ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга)

(Башы өткөн сандарыбызда)

Врачтын жыйынтыгы чыккан жука барак Бегимайдын колунда дирилдеп, ансыз да чоң көздөрү чанагынан чыга жаздайын деп отуруп калды. “Кош бойлуу!” Врачтын сөздөрү кулагына жаңырып жатканы менен, бул түшүнүктү акылы, сезими таптакыр кабыл ала албай турду. Кызыгы, ушул абалында да биринчи оюна келген адам Аскат болду. “Аскат, не кылып койдум? Кантем?” деп жатты чырылдап көмөк издей. Өңүнөн кетип, тизелей отуруп калган жаш кызды кимдир бирөө аяй карап, экинчиси кызыга тиктеп өтүп жатышты. Бегимай эптеп машинасына жетти да, башын рулга жөлөй отуруп калды. Дагы деле аң-таң... “Ушундай да болушу мүмкүнбү? Бир гана түн! Мен тагдырдан качканым менен, баары бир Азиретке тартылып жатам. Азирет муну билиш керек!” Оюна ошол нерсе келгенде сүйүнүп кетти. Дароо телефонун тере баштады.
– Азирет, мен сага тез жолугушум керек. Бир жагдай болуп калды.
– Аа, жакында учат деп уктум эле сени. Не болду анчалык шашылыш?
– Бул... бул телефондон айтыла турган сөз эмес.
– Алина экөөбүз кафеде отурган элек. Бизде да бир чоң жаңылык бар. Бирок аны Алина өзү айтсын.
Кезикчү жерди болжошкон соң телефон коюлду. Бегимай машинасын айдап жөнөдү. Дал ушул күндөгүдөй, ушундай эч качан ашыкпаса керек. Ичиндеги бир күч аны алып учуп, жүрөгү бир нерсени сезгендей аптыгып шашып баратты. Машинадан чыгары менен өзүнө кучак жая чуркаган Алина көзүнө урунду.
– Ураа-а! Бема, Бемуль, мен кандай бактылуумун! Мен... Азирет экөөбүз ушул айда үйлөнө турган болдук...- деп келип кучактап калды.
– Ыя? Алишка, не дедиң?
– Бизди куттуктасаң болот, мына, Азирет мага шакек салды...
Булар не деп турат?! Чынбы?” Бегимай эңги-деңги болуп эч нерсе айта албай, буттарынан ал кетип теңселе түштү.
– Бема, сага эмне болду?- деп чебелектеген Алина сууга чуркап кетти. Өзүн тынчсыздана тиктеп турган Азиретке Бегимайдын көздөрү туташа түштү.
– Ушундай дечи,- деди эриндери араң кыбырап. – Сенин сүйүүң ушунчалык эле беле? Ушунчалык туруксуз, кыска беле?
– Ооба, дал ошондой болчу.
– Мен... мен дагы кечигип калдым.
– Эмнеден?
Эрдин кесе тиштеген кыз муңайым жылмайганы менен, көздөрүндө жаш мөлтүлдөп баратты.
– Мен дагы кечиктим. Мен дайым эле кечигип басып жүрөм. Апам, атам, досторум, баары “кечигип эле жүрөсүң, Бема” дешип ушул сапатымды жактырышчу эмес. Аскат гана канча кечиксем да күтүп, кышында тоңуп, жайында акактап, токтоо жылмаюусунан жазбай тура берчү. Ал жок эми... Андыктан бир жолу кечикпейин деп катуу ашыккам, бирок болбоду.
Кыз өксүп ыйлап жатты. Азирет да ыйлады. Кучакташып ыйлашты. Бири оозунун учунда турган “сен экөөбүз балалуу болобуз” деген сөздү айта албай, бири “мен сени чексиз сүйөм” дегенди айта албай ыйдан күчүн чыгарып жатышты. А сыр ошол боюнча айтылбай калды.
Азирет менен Алинанын тою болду. Колуктунун курбусу болгон Бегимай ошол күнү көркөм да, ары муңайым да болчу. Эртеси эле күнү аны жакындары, Азирет, Алина болуп аэропорттон узатып кала беришти. Чет өлкөдөгү Бегимайдан каттар келип жатты. Жакшы иштеп жатканы, ден соолугу, окуусу тууралуу кенен жазчу. Азирет өзү да байкабай андан кабар күтөр эле. Күндөрдүн бир күнүндө Бегимайдан таптакыр кабар болбой кетти. Анткени ай-күнү жакындап калган эле.
– Уул!- деп кубанычтуу үн каткан акушер айым бети тамылжыган Бегимайдын көкүрөгүнө баланы жаткыра берди. Уулун абай караган Бегимай аргасыз жылмая берди. “Аскат!” деди ичинен. “Атын Аскат коём!

xхх

Окурман, ушинтип баяныбыздын акырына чыктык. Мен автор катары бул окуянын реалдуулуктан үлүшү бар экенин айтып кетүүнү парз көрдүм. Муну менен окуя бүтүшүн силер да каалабасыңарды билем. Кудай кааласа, кийин да бул ашыктык баянын улантабыз деп ишенем.

(Аягы)

Жолдошбек
Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
kany.
2012-03-19 22:47:45
сураныч автор уландысын жакын арада чыдамсыздык менен кутобуз.
0
info
2012-03-20 12:44:51
kany., уландысы болбойт, себеби бул бөлүк сериалдын аягы!
0
Bahtin
2012-03-19 23:00:49
Ээккк... ушинтип бутуп калабы????!!!!
0
Gulzina_91
2012-03-20 00:18:53
ушинтип бутуп калды ээ
0
Aigolok
2012-03-20 04:34:16
Avtor, ylandysyn chidamsizdik menen kytobyz. Yshyndai sonyn chigarmaniz ychyn chon Raxmat!
0
sanchik
2012-03-20 05:49:27
menin abdan kulkum keldi, toboo, uwun4alyk da kyzygyp okuysunarby eee? men dele kutup okuym birok siler4ilep kaygyryp, tuywolboym dele! maga baarybir kanday butkonu, bul oidon 4ygarylgan jomok da tuuraby? mynday jomoktu ar bir adam oilop taba alat birok owo oilop tapkanyn korkomdop jazuu oor!
0
maksimus
2012-03-20 10:56:18
uwu super infonun jazuuchulari kiziktai. bawi jaksi ele bawtalip jaksi ele ulanip barip ele ayagin tuwunuksuz jiyintigi jok buturuwot. je kaira jaziwpait. idea tappai kalbai emne . tan kalichtuu
0
bermi
2012-03-20 13:14:59
((((( emne uchun(((((
ulandisin chydamsyzdyk mn kutooom urmattuuu avtor))))
0
elnnura
2012-03-21 04:08:34
эх жакшы бутподу.эми чет жерде баласын кантип чонойтот болду экен
0
dinamo
2012-03-22 14:27:31
....Беманын келечеги не болот эми?? аягы кызыкзыс болуп калыптыр гооо
0
isana
2012-03-22 19:13:24
Аягы кызыксыз болуп бутуп калдыго. Уландысын кутобуз. Уландысы качан чыгат болду экен?
0
eka555
2012-03-23 17:11:35
эми кино тартса болгудай. негедир аягы ушундай болот деп ойлоп койдум эле. эгер уландысы жазылса анда Бема эгиз торойбу. (тамаша). мен да чыдамсыздык менен кутом уландысын!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
akusya
2012-03-24 13:08:45
улагыла эуу улагыла а то ыйлай берип мен жинди болом го экооо чогу болсунчууу... (((
0
Dina_85
2012-03-25 07:14:07
Мен чыгарманын уландысын чыдамсыздык менен кутом. Авторго ыраазычылык билдирем.
0
mikasik
2012-05-07 02:24:47
чыгармадагы окуянын журушу белгилуу эле бир кримавторитеттин жашоосуна окшош экен,аябай...же мага ошондой сезилип жатабы?
0
dinkas
2013-09-13 16:11:47
Абдан сонун чыгарма экен баашынан баштап издеп таап окуп чыктым кызыгып. Кино тартса болчудай экен
0
№ 489, 16-март - 22-март, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан