ОЛИВЕР КАН

АТАСЫНЫН КЕСИБИН АРКАЛАГАН УУЛ

Оливердин атасы Рольф өз мезгилинде өтө таанымал футболчу болчу жана ал Карлсруэнин «КСЦ» клубунда 1963 -жылдан 1965-жылга чейин ойногон. Белгилей кетчү нерсе, Карлсруэ стадиону Кандардын үй-бүлөсү жашаган жерден болгону бир жарым чакырым гана алыстыкта болчу. Кийинчерээк Рольф Кан өзүнүн баласынын машыктыруучусу жана кеңешчиси да болуп жүрдү.
Өзүнүн мыкты дене түзүлү­шүнө, саламаттыгына карабастан, Оливер Кан эч качан ФРГнын жаштар курама командасына кирген эмес. Ал эми «Карлсруэ» командасында болгону запастагы гана дарбазачы эле. «Менин максатым бирөө гана. Ал 23 жаштан кеч калбай негизги курамга кошулуу» деген өзүнүн интервьюларынын биринде Оливер. Мындай мүмкүн­чүлүк ага 1990-жылда берилди. Анда «Карлсруэнин» 1-дарбазачысы Александр Фамулла бир нече начар оюн көрсөтүп койгон эле. Оливер пайда болгон мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, өзүнүн мыкты оюнун көрсөтөт. Анын чеберчилигинин артынан “Карлсруэнин” футболчулары бир кыйла ийгиликтүү ойноп калышкан. 1993-жылы анын командасы УЕФАнын Кубогуна чыгуу укугун алып, бул ардактуу сыйлык үчүн болгон күрөштө алар жарым финалга чейин жетет.
Ошол эле жылдын октябрь айында Оливер алгачкы жолу Германия командасынын курамына чакырылат. Бирок, 1994-жылы немис журналисттери аны «Жылдын мыкты дарбазачысы» деп тандагандыгына карабастан, дагы беш жыл бою ал запастагы дарбазачы ролуна канааттанып келген.

БИРИНЧИ ДАРБАЗАЧЫГА АЙЛАНУУ

Оливердин карьерасындагы чоң өзгөрүү 1994 -жылга туура келет. Бул жылы ал «Карлсруэден» немистердин бардык мезгилдердеги күчтүү командасы - мюнхендик «Баварияга» өткөн. Айта кетчү нерсе, бул акциясы үчүн мюнхендик клуб «Карлсруэнин» банктык эсебине ал мезгилдеги эң чоң суммадагы акчаны - беш миллион марка которгон. Ошол замат Оливер мюнхендик клуб­дун көп жылдардан бери келе жаткан биринчи дарбазачысы Раймонд Ауманнды сүрүп чыгарды.
1995 -жылы Оливер көптөн күткөн тилегине жетти. Ага Швейцария жана Грузия курама командалары менен болгон эки матчта Германия курама командасынын дарбазасын коргоо милдети тагылды. Бирок, 1996-жылдагы Европа чемпионатында жана 1998-жылдагы дүйнө биринчилигинде ал кайрадан эле запаста отурууга аргасыз болгон. Курама командадан Анди Кёппке кеткенден кийин гана Оливер Кан №-1 - дарбазачы болуп калды.

ЭҢ МЫКТЫ ЖЕТИШКЕНДИКТЕР

Эң ири ийгиликтерине Оливер мюнхендик «Бавария» клубунун курамында жетишти. Андан бери төрт жолу 1997, 1999, 2000 жана 2001-жылдары ал Германиянын чемпиону болгон. 1996 -жылда болсо Оливер «Бавария» менен бирге УЕФА Кубогун жеңип алат. Ал эми 1996- жылы өлкөнүн Кубогунун ээси болот. 1999 -жылы «Бавария» Европа чемпиондорунун финалына чыгат. Анда алардын атаандашы англиялык атактуу клуб «Манчестер Юнайтед» болгон. Бул жолугушуунун бүтөөрүнө эки мүнөт калган мезгилде мюнхендик футболчулар 1:0 эсеби менен алдыда келе жатышкан. Бирок, аягында 1:2 эсеби менен утулуп калышкан. Футбол сүйүүчү­лөрдүн эсинде бул матч узакка эсте калды болушу керек. Ал эми кийинки жылда эле Чемпиондор лигасынын финалына дагы бир ирет чыккан «Бавария» кошумча мүнөт­төрдөн кийин, 11 метрден топ тебишүүнүн натыйжасында, «Валенсияны» жеңип алган. Бул матчтын баатыры деп коркпой эле Оливерди атасак болот. Ал атаандаштарынын үч тобун тосуп, дарбазага киргизген эмес.
1999 -жылы Оливер Кан дүйнөнүн мыкты дарбазачысы деп табылган. Ушул эле жылда, ага чейинки жана андан кийинки жылдарда болсо ал Германия командасынын мыкты футболчусу наамын алган.

ИШКЕ АШПАГАН АКЫРКЫ МАКСАТ

Ошондой болсо да Оливер Кан өзүнүн акыркы максатына жете албады. Ал 2006-жылы Германияда, өз жеринде өткөн дүйнө чемпионатын утсам деп көксөчү. Бирок, Германия курама командасы быйылкы биринчиликтин жүрүшүндө чыныгы чабуул оюнун, мыкты команданын үлгүсүн көрсөтүп келгендигине карабастан, башкы максатына жете албай калды. Финалга карай бара жаткан жолдо немистер чемпионаттын мыкты командаларынын бири Аргентина командасын да утту. Бирок, жарым финалдык матчта алардын жолун болочок чемпиондор - Италия командасы бууп токтотту.
Кан мыкты оюн көрсөтүү менен бирге, өтө орой ката кетирген учурлары да болгон. Айтсак, 2002-жылдагы футбол чемпионатынын финалында ал дарбазасына эки гол киргизип жиберген. Ал эми 2003-2004-жылдардагы сезондо «Реал» менен болгон 1/8 финалдык беттешүүдөгү анын катачылыгы команданы артка тарткан. Анын себебин футболчунун жеке маселелери менен байланыштырышат. 2003 -жылдын күзүндө ал аялы менен ажырашып, өзүнөн он жаш кичүү кыз менен мамиле түзүп кеткен. Бул окуя эл арасына кеңири жайылып кетип, Кандын өзүнө көптөгөн маселелерди жараткан. Оливердин ажырашкан аялынан Катерина-Мария аттуу кызы, Дэвид аттуу уулу бар. Футболчунун хоббиси: гольф ойноо, китеп окуу.

СПОРТТОГУ ЖЕТИШКЕН ИЙГИЛИКТЕРИ:

  • Германия Кубогунун жеңүү­чүсү (1998, 2000, 2003, 2005-жж.)
  • УЕФА Кубогунун ээси (1996)
  • Европа чемпиону (1996)
  • Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү (2001)
  • Дүйнөлүк биринчиликтин финалисти (2002)
  • Германиянын мыкты дарбазачысы (1994, 1997, 1999, 2000, 2001, 2002-жж.)
  • Германиянын мыкты оюнчусу (2000, 2001-жж.)
  • Европанын мыкты дарбазачысы (1999, 2000, 2001, 2002-жж.)
  • Дүйнөнүн мыкты дарбазачысы (1999, 2001, 2002-жж.)

Даярдаган Медер Тентимиш уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 196, 4-10-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан