СҮЙҮКТҮҮҢҮЗГӨ СҮЙҮҮҢҮЗДҮ БИЛДИРИҢИЗ

Эркин Эгембердиев, актёр: «Чүрөгүм, сага»

Сүйөм дейм, жаным, жан тиштеп,
Сен ишенбейсиң, “о-ой, артист” деп.
Сүйүү эмне, мага классташпы?
Же артист жүрөгү пластмаспы?
Эми ишенчи, кабыл алчы сүйүүмдү!
Эки сөз ыргытам, тосуп ал.
Сүйөм, сүйөм дегенден талбаймын,
“Суперден” супер сүйүүмдү сага арнаймын.
Жаным, жаным, менин чүрөгүм,
Мен сени чексиз сүйөмүн!

Даниель, ырчы: «Садагам, арзуум сен үчүн»

Арзууларым сага арнагам, садагам,
Айдай сулуум, албай карек кадагам.
Жамалыңда түгөл экен сулуулук,
Жүрөгүмө берип турган жылуулук.
Бир өзүңсүң жүрөгүмдөн орун алган,
Оргуштап сүйүүм булак ашып турган.
Эми мен оролупмун махабатка
Жүрөгүм бир өзүң деп сыздап турган.
Бактымсың бар жашоомдун байлыгы
Сен бар кезде сезбейм эч бир кайгыны
Сагынамын бир күн эле көрбөсөм
Сезимимдин сендейт ар бир кайрыгы.

Назира Жетигенова, куудул: «Кидальшикке арнайм»

Ар бир адам сүйөт экен,
Сүйүү отуна күйөт экен,
Сүйүп жүрүп сүйгөнүмдөн айрылдым,
Жүрөгүмдү жараладың, ардагым.
Сен экөөбүздү кошпогон көп нерсе турат. Бирок эркектик кылып бул тоскоолдуктардан өтө албадың. Эмдиги жолу жүрөгүмдү аяйынчы. Ээ, жигиттер, эми менин жүрөгүмдү алдачу болсоңор, ойлонбой туруп жалпайта урам.

Канат Бегалиев, спортчу: «Өмүрлүк жарым Айпериге»

Керилген кер маралдай менин перим,
Келбетиңе теңдеш көрбөй мен келемин.
Сени сүйөм, сүйөм, бирок ичимден,
Жалгыз гана бир өзүңдү сүйөмүн.
Сүйөм сени, сүйгөндүгүм сүттөн ак,
Сени сүйгөн тагдырыма рахмат.
Кубулжуган үнүңдү сүйүп калгам,
Насаат айткан акылыңды сүйүп калгам.
Балбылдаган көздөрүңдү сүйүп калгам,
Таза, тунук жан дүйнөңдү сүйүп калгам.
Бир өзүңдү бир өзүмө буюрган,
Кудайыма миң мертебе рахмат айтам.
Кыздарымдын кереметүү энесисиң,
Кыздарым энесинен кемибесин.

Ильяз Абдыразаков, ырчы: «Сүйүү мени көрбөй жатат»

– Негизи, мен сүйүү бар экенине ишенем, бирок бул ыйык сезимге кабыла элекмин. Ага жолукканда жомоктогудай бир нерсеге кабылам деп ойлойм. “Сүйүүнүн көзү сокур” демекчи, сүйүү сокур көзү менен мени көрбөй жаткан го. Балким, сүйүү көзүнө лупа менен көз айнек тагынганда мени көрүп калар. Мен ошондо арзуумду даңазалап сиздердин гезит аркылуу бүт элиме “мен сүйүүмдү таптым” деп айтам. Табар замат шакек сунуп, өмүрлүк жар болууну сунуштайм. Ыйык Валентинден мен өзүмө ыйык сүйүү суранам.

Мирлан Ибраимов, спортчу: «Бегимай, бул саптар сага арналат»

– Сүйүү күнүнүн келишине чыдабай алдын-ала Баткенге барып сүйгөн кызым Бегимайга 700 дана роза гүлүн белек кылдым.

Магдырап мас боломун махабатка,
Атыңды атап улам кайра-кайра.
Атиң, ай, акын болуп жаралганда,
Чеп курмакмын ыр сап менен айланаңа.
Туш кылды экөөбүздү Алла Таалам,
Түбөлүк бешенеме сени жазган.
Көз карашың көңүлүмдү буруп алды,
Издебейм таттуу сөздү башкалардан.

Кенже Дүйшеева, ырчы: «Махабат менен сырдашам»

– Жан дүйнөмдүн кубанычы болгон махабат! Мен бүгүн сени менен сырдашууга келдим. Сен баягыдай эле тазасың, сулуусуң, аруусуң! Бизди курчап турган кыянаттык, көрө албастык, кайдыгерлик канчалык көбөйбөсүн, мени бир гана сен сатпадың, көңүлүмдү оорутпадың, жүрөгүмдү сыздатпадың. Махабат, сен улуу сезимсиң. Мен сени булгап алуудан корком. Сен бул жашоодо кандай таза болсоң ошол бойдон калууңду суранам. Жүрчү, эч кимдин бутун баспай алыстарга кетели.

Бактыгүл Бадыева, ырчы: «Сүйгөнүмө»

– Мына эми, көптөн күткөн сүйүүм келди. Ошол сүйүүмдү ачык айтуудан эч танбайм да, тажабайм. Сүйүшкөндөрдүн күнү деп Валентин күнүн көп адамдар күтөт. Мен да ошолордун катарында ушул күнгө чейин ыйык сүйүүнү күтүп келгем. Учурдан пайдаланып сүйүшкөндөр күнүндө “Супер-Инфо” гезити аркылуу сага деген ыйык сезимимди билдиргим келет. Менин көптөн күткөн сүйгөнүм сага арнаймын бүт эркимди. Ардагым менин, акылманым, өзүң менен бирге өтсө деймин өмүрүм. Жан адамга арнабаган сезимимди жалгыз гана бир өзүңө арнаймын.

Сенин сүйүүң, менин сүйүүм тоодон аккан тунук булак,
Ал булактар агып келип чоң дайрага куюлат.
Эгер калса ошол дайра соолуп,
Жалгыз жашоом күүгүмдөнөт тунжурап.

Акбар Сүйүнбаев, ырчы: «Сүйгөн кызым, сага арналат»

Сүйчү мени, мен да сени сүйөйүн,
Сен деп жашап, сен деп өмүр сүрөйүн.
Сени эстөөдөн мурда качып турчу элем,
Азыр эми сен деп согот жүрөгүм.
Сен деп соккон жүрөгүмдү алдаба,
Азап тартып, арман суусун кечпейин.
Бүт ааламга, жер жүзүнө жар салам,
Сендик сүйүүм, жүрөгүмдөн кетпегин.
Сенин барың мага бакыт, албетте жогуң арман,
Бакыт шамын дайым жагып жүрчү,
Жан дүйнөмө болуп дарман.
Маңдайыма өзүңдөй жанды жазып койгон үчүн бактылуумун.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 328, 13-19-февраль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан