҮЙӨӨСҮ» БОЛУУ ЖЕТИШСИЗ ЭЛЕ»
Ж.: – Ырчы болуу менин кыялым эле. Мен ар качан ырдап жүрчүмүн. Үйдөн да. Өзгөчө биздин досторубуз келгенде. Ошондо ага бирөө: “Сенин аялың таланттуу турбайбы!” деп айткан.
Д.К.: – Чынында эле сизди эмес, ушундай таланттуу аял таптың деп күйөөңүздү мактаган тура. Ошол себептен да ал дердейип калган го?
Ж.: – Ооба. Ошондон улам анын алдында максат пайда болду. Көрсө, бул киши шоу-бизнес дүйнөсүнө киргиси келип жүрүптүр. Бирок, кантип кирүү­нүн жолун таппай жүргөн экен. Ошентип, бул ишке экөөбүз тең кириштик. Ошондо мен жок дегенде бул жаатта өзүмдү эркин сезээримди түшүндүм.
Д.К.: – Мына ошондо өзүңүздү өзү­ңүз ачып, жашоонун жарык, кубанычтуу боло турган жагына үмүтүңүз пайда болгон тура?
Ж.: – Ооба.
Д.К.: – Ал үмүтүңүз эмне болду?
Ж.: – Жалган үмүт болуп чыкты. Мен аны дароо түшүндүм. Бүтпөгөн уруш-талаштар башталды. Ал мени уруп, тилдеди. Анын дайыма ар нерсеге өзүнүн ою бар болчу.
Д.К.: – Сиздин деле өзүңүздүн оюңуз болсо керек?
Ж.: – Мен унчукчу эмесмин.
Д.К.: – Сиз оюңузду айтчу эмессизби?
Ж.: – Укугум жок эле.
Д.К.: – Анткени, мунун баары эм­не менен бүтмөк...
Ж.: – Кейиштүү бүтмөк. Бир жолу мен ага муну ташта, болбосо барган сайын абдан агрессивдүү болуп баратасың дегем.
Д.К.: – Башкача айтканда, сиз ырчылыкты токтотоюн деп айттыңызбы?
Ж.: – Ооба. Мен үчүн биринчи орунда үйбүлөм, балам. Ал мага “Сен эмне, мен каражат коротуп, жасаган нерсени жаап салгың келип жатабы?” деди. Ошондо мен анын өзүн ким деп эсептеп алганын түшүндүм.
Д.К.: – Сиз анын ийгиликтеринин аспабы болгон турбайсызбы?
Ж.: – Ооба. Өзгөчө “Жасминдин күйөөсү” деген сөзгө көп терикчү.

«АЛ МАГА: «СЕН МЕНИН КУЛУМСУҢ» ДЕДИ»
Д.К.: – Ал сизди сахнада да көзөмөлдөп турчубу?:
Ж.: – Ооба, көзөмөлдөчү. Бирок, дал ошол мүнөттөрдө ал мага жакындай албасын билчү­мүн. Сахна – мен өзүм менен өзүм болчу жападан жалгыз жер болчу. Эгерде ага бирдеме жакпай калса, кесиптештеримдин алдында мени кемсинтип, урушчу. Бул эмне деген кыймыл, бутуңду туура эмес койдуң, туура эмес карап койдуң... Мен ал үчүн куурчак гана элем.
Д.К.: – Барган сайын бактылуу жашоо туурасында кыял өчүп бараттыбы?
Ж.: – Билесизби, эмне үчүн өчүп баратты? Анткени, мени менен иштеген адамдар аны менен күрөшүп отуруп чыдабагандан качып кетип жатты. Мен ошондо адамдардын да өзү­нүн пикири болоорун билдим. Демек, менин күйөөм дайым эле туура боло бербейт экен дедим.
Д.К.: – Сиз кимдир бирөө­лөр­дүн күйөөңүзгө жок деп, качып, же аны сындай аларын көрдүңүз. Баягы жашынып жүргөн Жасмин анын да өз көз карашы бар экенин, ойлогонго акылуу экенин түшүндүбү?
Ж.: – Мындай оор абалдан кантип кутуларымды билбейм.
Д.К. – Сиз бул акыркы жумада эмнелерди кылганыңызды түшү­нүшүңүз керек. Сиз бул жакка кантип келип калганыңызды айта аласызбы?
Ж.: – Анткени мен сабоого кабылдым.
Д.К.: – Эмне себептен?
Ж.: – Болгону “Мага кыйкырганыңды токтот” деген сөзүм үчүн. Ал мага: “Мен сени сатып алгам. Сен менин кулумсун. Ошондуктан, сени эмне кылсам өзүм билем” деп айтты.

«СЕМЕНДУЕВ МЕНИ БУРЧКА ТУРГУЗУП КОЙЧУ»
Ж.: – Биринчи жолу мен андан Италияда кетип калгам. Анда ал кимдир бирөөлөргө мени “тоюмда жөнөкөй эле көйнөк кийгем” деп айтыпсың деп дагы уруш чыгарып, мени бурчка тургузуп койду. Мен да коркконумдан турдум. Кыймылдагандан корктум, анткени, ал “кыймылдабай түз тур” деп буйрук берди. Мен коркуп тура бердим. Бир учурда мага “өзүң үчүн күрөш, сен күчтүү­сүң” деген ой келди. Барып, мен бурчта турбайм деп айт деп ичимден өзүмө айтып жаттым. Москвага келген соң кийимдеримди чогултуп, баламды алып агамдын үйүнө кетип калдым. Эки-үч күндөн кийин ал менден кечирим сурап, эч качан кайталанбасын айтты. Ыйлап, «мен сенсиз жашай албайм» деди... Ошондо балам: “Апа, сен атам менен жашабайсыңбы?”деп сураганына чыдабай, кайра макул болдум.
Д.К.: – Андан качан биротоло көңүлүңүз калды?
Ж.: – Мен Краснодарда концерт берип жүргөм. Ошондо ал мени абдан катуу сабап салды. Эч күнөөсүз жерден. Баарынан да коркунучтуусу, ал мени Москвадан толгон жансакчылары менен тосуп алды. Менин бардык жерим шишиген, мурдум сынган, көгала, бүт дене боюмда жарааттар. Эмне үчүн мындай тосуп алганын түшүнгөн жокмун. Бирок, ошондо бирдеме болорунан шекшидим. Жогору көтөрүлдүм. Ал мага чалып: “чай алып келейинби” деп сурады. Мен: “ооба, рахмат” дедим. Жарым сааттан кийин кирип: “Сени менен сүйлөшчү сөз бар” деди. Мен: “угуп жатам” дедим. Бир убакта чемодан-кейске окшогон чоң папканы алып келип, ичинен толтура кагаздарды алып чыгып, кол кой деди. А мен: “Бул эмне?” деп сурадым. “Ал сенин ишиң эмес, мен айтканды кыл, болбосо өкүнүп каласың.” Мен: ”Эмне үчүн мындай кылып жатасың? Мен келбедимби, мен үйдөмүн. Дагы эмне каалайсың менден?” “Жаса”. Мен: “Жок, мен жасабайм. Сен туура эмес кылып жатасың“ дедим. Ал мени желкеден кармап, отургучка отургузуп, столду жылдырып, башыма, желкеме ура баштады. Мен колум титиреп атып, көзүмдү жумган боюнча кол койдум. Анткени, мен анын айтканындай кылбасам, мени жок кыларын түшүндүм.
Бардык телефондорду чогултуп алып:”Сен эч нерсеге кол койбойм дебедиң беле? Мына, койбодуңбу?” деп шылдыңдап, жасаган ишине маашырланып чыгып кетти.
Бирок, ал менин сумкамда дагы бир телефон бар экенин көрбөй калыптыр. Мен таежеме мени дароо алып кеткиле деп sms кабар жөнөттүм. Агам милицияга тилкат жазып, келип мени алып кетишти. Ошентип, мен ушул жерге келип калдым.

«ЭГЕРДЕ БУЛ СӨЗҮБҮЗДҮ УКСА, КҮЙӨӨМ МЕНИ ӨЛТҮРҮП КОЙМОК»
Д.К.: – Жасмин, ажырашабыз деп ким чечим чыгарды эле?
Ж.: – Мен.
Д.К.: – Мен дал ушул нерсени – чечимди өзүңүз чыгарганыңызды түшүнүүңүздү өтүнөм. Көп жылдар бою чыдап, эки жашоону жашап, коркунучтан кыйналып, бирок бир мезгилде: “жок, мен мындан ары чыдай албайм, мен өзүм менен өзүм болгум келет” деген чечимге келгеңизди түшүнүүңүз зарыл.
Ж.: – Бирок, күйөрмандарыма мен эмне дейм?
Д.К.: – Көптөгөн жылдар бою сиз буларды сахнадан айтпоого аргасыз болгонсуз. Алдап деп айткым келген жок. Бирок, чынында болбогон жасалма образды тартууга аргасыз болуп келгенсиз. Башкача айтканда, төрт тарабы төп келишкен бактылуу кыздын образын чагылдырып келдиңиз. Азыр болсо чындыкты айта аласыз. Эмнеден уяласыз?
Ж.: – Сиздин оюңузча, мен эч нерсеге көңүл бурбай, өзүмө жаккан жумушумду аткара беришим керекпи?
Д.К.: – Эң негизгиси, чоң кубаныч сезимине батып, жеңилдеп, коркунучтардан тышкары болгонуңузду сезишиңиз керек. Анткени, сиз көптөгөн убакыт бою өз күйөө­ңүздөн коркуп жашап келгенсиз. Азыр эми сизди бирөөлөр туура эмес түшүнүп, жаман ойлоп калат деп жатасыз. Бул жөн гана коркоктукка көнүп калгандан. Азыр эң негизгиси жашоодон кубаныч жана эркиндикти сезе билүүңүз. Биз сиз менен жайбаракат сүйлөшө алабыз, сиз да бардык нерсени болгонун болгондой айта аласыз.
Ж.: – Ооба, бул бакыт...
Д.К.: – Сиз мурда ошенте алчусузбу?
Ж.: – Жок. Эч качан. Сиз менен сүйлөшкөнүмдү укса ал мени өлтүрүп салмак...

ЖАСМИНДИ ЭМИ ЭМНЕ КҮТӨТ?
Учурда укук коргоо органдары тарабынан Жасминдин күйөөсү Вячеслав Семендуевге кылмыш иши ачылганы тастыкталды. Бирок, бардыгынан да экөөнүн эки башка көрсөтмө бергени ишти татаалдантып жатат. Жасминдин айтуусунда аны чын эле күйөөсү сабап салган. Ал эми В.Семендуевдин айтымында бул провокация.
Жасминдин жанында жүргөн­дөрдүн айтымында, Семендуев аялы анын көзүнө чөп салганы үчүн мындай ишке барган. Алардын айтымында, Вячеслав дагестандык эрежени катуу сактаган күйөө болгондуктан, аялына балам бар деп айттырбай, сахнага чыкканда да ачык кийинбе деп көзөмөлдөп турчу экен. Ошондой эле ага атайын өзү ишенген жансакчы дайындаган. Жасмин дайыма ал жансакчынын көзөмө­лүндө болуп, ал менен күйөөсү­нөн да көп чогуу жүрүшчү экен. Бардык гастролдордо бирге болуп, жанынан карыш жылбаган бул жансакчыдан шектенгендер Семендуевге дароо көзүңө чөп салып жатат деп жеткирип, атайын аны аңдыш үчүн киши да жалдайт. Жас­мин­дин баскан-турганын көзөмөлгө алган тыңчы киши баарын сүрөткө тартып алып, күйөөсүнө далилдеп берет. Ошондон улам жини кашайган күйөө бардык болгон документтерди жыйнап, болгон мал-мүлкүн талашпасын деп аялына кол койдуруп алат. Ошентсе да Жасмин бир тыйынсыз калат деп айтууга болбойт. Анткени, ал күйөөсү менен ажырашса, анын өзүнүн да, күйөө­сү менен бирге ачкан да банктык эсептери бар экен. Андан сырткары Жасмин жеке ишкер катары катталып, күйөөсүнөн сырткары да киреше алып турат. Анын атына бир канча кымбат баадагы автомашина катталган. Демек, кантсе да өз ишин улантууга анын кудурети жетет болушу керек.
Кээ бирлери «Жасмин оңой эме-ес. Ал атайлап ушундай жаңжал чыгарды. Шоу-бизнес деген – бул чоң интрига» да дешет...
Айтор, «эл оозунда элек жок» дейт эмеспи. Вячеслав шектенген баягы жансакчы болсо жерге житип кеткендей жок, качып жүрөт имиш.
Албетте, кайсынысы чын, кайсынысы калп, ким билет?! Акыркы сөз албетте, укук коргоочуларда.

«КП»,
Даярдаган Карим Нур

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Rostov-on-Don
2012-11-17 00:41:54
супер фильм го документальный.
0
№ 196, 4-10-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан