ЧОҢ САХНАНЫН КИЧИНЕКЕЙ ЖЫЛДЫЗДАРЫ

Сауле

8 жаштагы Сауле №56 орто мектептин 2-в классында окуйт. Сауле математика жана этика сабагынан жакшы окугандыктан, быйыл ага мектептеги уюштуруу топ “Математика ханышасы” деген ат ыйгарышкан. Апасы менен таенесинин эркетайы болгон ырчы үйдө өзүнүн бөлмөсүн жыйнаганды гана билет. Сауле ”Көз таңмай” оюнун жакшы көрөт.

Репертуарында “Жаңы жыл”, “Осень”, “С днём рождения”, “Жылдыздар”, “Апакем” жана башка ырлары бар.

Иса

13 жаштагы Иса азыр №40 орто мектептин 9-б классында жана №4 музыкалык мектебинде билим алат. Жакшы көргөн сабагы алгебра. Ал эми жаман көргөнү – геометрия. Үйүндө болсо бөлмөлөрдү чаң соргуч менен тазалайт, пол жууйт. Ал эми курсагы ачканда картошка, жумуртка кууруп жана тез даярдалчу “Роллтон” кесмесин жасап жейт.
Репертуарында “Көк жылгаяк”, “Ай, эжеке”, “Еду”, “Алгач сүйүү” жана башка ырлары бар.

Сайкал

Эки ай мурун чоң сахнага чыккан 9 жаштагы пародист Сайкал учурда №82 орто мектебинин 2-а классынын мыкты окуучусу. Мектепте англис тилин сүйүп окуганы менен дене тарбия сабагын абдан жаман көрөт. Ал эми үйдө болсо апасынын оң колу. Ашканада жаш экенине карабастан фунчёзаны, картошканы даамдуу жасай билет. Болгону үй жумушунан кир гана жуубайт.

Сахнада Бактыгүл Бадыева, Айгерим Расул кызы, Кундузду туурап келет.

Эмир

Кичинекей ырчы Марлисбек уулу Эмир 13 жашта. Учурда Герман Гмайнер атындагы немец мектебинин 8- классында окуйт. Эмир кол эмгек, англис тили, биология сабактарын жакшы көрөт. Апасынын колу бошобой жатса идиш жууп жардам берет. Эмир келечекте ырчы эмес, атасынын бизнесине жардамчы болгусу келет. Сахнада бир жарым жылдан бери жүргөн Эмир баскетбол жана теннис ойногонду жактырат.

Репертуарында “Келечекте мен”, “Ди-джей кыз” дуэттери, “Маяк” ырлары бар.

Малика-Дина

“Алма шагынан алыс түшпөйт” дегендей, Динара Акулованын кичинекей кызы 13 жаштагы Малика-Дина учурда №67 орто мектептин 8-г классынын окуучусу. Ырчы кыз кыргыз тили, орус тили сабактарынан жакшы окуйт. Бош убактысында жөн турбастан латын, чыгыш, заманбап бийлерин өз алдынча үйрөнөт.

Репертуарында “Айыл кечи”, “Апакем” жана башка ырлары бар.

Мажит

11 жашынан тарта чоң сахнада жүргөн, 14 жаштагы парадист Мажит №82 орто мектептин 7-б классынын окуучусу. Мектепте мыкты окубаса да, окуучулар арасында популярдуу. Өзү айткандай, үйдө эркектин жумушун апасына же карындашына такыр жасатпайт. Ушул күнгө чейин жаш жылдыз бир эле жолу картошка, анан жумуртка кууруп жеген.

Мажит Ильяз Абдыразаков, Мирбек Атабеков, Съездбек өңдүү ырчы байкелерин катыра туурап келет.

Бактыгүл Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 328, 13-19-февраль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан